Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 23:47

"Кыргыз исламын" түзүүгө чакырык ташталды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте “Ислам азыркы дүйнөбий мамлекетте” аттуу эки күндүк эл аралык конференция башталды. Аны 15-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков ачып, Кыргызстанда Ислам академиясын негиздөөнү сунуш кылды.

Жыйында айрым чет элдик катышуучулар Кыргызстанда сырттан келип динди жайылтууга жол бербөөгө, улуттук идеологияга негизделген “кыргыз исламын” түзүүгө чакырышты. Ошондой эле мектептерге диний билим берүү сабагын киргизүү тууралуу да кеп козголду.

15-ноябрда ачылган эл аралык жыйында дин тармагындагы көйгөйлөр, радикализмдин алдын алуу, экстремисттик көз караштардын таркалышына бөгөт коюу маселеси талкууланып жатат. Ага БУУ, ЕККУ өкүлдөрү, Ооганстан, Пакистан, Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Орусия жана башка мамлекеттердин дин тармагындагы адистери катышууда.

Жыйынды ачып жатып президент Сооронбай Жээнбеков конференцияда төрт идеяны талкуулоону сунуш кылды. Алардын ичинен Кыргызстанда бардык диний билимди координациялаган Ислам академиясын түзүү тууралуу сунуш талкууга түштү. Жээнбековдун айтымында, Ислам академиясын мамлекет көзөмөлдөп турууга тийиш.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Кийинки мезгилде жаралган жаңы чакырыктарга туура жооп табуу милдети келип чыкты, - деди президент. - Мисалы, биздин коомдун өнүгүшүнө төп келген диний билим берүүнүн бардык тепкичтерин камсыз кылуу маселеси жаралды. Мунун мисалы катары Кыргызстанда биринчи жолу имамдар кошумча окууга тартыла баштаганын айтсак болот. Медресе, ислам коллежи, ислам институту, ислам университети бирдиктүү системанын тиешелүү тепкичтери болушу зарыл. Келечекте Ислам академиясын түзүп, анын ишмердигин мамлекет өз көзөмөлүндө кармашы керек болот.

Президент өз сөзүндө исламдын ханафи мазхабын жана салттуу исламды колдош керек экенин айтты. "Ата-бабаларыбыз карманган ислам дини дүйнөбий коомго, мыйзамдарга карама-каршы келбейт" деди Жээнбеков. Бирок ал сунуш кылган Ислам академиясын түзүү иштери качан башталары айтылган жок.

Эл аралык жыйында Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби аймактык аткаруу кеңешинин мүчөсү Али Рашид Абдулла Аль Нуами Кыргызстандын улуттук дөөлөттөрүнө негизделген ислам динин жайылтууга чакырды:

- Менин силерге айтаар кеңешим бар. Биринчиcи - улуттук мамлекет болуу жана балдарды сабырдуулукка, ыйманга биринчи класстан тартып эле тарбиялоо. Экстремизмге каршы күрөшүү үчүн план болушу керек. Кыргыз исламын түзүп, өнүктүрүү зарыл. Эч ким Кыргызстанга келип, өз исламын таңуулаганга акысы жок.

Абудабилик адистин сөзү Кыргызстандын эксперттик чөйрөсүндө талкууларга жем таштаган башкы темага айланды. Коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев башка улуттун эмес, Кыргызстандын улуттук өзгөчөлүктөрү эске алынган ислам дини коомдогу бөлүп-жарылууга чекит коймок деген пикирде.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

- Кыргыз исламын биз эле эмес, арабдар да жактыра баштаган экен, - деди ал. - Арабдар исламды менчиктеп алган эмес, ар бир эл, улут исламга өз тили, үрп-адаттары, кийими, салт-санаасы менен келет. Орто Азия элдери исламдын дүйнөлүк казынасына арабдардан жүз эсе көп салым кошуп келгенин унутпашыбыз керек! Орто Азия исламын аныктоо убактысы келди! Бул чоң ишке киришүүгө азыр эң ыңгайлуу болуп турат. Орто Азиянын лидерлери да негизинен ушундай мумкүнчүлүктү кое бербеш керек. Мүмкүн арабдардын көз карашында биздин ислам начардыр, чаладыр. Бирок бул биздин ислам. Биз Алла-Таала бар экенин жана жалгыз экенин таанып атабызбы? Мухаммед пайгамбар экенин таанып атабызбы? Таанып атабыз. Болду да. Калганы биздин улуттук өзгөчөлүктөрүбүз, тарыхыбыз, географиябыз, тилибиз, үрп-адат, салт-санаабыз менен айкалышкан да. Эми “"ак чүч" дебе, "алхамдуллах" деп айт, "саламатсызбы?" дебей, "ассалам алейкум" деп учурашкыла” дегенди араб түшүнүгү деп эсептейм. Алар ушундай тышкы нерселерге басым жасап эле, биздин улуттук баалуулуктарды жокко чыгаргысы келип атпайбы. Андай болбойт да. Дин улуттук өзгөчөлүктөргө негизделиши керек.

“Ислам азыркы дүйнөбий мамлекетте” аттуу эл аралык жыйын быйыл Бишкекте экинчи ирет өтүп жатат. Биринчиси былтыр сентябрда болгон. Андан кандай жыйынтык чыкканы белгисиз. Бирок иш-чараны уюштуруп келген, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов бул ирет дин тармагындагы чечүүгө муктаж маселелердин баары кабыргасынан коюлуп, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен сунуштарынын негизинде иштер жүрөрүн айтты:

Зайырбек Эргешов.
Зайырбек Эргешов.

- Өткөн жылдан айырмаланып бул иш-чара төрт тематикалык багытта жүрөт. Былтыр биз жалпы түшүнүктөрдү калыптандырып, азыркы дүйнөбий мамлекеттеги ислам, дин кандай багытта болушу керек экенин талкуулаганбыз. Быйыл былтыркы иш-чаранын резолюциясында көрсөтүлгөндөй, диний билим берүү, дин таануудагы көйгөйлөр, коом ага учурда канчалык деңгээлде муктаж экенин ортого салып атабыз. Экинчи чоң багыт - маалымат каражаттарында, Интернетте дин маселесинин чагылдырылышы. Өзүңүздөр билесиздер, бүгүнкү күндө өзгөчө Интернетте коомчулук бөлүнүп, бири-бири менен чатакка барып, "меники туура" деген талаш-тартыш көп болуп жатат. Ушул маселелер боюнча тажрыйба алмашабыз. Дагы бир маселе - динчил аялдардын коомдогу орду. Коомдо сырткы кебетесине, кийингенине карап эле "бул динчил аял экен" деген сыяктуу талкуулар бар. Төртүнчү багыт - бул жаштардын орду, алардын аң-сезимин жогорулатуу. Андан тышкары, улуттук баалуулуктарды сактоо менен ар бир эл, ар бир мамлекет өзүнүн тарыхында белгилүү бир материалдык-руханий маданиятка ээ болгон. Ошол байлыктарды сактап, ислам динине карама-каршы келбей, гармониялуу түрдө өнүгө алабызбы деген маселе коюлат.

Зайырбек Эргешов сөз кылган мектептерге диний билим берүү сабагын киргизүү демилгеси Кыргызстанда көптөн бери көтөрүлүп, ишке ашпай келатат. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси - муфтийдин орун басары Замир Ракиев "Азаттыкка" бул аракет элдин диний сабатын арттырууга багытталганын билдирди:

Замир Ракиев.
Замир Ракиев.

- Буга чейин дин таануу сабагын мектепке киргизүү боюнча Билим берүү жана илим министрлигине бир нече жолу кайрылуу болгон. Бүгүн ар кайсы мамлекеттен келген эксперттер да ошол ойлорду айтып жатканына күбө болдук. Мектеп окуучуларына дин таануу сабагы кирсе, диний сабаттуулуктун, келечектеги урпактарыбыздын динге болгон сый-урматы менен билиминин артышына өбөлгө болот. Бирок анын иш планын тиешелүү мекеме менен чогуу иштеп чыгышыбыз керек. Буга чейин аракеттер болду. Буюрса, ал маселе ишке ашуу алдында турат.

Исламдагы маселелерди талкуулаган эл аралык жыйын 16-ноябрда да уланат.

Кыргызстандын Баш мыйзамында "дин мамлекеттен тышкары" деп жазылган. “Эгерде Ислам академиясы түзүлүп, аны мамлекет көзөмөлгө ала турган болсо мыйзамга карама-каршы келбейби?” деген суроо да жаралууда. Акыркы кезде өлкөдө мамлекет менен диндин ортосундагы мамиле жана диний саясат көп талкуулана баштаганы байкалат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG