Линктер

шейшемби, 18-июнь, 2019 Бишкек убактысы 14:43

ИИМ Интернеттеги чагым менен күрөшөт


Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги улут аралык, диний кастыкты козуткан жана аймактык ажырымга алып келген чакырыктарга жана чагымчыл материалдарга каршы күрөштү күчөттү.

Буга далил катары бул мекеме социалдык тармактар жана мессенжерлер аркылуу элди бөлүп-жарып, коомго бүлүк салууга багыттап жаткан видео жана башка маалыматтарга мониторинг жүргүзүп, анын негизинде чара көрүлө баштаганын билдирүүдө.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча жаңы Кылмыш-жаза кодексине ылайык мындай кылмыштарга карата жаза бир топ күчөтүлгөн.

Чагым таштаган чакырыктар

Ички иштер министрлиги жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгы диний, улуттук жана аймактык ажырымга өбөлгө түзүп, Интернет аркылуу таратылган экстремисттик материалдардын бир катар көмүскө маалымат булактары аныкталып жатканын көрсөттү.

Министрликтин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы өткөн бир жыл аралыгында ыкчам-иликтөө багытында 10 миңден ашуун иш-чара өткөргөн. Анын натыйжасында диний, улуттук кастыкты козуткан жана аймак аралык ажырымга үндөгөн жүзгө чукул факты аныкталган. Алардын көпчүлүгү Интернеттеги социалдык түйүндөр жана мессенжерлер аркылуу жайылтылганы көрсөтүлгөн.

Экстремизмге каршы аракеттенүү кызматынын бөлүм башчысы Эрлан Бакиев Интернет аркылуу коомго бүлүк салгысы келген жашыруун аккаунттар аныкталып жатканын айтты:

Эрлан Бакиев.
Эрлан Бакиев.

- Диндер менен улуттар ортосундагы кастыкты козуткандар, аймактык ажырымга үндөгөндөр эч качан өз атынан чыгышпайт. Адатта алар жашыруун ысымдар, көмүскө аккаунттар менен Интернет аркылуу бузуку маалыматтарын жайылтышат. Алардын даярдыгы ушунчалык жогору. Алардын IP даректерин изилдеп, аныктоо учурунда жабык VPN каналдарды колдонушканын көрүүгө болот. Бул мындай чагымчыл материалдарды жайылтуунун артында өз ишин мыкты билген адистер турганын көргөзүп турат. Бирок биздин бөлүмдүн адистери да андай иштердин бетин ачып, чагымчыл аккаунттарды жабыш үчүн чет өлкөлөрдөгү интернет-серверлерге чейин кайрылууга туура келет. Кийинки убакта эле ошондой токсондон ашуун маалымат булагы аныкталып, алардын арасынан 40 материал боюнча кылмыш иши козголду. Ошондуктан мындай ишке барган адамдар «билинбей калат, байкалбай калат» деп ойлобошу керек. Биздин кибер коркунучтар боюнча бөлүмдүн адистери 24 саат бою мониторинг жүргүзүп, чагымчыл материалдарды байкап турат.

Күчөтүлгөн жаза

2019-жылдын январынан тартып күчүнө кирген жаңы Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинде жогорудагы аракеттер экстремисттик жана мамлекетке каршы кылмыштар катары каралат. Улуттук, диний мүнөздөгү кастыкты козуткан жана аймактык ажырымга себепкер болгон аракеттер үчүн жаза күчөтүлүп, Кылмыш-жаза кодексинде 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу бекитилген. Эгер бул кылмыш өз ара келишип алып, атайын уюшма топтор аркылуу жасалса, анда 10 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Милициянын подполковниги Эрлан Бакиев улуттук, диний же аймактык бөлүп-жаруу, ошого байланыштуу басынтып, кемсинтүү же шылдыңдоо оор кылмыштардын катарына киргизилгенин билдирди:

- Улутка бөлүү, диндерге бөлүү, аймактарга бөлүү - бул аябай чоң кылмыш. Мурда мындай кылмыштар үчүн жаза бир аз жеңил болгон болсо, жаңы кодекс боюнча ага 4-категориядагы жаза киргизилди. Кылмыштын бул түрү абалды күчөтүүчү шарттары менен бекитилди. Ошондуктан ага 5 жылдан 7,5 жылга чейинки, оорлотуучу жагдайы катары эгерде кылмыш бир уюшма топ менен алдын-ала макулдашуу аркылуу жасалса анда 10 жылга чейин эркинен ажыратууну караган жаза колдонула турган болду. Араздашууга өбөлгө түзүп, козутуу экстремизмдин бир түрү катары каралып, мамлекетке каршы кылмыш катары мүнөздөлдү.

Улуттар ортосунда же диндер арасында кастыкты козуткан, аймактарды бөлүп-жарган аракеттерди адис-чекисттер кайсы бир күчтөрдүн коомго бүлүк салууну көздөп, атайын уюштурган экстремисттик иш ыкмасы катары мүнөздөшөт. Алар дүрбөлөң салыш үчүн коомдун кайсы бир катмарынын диний, улуттук же аймактык өзгөчөлүктөрүн колдонуп, бири бирине тукуруп, ырк кетирүүнү көздөйт.

Атайын кызматтын генерал-майору, улуттук коопсуздук маселеси боюнча эксперт Марат Иманкулов бул кылмыш түрү жаңы Кылмыш-жаза кодексинде өлкөнүн тынчтыгына, биримдигине жана мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келтире турган кылмыштардын катарына кошулуп, жазасы күчөтүлгөнүн белгиледи:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

- Улуттар ортосундагы, диний кастыкты же болбосо аймактык ажырымга алып келүүчү маалыматтардын маал-маалы менен байма-бай жайылтылып жатышы - бул кайсы бир кызыкчылыгы бар саясий күчтөрдүн өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчуткусу келген аракети. Алар ушундай жол менен абалды өзгөртүп, чайпагысы келет. Мүмкүн ушундай жол менен жоготкон позицияларын калыбына келтирүүнү каалашат. Алардан сырткары өлкөнүн ичинде жана тышында ушинтип кастыкты козутууну ниет кылган экстремисттик күчтөр да бар. Себеби алар үчүн бизде жаңжал болсо, ага аралаша калып, өз кызыкчылыгын ишке ашырууга ошончолук жеңил болот. Биз буга окшогон чагымчыл иштердин кесепети эмнеге алып келерин баштан өткөргөнбүз. 1990-жылдагы, 2010-жылдагы окуялар ага мисал боло алат. Жакынкы Чыгыштагы согуш оту токтобогон жаңжалдар деле ошентип чагым салып, коомду бөлүп-жаруудан башталган. Ошондуктан биримдикке доо кетире турган мындай нерселерди өз учурунда ооздукташ керек.

Буга чейин иштеп келген эски Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинде диний, улуттук кастыкты козуткан жана аймак аралык ажырымга үндөгөн аракеттер үчүн ири өлчөмдө акчалай айып салуудан баштап, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратууну караган жаза колдонулуп келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG