Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:46

Мамлекет диний фанатизмди ооздуктайбы?


Мирзахалим Каримов.

90 жылдыгы дүйнөлүк масштабда белгиленип жаткан гуманист-жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деп айткан залкар сөзү ааламдагы бардык адамдар үчүн таалим-тарбия.

Адам баласын канткенде адам кылып тарбияласа болорун, үй-бүлө үчүн, өлкө үчүн, жалпы эле адамзат коому үчүн мунун кандай зарылдыгы бар экенин даанышман калемгер терең ойлоп, ичинен тынчсызданып жүргөнүн байкоого болот.

Жазуучу дүйнө жүзүндөгү тынчтыкка, диндердин жана көп улуттуу элдердин достук-ынтымагына, “адам адамдын досу, бир тууганы жана жакын жолдошу” деген принциптин түбөлүк сакталышына улуу ойчул катары баалуу салымын кошкон жана мындай маселелерге эч качан кайдыгер караган эмес.

Адамды адам кылып тарбиялоо ар бир үй-бүлөдөгү, мамлекеттеги вазийпалардын эң башында турган түбөлүктүү милдеттердин бири болуп саналарын, эгер ага кайдыгер мамиле жасалса, чоң жоготуулар болорун башка улуу ойчулдар да өз эмгектеринде баса белгилеп айтышкан.

Илим-билиминин күчү менен жер жүзүн бир нече жолу шыпырып таштай ала турган согуштук куралдарды жасап чыгарууга чейин жетишкен адамдын ниетинин бузулушун жалаң ыймандуулук, таасирдүү таалим-тарбия гана ооздуктай алары маалым болуп калды.

Тирүү жандын бардыгынын туу чокусу болуп саналган адам тууралуу ХХ кылымдын улуу имамы, даанышман инсаны Хомейни хадистеринин биринде: “Адам – Кудай жараткандын бардыгынын арасындагы эң укмуштуу жан, жандуунун эч кимиси адамга тең келе албайт, бул феноменалдуу жан – бир эле учурда периште да, шайтан да” десе, дагы бир хадисинде: “Адам деген кош аяктуу жаныбар, ал дүйнөдө башка бардык жандыктардан көбүрөөк бузуктукту, жаңжалды таратат, андыктан ал бардык жаныбарларга караганда тарбияга көбүрөөк муктаж” деп, таалим-тарбия ишине өтө чоң жоопкерчилик менен көңүл буруу керектигин осуят кылган.

Коомдо жашоого татыктуу адамды тарбиялоо вазийпасынын натыйжалуу болушуна саясатташпаган нукура диндин, фанатизмге ууланбаган дин ишмерлеринин да кошо турган салымы өзгөчө орунду ээлейт. Мамлекеттин саясатына тилектеш болгон салттуу дин нравалык мектеп катары баалуу кызмат өтөй алат.

Тилекке каршы, сабатсыздыктын жана мамлекеттин мыйзамдуу чара көрбөгөнүнүн айынан диний фанатизмге ууланган айрым атуулдардын башка динге өткөндөрдү кааласа канжалатып сабашканы, кааласа мамлекеттин жеринде көрүстүнгө койдурбай коюшканы сыяктуу элементтер азыр көптөгөн адамдарды кооптондуруп да, ойлондуруп да койгон.

Жакында эле Тамчы айылында Сатар уулу Элдосту өзүнчө диний мамлекет куруп алгансыган атуулдар түн жамынып келип сабаганын укуктук мамлекеттеги башаламандыктын, илгерки замандардагыдай басмачылыктын көрүнүшү катары мүнөздөөгө болот.

Башка динге өткөн жигиттин кадамын мен деле колдогум келбейт, өз дининен чыкпай жүрө берсе туура болмок. Бирок бул атуулдун Конституциялык укугун бузуп, жаагы сынып кеткенге чейин сабап жазалоого эч кимдин акысы жок.

Мамлекет болсо өз атуулунун укугун коргоого, элди өз акылы жеткендей башкара баштаган диний фанаттарды жазалоого алы жетпей калгандай туюлат. Башкача айтканда, кандайдыр бир келишүүчүлүк пайда болгондой, “Сөөгү меники, эти сеники”, алгыла, окуткула, каалагандай тарбиялагыла, динден чыккандарды өзүнөр билгендей жазалагыла...” деген маанидеги уруксат берилгендей туюлат. Эгер андай болбосо, түн жарымда короого бастырып кирип бирөөнү сабоого, диний эркиндигин териштиргенге кимдин укугу бар?

Тилекке каршы, мындай мыйзамсыз окуялар, кылмыштар кийинки учурларда тез-тез кайталанчу болду. Чоң муштум фанаттардын тизгинин тарта турган тийиштүү органдардын алдын ала иш-чараларды жүргүзүү жагы таасирдүү болбой жатканын мына ушул фактылар тастыктап турат.

Дин тутуу эркиндигине каршы кылмыш жасоонун артында мамлекеттин светтик түзүлүшүн тоготпой калган, бир нерсенин бышып жетилишин күтүп жүргөн диний-саясий күч жашырынып тургандай сезилет. “Коркпогула, жазалай бергиле...” деп шыктандыргандар да бар болушу ыктымал. Муну светтик өлкөнүн мыйзамына жана саясатына карама-каршы багытталган кылмыш катары мүнөздөөгө болот.

Бизди эми демократиялык мамлекетибиз эмес, ушундай кызыл камчы диний фанаттар тарбиялап, тагдырыбыз ошолордун колуна түшөт турбайбы деген сыяктуу күмөндүү ойлор кимди да болбосун тынчсыздандырат болуш керек. Бул кооптонуулар ата-бабаларыбыз тутунуп келген салттуу динден чочулоодон эмес, чектен өтүп кеткен айрым фанатизмге азгырылгандардын улам көбөйүп баратканынан улам пайда болууда.

Акыл-парасаты ордунда болгон момун мусулман өзүнүн да, башканын да динин сыйлашы керек. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз Мухаммад Алайхис Салам хадистеринин биринде: “Кимде ким башка динди акарат кылса, акыр кыяматта оттон жасалган камчы менен сабалат” деп осуят кылган. Башка дин өкүлүн сабагыла, акарат кылгыла деп айткан эмес.

Фанатизмге азгырылгандар эгер Конституцияны сыйлагылары келбесе, анда жок дегенде Пайгамбарыбыз Мухаммад Алайхис Саламдын хадистерин сыйлап, ушул улуу инсандын айткан-дегендерин аткарып турушса, жогоруда сөз кылынган кылмыш иштери болмок эмес деген ой туулат.

Өзүнүн залкар чыгармалары менен миллиондогон окурмандарын тарбиялай алган жана мындан ары да тарбиялай бере турган гуманист-жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун дин тууралуу айткан осуяттары өзүнчө баалуу таалим-тарбия.

Бир нече жыл илгери “Эркин Тоо” гезитинин кабарчысынын дин тууралуу суроосуна улуу жазуучу мындайча жооп берген болчу: “Жалпысынан алганда диндин бардыгы адам баласына кандайдыр бир негизги түркүк. Турмуштун түркүгү сыяктуу. Ошол түркүктү карап үй куруу сыяктуу. Дин адамзатка Кудай деген түшүнүктү алып келет. Кудай деген түшүнүк – бул адамдын журүм-турумуна, касиетине, ыймандуулугуна берилген чоң, улуу көрүнүш. Диндин максаты, диндин касиети ошондо. Ал эми ошо улуу касиет, улуу максаттарды бурмалоо ар бир заманда болуп келет. Мына биздин заманыбызда да өзгөчө бурмаланып жатат. Баягы “кайра куруудан” кийин эркиндик келип, бардыгына жол ачылганда динди кармаган, динди баштаган бир топ күчтөр аны башка жакка бурмалай баштады. Болбосо эмне, ислам менен башка диндердин ортосунда ошончолук карама-каршылык барбы? Мына Ооганстанды көрүп жатасыңар, ошол Ооганстандын убалына калышты. Тескерисинче, гуманисттик мамилеге жол ачпай, бирине-бирин өчөштүрүп, курчутуп, тукуруп жатат. Андыктан баарыбыз тең динди сыйлашыбыз керек. Динди колдонолу, бирок жанагыдай бурмалагандарга айтышыбыз парз. Алардын дагы ойлонушу зарыл. Өз кызыкчылыктары, өз амбициялары үчүн тескери иштерди жасаганы көпчүлүккө зыянын тийгизүүдө” - деп, улуу жазуучу диндердин ортосундагы тилектештикти бекемдөө жаатында дүйнөлүк коомчулукка төмөндөгүдөй олуттуу сунуш айткан экен: “Ошондуктан, бардык диндердин арасында келишим болушу керек. Бири-бирин жек көрбөй, өздөрүнүн диний адамдарын бири-бирине өчөштүрбөй, кандайдыр бир өзгөчө шарт түзүү зарыл. Ал жөнүндө көп эле айтып келатабыз. ХХ кылым аяктап, XXI кылым аттап кирип келатканда мен айттым эле, аттиң ай, укпай коюшту. Бардык диндердин өкүлдөрү чогулуп, мисалы, Парижге же дагы бир атактуу башка бир жерде бири-бирине ант берип, бири-бирине намаздарын окуп, аны телевизор аркылуу бүт дүйнөгө жайып көрсөткүлө деп айткан элем. Ага эгоисттик күчтөрү жол бербеди. Менин идеям дагы эле ошол. Бүткүл дүйнөлүк ансамбль болсун дегенмин. Эми эмнеси болсо дагы, баары бир динди эч ким кемсинтип, четтетип жибере албайт. Бул адамзатка руханий зарылдык. Ошон үчүн, өзгөчө дин өкүлдөрү, молдолор, имамдар ойлонуш керек. Нары жагы дагы, бери жагы дагы ойлонушсун. Антпесе жакшылыкка алып келбейт”.

Залкар жазуучубуз диний экстремизм, терроризм, фанатизм күчөй баштаган маалда кайдыгер карап туралбай, дүйнөлүк коомчулукка мына ушундай олуттуу сунуш менен кайрылган экен убагында. Диндердин ортосундагы тилектештикти бекемдөөгө көңүл бурулбаса, аягы чоң трагедияларга алып келиши мүмкүн экенин алдын ала сезип, коомчулукка коңгуроо каккан.

Анын бул улуу идеясын эгоисттик күчтөрдүн колдобогону, осуятын укпай коюшканы абдан өкүнүчтүү. Бирок, гуманист-жазуучубуздун бул идеясын өзүбүздүн өлкөбүздө ишке ашырууга неге болбосун?

Эгоисттик күчтөр диндердин бүткүл дүйнөлүк ансамбль болушуна жол бербесе, биз ал ансамблди өзүбүздүн өлкөбүздүн масштабында үлгү катары түзүп, учкунун дүйнө жүзүнө таратсак болот. Айтматовдун улуу идеясы жерде калбасын десек, бул маанилүү ишти дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиябыз жетекчиликке алып, залкар калемгердин мүдөөсүн жүзөгө ашырса, абдан баалуу иш болор эле.

Мирзахалим КАРИМОВ, журналист

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (27)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG