Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Диний тема кылдаттыкты талап кылат


Иллюстрациялык сүрөт.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия диний теманы чагылдырган журналисттерди кылдат болууга чакырып жатат.

​Ошол эле учурда диний мазмундагы берүүлөр, каналдар, сайттар көбөйүүдө. Арасында мыйзамга дал келбеген чакырыктар да болуп турат.

Саны өскөн каналдар

Кыргызстанда дин - социалдык, маданий жана руханий өнүгүүнүн негиздеринин бири. Мамлекетте диний ар түрдүүлүктү жайылтуу үчүн тоскоолдук жок.

Бишкектеги Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин 2018-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, учурда Кыргызстанда ТВ, гезит-журнал жана интернет сайттар кошулуп, жыйырмадан ашуун диний мазмундагы канал иштейт. Социалдык желелердеги атайын барактар, "Ютубдагы" каналдарды кошкондо 50гө чамалашы мүмкүн. Анын баары каттоодон өткөн, басымдуу бөлүгү мусулманчылык багытында.

Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, Кыргызстанда элдин 30 пайызы диний мазмундагы маалымат каражаттары тууралуу билишет. Адамдардын арасында “Ислам ажары”, “Ислам маданияты” гезиттери, “Золотой родник”, “Умма”, “Ак Башат” журналдары, “Марва ТВ”, “Насаат Медиа”, “Аян ТВ” видеоканалдары, Каухар радиоканалы популярдуу. Булардын баары 2013-2014-жылдардан кийин ишмердигин кеңейте баштаган.

Мунун ичинде “Насаат Медиага” "Ютубда" 420 миңдей адам катталган, “Марва ТВнын” көрөрмандары 3 миңден көп, “Каухар студиясына” “Фейсбукта” миңден ашуун адам жазылган. “Умма” журналынын “Фейсбуктагы” окурмандары 20 миңге чукулдайт.

Башка диндердин ишмердигин жайылтууга багытталган маалымат каражаттары деле бар. Мисалы, “Ок” радиосунда христиан динине ыктаган берүүлөр көбүрөөк эфирге узатылат. Андан тышкары, протестанттардын, баптисттердин, “Жахабанын күбөлөрү” агымындагылардын да “Чыныгы ишеним”, “Сенин жолуң”, “Православ дүйнөсү” аттуу гезит-журналдары белгилүү.

Кыргыз медиасындагы дин

Бүгүнкү кыргыз медиасында дин темасы кандай чагылдырылып жатканы жөнүндө эксперт Канатбек Мурзахалиловдун пикири:

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

- Динди жайылтууда медианын ролу бир кылка эмес. Маалымат каражаттарынын, сайттардын, социалдык желедеги каналдардын дараметин мамлекеттик органдар да, диний уюмдар да пайдалана албай жатышат. Дээрлик ар бир телерадиоканал, гезит-журнал, сайттар дин темасын өздөрүнүн түшүнүгүнө, каалоосуна ылайыкташтырып эле чагылдырып келатат. Андан тышкары, дин темасы - элди кызыктырган темалардын бири болгондуктан, маалымат каражаттары аны угармандардын, көрөрмандардын жана окурмандардын арасында популярдуулукка жетишүү максатында да колдонушу мүмкүн. Маалымат каражаттары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өтөт. Бирок каттоодон өтүүнүн механизмдери аягына чейин чечилген эмес. Эч бир маалымат каражаты “диний” деп катталган эмес, бирок динди чагылдырганы үчүн реестрге киргизилген,- деди Канатбек Мурзахалилов.

Мамлекеттик саясат

2014-2020-жылдарга Кыргызстанда Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясында маалыматтык саясат да өзүнчө көрсөтүлүп, төрт пункт менен белгиленген. Алардын кыскача мазмуну төмөнкүчө:

- Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан басма сөздөгү, телерадиоберүүлөрдөгү диний мүнөздө жасалган материалдарга мониторинг жүргүзүлөт. Талдоонун жыйынтыгы жарыяланып, керек болсо чара көрүлөт.

- Радикализмге, экстремизмге каршы туруу үчүн маалымат каражаттарында өнөктүктөр жүргүзүлөт.

- Диний көп түрдүүлүктү, укуктук маданиятты жайылткан көрсөтүү, уктуруу, макалаларды көбөйтүлөт.

- Маалымат каражаттарындагы диний кастыкка, бөлүнүп-жарылууга каршы мекеме-уюмдардын, жарандык коомдун демилгелери колдоого алынат.

Диний чакырыктар

Концепция кабыл алынганы менен учурда диний мазмундагы программаларда ар кандай алешемдиктер да кетип жатканы маалым. Дин ишмерлери кээде 1-2 саат түз эфирге чыгып, Кыргызстандын мыйзамдарына дал келбеген демилгелерди да айтып жиберишет.

Белгилүү эле диний ишмердин кыздардын чет элде окуусуна, иштешине каршы чыгып, кош аялдуулукка үгүттөп жиберген жалындуу чакырыктары да бар. Андай пикирлерди көбүнчө коом артынан ээрчиген аттуу-баштуу ишмерлер сүйлөшөт. Андай чакырыктар Интернеттеги ар кайсы каналдарда тарайт.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын адистери андай чакырык жасаган дин өкүлдөрүнө күч органдары аркылуу эскертүү берилерин билдиришти. Бирок соңку бир, эки, үч жыл аралыгында канча адам андай эскертүү алганы так эмес.

Эксперт Канатбек Мурзахалиловдун пикири:

- Кайсы бир канал үчүн же ошол дин лидерине ээрчигендер үчүн алардын айткандары акыркы инстанциядагы чындык катары кабыл алынат. Дин – табиятынан кылдаттыкты талап кылгандыктан, диний мүнөздөгү берүүлөрдү чыгарганда маалымат каражаттары, Интернеттеги каналдар этият болуп, сөздөрдү электен өткөрүп чыгарганы макул. Көзөмөл болууга тийиш. Бирок ал көзөмөлдү цензура деп кабыл алуу туура эмес. Цензура демократиялуу ачык коомдо болбошу керек. Бирок дин – өзгөчө мамилени талап кылат. Бул этибарга алынууга тийиш.

Чиркөө.
Чиркөө.

​Ички иштер министрлиги 2019-жылдан тарта диний кастыкты козуткан чакырыктарга жана чагымчыл материалдарга каршы күрөштү күчөткөнүн расмий кабарлаган.

Мекеме жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгы диний, улуттук жана аймактык ажырымга өбөлгө түзүп, Интернет аркылуу таратылган экстремисттик материалдардын бир катар көмүскө маалымат булактары аныкталып жаткан экен.

Кесипкөй журналистикадагы дин

Интернеттин заманында сайттардагы, социалдык желелердеги диний мазмундагы макала-баяндарды, пикирлерди мыйзамдарга, эрежелерге ылайыкташтыруу - татаал маселе. Бирок кесипкөй журналисттер да катага жол берген учурлар бар.

Дин комиссиясы 14-февралда Бишкекте уюштурган семинарда дин темасын чагылдырууда журналисттер кылдат болууга тийиш экени белгиленди. Адистер кырдаалды курчутуунун алдын алууда, элдин дин ишенимдерине сабырдуу көз карашты калыптандырууда журналисттердин ролу чоң экенин айтышты.

Гүлжан Алтымышбаева - тележурналист. Ал дин темасында такай репортаждарды, баяндарды даярдап обого чыгарып жүрөт. Учурда ал никеге туруудагы диний амалдар менен мыйзамдардын ортосундагы талаштуу жагдайларды талдоодо.

Гүлжан Алтымышбаева.
Гүлжан Алтымышбаева.

- Дин темасын чагылдырууда диний сабаттуулуктун, түшүнүктүн жетишсиздигинен улам журналисттер кай бир дин өкүлдөрүн иренжитип коюу коркунучу бар, - дейт ал. - Ушундан улам ортодо түшүнбөстүк, ишенбестик пайда болот. Натыйжада дин ишениминдеги адамдарды микрофонго сүйлөтүү кыйын болуп, алар өздөрүн обочо кармай башташы мүмкүн. Андыктан журналисттер дин темасына кайрылганда аябай кылдат болууга тийиш.

Дагы бир журналист Жылдыз Бекбаева кесиптештери эске алчу кооптуу жагдайлардын катарына диндин көп агымдары жаралган бүгүнкү коомдо алар тууралуу өздөрү терең түшүнүк албай туруп маалымат таратып жатышканын кошту:

Жылдыз Бекбаева.
Жылдыз Бекбаева.

- Кыргызстанда мусулманчылыктын да, христиан дининин да ар кандай агымдары көбөйбөдүбү. Алардын ишмердиги тууралуу жазганга туура келет. Биздин ар бир макалабыз аларга элдин көңүлүн бурдуруп, коом арасында жарнамалап жибериши да толук мүмкүн. Ушундай жагдайлар да бар.

Дин дүйнөдөгү коопсуздук темасына айланып турганда журналисттерден кылдаттык талап кылынат. Кыргызстанда дин темасында жазылган макалалар, баяндар ызы-чууга себеп болгон чоң окуя катталбаса да, тигил же бул маалымат каражаттарына нааразы маанай диний ишенимдегилер арасында кездеше калып жүрөт. Диний жана дүйнөбий көз карашты карманган кишилерди студияга чакырып, журналист өзү алардын кай биринин таламын талашып алган учурлар да болуп турат.

Кылдаттык

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын адистеринин баамында, Кыргызстанда телерадиолордо диний багыттагы берүүлөр көбөйө баштады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, «түз эфирдеги программаларда телекөрүүчүлөрдөн кастыкты козуткан суроолор берилип, диний кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн болгон кырдаалдар да түзүлүүдө». Бирок маалыматта конкреттүү окуя же кайсы каналда ошондой жагдай жаралып жатканы айтылган эмес.

Дин комиссиясынын жетекчиси Зайырбек Эргешов медиа өкүлдөрү үчүн уюштурган семинарда экстремизм жана радикализм кулач жая баштаган азыркы доордо диний кырдаалдын курчушунун алдын алууда, ишенимдерге сый-урмат менен кароого коомду үйрөтүүдө журналисттердин ролу чоң экенин белгиледи:

Зайырбек Эргешов журналисттер менен.
Зайырбек Эргешов журналисттер менен.

- Дин темасын чагылдырганда көбүрөөк жакшылыкка үндөгөн, кастыкты козутпаган баяндарды берсек жакшы болмок. Ар кандай учурлар бар, «жакшысын гана көрсөтүп, жаманын жашырып, проблемаларды айтпагыла» деген жокпуз. Көйгөйлөрдү көрсөткүлө. Ансыз да көп маалыматтарды журналисттерден билип жатабыз. Көп маалыматтар менен «Азаттык» радиосунун сайтынан кабардар болобуз. Журналисттерге сын айтуудан алысмын. Түшүнөбүз, журналистиканын табияты - элге маалыматты тез жеткирүү, сенсация жаратуу. Кээде такталбаган маалыматтарды чыгарып жиберген учурлар бар. Мен анык фактыларга, жүйөлөргө таянуу менен кабар жазууга, ар тараптуу ой-пикирлерди камтып берүүгө чакырат элем.

Кыргызстанда кайсы бир диндин ишенимдерин жайылтууну көздөгөн каналдардын көбү Интернетте иш жүргүзөт. Телеканалдарда да тигил же бул диний багыттагы насааттарды элге сиңирген көрсөтүүлөр бар. Дин темасындагы талкуулар, баяндар эң көп көрүлгөн же окулган темалардын катарында.

Зарылдык

Журналист Гүлжан Алтымышбаева диний агымдардын ишмердигин талдаган иликтөө жүргүзгүсү келет. Бирок ал үчүн тренинг зарыл болуп турат.

- Дин темасын чагылдыруу темасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) менен кошо журналисттерге бир күндүк окутуу уюштурганын эстейм. Аябай пайдалуу болгон эле. Андан бери кырдаал өзгөрдү. Медиа уюмдар, мамлекеттик органдар журналисттерге ушундай окутууларды уюштуруп берсе, катышмакпыз, - деди ал.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия чыгарган колдонмолор.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия чыгарган колдонмолор.

Эгемендик алганга чейин Кыргызстанда салттуу диндер деп ислам жана христиан диндери саналса, акыркы отуз жылга жакынкы мезгилде кыргыз коомунда диндердин көп түрдүүлүгү кадыресе көрүнүшкө айланды. Акыркы маалыматтарга караганда азыр отуздан ашык ар кандай багыттагы диний уюмдар, 3 миңден ашык мечит, медресе, сыйынуу жайлары бар.

Кийинки жылдары диний ишенимдердин келишпестигине байланыштуу мүрзөдөн жер бербей коюу жана ага байланышкан талаш-тартыштар катталып жатат.

Радикалдык жана террорчул топтордун тузагына түшүп, Сирия, Ирак өңдүү согуштук аймактарга кетип калган кыргызстандыктардын саны 500дөн 800гө чейин жеткени, алардын арасында аялдар да бар экени расмий кабарланып жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (13)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG