Мохманд: Советтик армиянын Ооганга кириши кастыкты курчуткан
Советтик армиянын Ооганстандан кетиши. 1989-жыл.
15-февралда советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына 30 жыл толду. Бул тарыхый күндү өлкө жашоочулары кандай кабыл алышат?
"СССРдин чектелген контингенти" деп аталган куралдуу күчтөр ооган жергесине “интернационалдык милдетин аткаруу” үчүн киргизилип, 10 жыл бою согушуп келген.
Расмий маалыматтарда 15 миң жоокер курман болгону айтылып жүрөт. Арасында 252 кыргызстандык да бар. Ооган журналисти Хошим Мохманд "Азаттыкка" маек курду.
"Азаттык": Оогандардын советтик аскерлер чыгарылган учурдагы сезимдерин айтып берсеңиз. Советтик акыркы танк Өзбекстан менен Ооганстанды байланыштырган көпүрөнү кесип өткөндө кубансаңар керек?
Хошим Мохманд: Оогандар үчүн ал ийгиликтин, сүйүнүчтүн, кубанычтын учуру болгон. Советтер союзунун баскынчылыгына каршы жихад – ыйык согуш – абдан көп жоготуу, чыгымдарды алып келди. Миллиондон ашуун ооган өлгөн. Советтик учактардын туш келди бомбалоосунан өлкө толугу менен талкаланып, бүлүнгөн, урандыга айланган.
Өз тарабынан Советтер союзуна да согуштун чоң залкасы тийген. 15 миңден көп советтик жоокер ооган жергесинен кайтпай калган. Оогандар советтик аскерлер чыгып кеткенде мекени бүлгүнгө учураганына карабай "акыр аягында кайрадан эркин болдук, чет өлкөлүк куралдуу күчтөр өлкөбүздөн чегинди" деп сүйүнүшкөн.
"Азаттык": Бирок, тилекке каршы, ал күн Ооганстан тарыхындагы дагы бир кайгылуу күндөрдүн башаты болуп калды. Президент Нажибулланын өкмөтү 3,5 жылдай эле бийликте тура алды. Андан кийин "Талибандын" режими орноду. Беш жылдан кийин АКШ аскерлери киргизилди. Советтик оккупация болбосо, өлкө тарыхы башка нукка бурулат беле?
Хошим Мохманд: СССРдин жетекчилери да аскерлерди чыгаргандан кийин Ооганстанга басып кирүү ката болгонун мойнуна алышкан. Чындап эле бул чоң ката болгон. 120 миң аскердик контингентти жөнөтүүнүн эч кандай кажети жок эле. Ошол кездеги режимди ошончолук колдогусу келсе, сыртынан эле көмөктөшсө болмок. Бирок аскерлерди киргизүү ортодо ушунча кастык, душмандык маанайды жаратты, бүтүндөй улутка чоң трагедия алып келди.
Жүз жыл мурда гүлдөгөн Ооганстан
1/20Кабулга жакын жердеги бакчадагы жаз. 1920-жылы Ооганстан Улуу Британиянын карамагынан чыгып, өзүн көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган. Он жыл аралыгында өлкөнү ошол кездеги эмир Аманулла Хан башкарып турган. Ал жаңы түптөлгөн мамлекетти Батыштын стилинде, жаңыча башкарууга аракет кылган.
1920-жылдары тартылган түстүү сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп-өскөн учурун көрүүгө болот.
2/20Каска кийген коноктор батыш Кабул тоолорундагы чайхананын короосунда отурушат.
1920-жылдары тартылган түстүү сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп-өскөн учурун көрүүгө болот.
3/20Дубалдан жасалган Кабулдун көчөлөрү - иш үстүндөгү зергер.
Чоң форматтагы түстүү фото 1928-жылы сүрөтчү Фредерик Гадмер тарабынан, дүйнөнүн сүрөттөрүн чогултууга багытталган "Планетанын Архивдери" Archives of the Planet долбоорунун алкагында тартылган.
1920-жылдары тартылган түстүү сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп-өскөн учурун көрүүгө болот.
4/20Кабулдагы эки катар дарактар тигилген көчөнү бойлой баскан жалгыз аял. "Планетанын Архивдери" долбоорун франциялык банкир каржылап, ал 1909-1930-жылдар аралыгында дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнө сүрөтчүлөрдү жөнөтүп турган.
1920-жылдары тартылган түстүү сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп-өскөн учурун көрүүгө болот.
5/20Жаңы Ооганстан мамлекетинин негиздөөчүсү Ахмад Шах Дурранинин мүрзөсү. Дүйнө тууралуу кызыктуу сүрөттөрдүн арасында Ооганстан жөнүндө тартылган сүрөттөр айырмаланып турат. Сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп турган учурун көрүүгө болот.
1920-жылдары тартылган түстүү сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп-өскөн учурун көрүүгө болот.
6/20Кабул шаарындагы саат мунарасы. Өзгөчө стилде курулган мунара 1990-жылы Ооганстанды каптаган жарандык согуш учурунда кыйроого учураган.
1920-жылдары тартылган түстүү сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп-өскөн учурун көрүүгө болот.
7/20Европалык айым портреттик сүрөткө түшүп жаткан учуру. Кабул шаары.
1920-жылдары тартылган түстүү сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп-өскөн учурун көрүүгө болот.
8/20Кабул шаарындагы жасалгалуу үйлөрдүн бири.
1920-жылдары тартылган түстүү сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп-өскөн учурун көрүүгө болот.
9/20Кабулга жакын жайгашкан Пагхман багындагы эскерүү аркасы. Ал 1919-жылы англичандарга каршы күрөштө, тагыраагы Ооганстандын көз карандысыздыгы үчүн болгон согушта курман болгондордун элесине арналган. Арканын үстүнкү бөлүгү 1980-жылы орус-ооган согушу учурунда талкаланган. Кийинчерээк калыбына келтирилген.
1920-жылдары тартылган түстүү сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп-өскөн учурун көрүүгө болот.
10/20Пагхман багы. Мамлекеттик бак 1900-жылдын башында Аманулла Хан тарабынан курулган.
1920-жылдары тартылган түстүү сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп-өскөн учурун көрүүгө болот.
11/20Пагхман багындагы фонтан. Сүрөттөгү имараттардын көпчүлүгү 1980-1990-жылдардагы согуш толкуну учурунда жок кылынган.
1920-жылдары тартылган түстүү сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп-өскөн учурун көрүүгө болот.
12/20Пагхман багында сейилдеп жүргөн европалык аял. Азыр бул аймакта иттердин жарышы ( dog-fighting contests) өтөт.
1920-жылдары тартылган түстүү сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп-өскөн учурун көрүүгө болот.
13/20Пагхман багындагы жаз. 1992-жылы сегиз жылдык согуштан кийин үй-бүлөсүн, үйүн жоготуп, кайра Пагхманга кайтып келген тургун: "Бул жер кооз болчу, азыр мунун баары өтмүш, жомок", - деп "Нью-Йорк Таймс" гезитине берген интервьюсунда айтып өткөн.
1920-жылдары тартылган түстүү сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп-өскөн учурун көрүүгө болот.
14/20Кабул айыл-чарба мектебинин директору Жерард мырза жубайы менен.
1920-жылдары тартылган түстүү сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп-өскөн учурун көрүүгө болот.
15/20Кабул шаарындагы кызгылт түстөгү көп бурчтуу имарат.
1920-жылдары тартылган түстүү сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп-өскөн учурун көрүүгө болот.
16/20Ооганстандын түштүгүндөгү төө баккан малчылар.
1920-жылдары тартылган түстүү сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп-өскөн учурун көрүүгө болот.
17/20Ооганстандын батышындагы Герат чеби. Ал азыркы күнгө чейин бар.
1920-жылдары тартылган түстүү сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп-өскөн учурун көрүүгө болот.
18/20Кабул эс алуу багындагы фонтан.
1920-жылдары тартылган түстүү сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп-өскөн учурун көрүүгө болот.
19/20Кабулдун четиндеги Дарул Аман сарайы. Ал Аманулла Хандын дагы бир долбоору болгон. 1929-жылы исламчы топ Аманулла Ханды бийликтен кулаткан соң, сарайдын курулушу токтоп калган.
1920-жылдары тартылган түстүү сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп-өскөн учурун көрүүгө болот.
20/20Дарул Аман ак сарайынын арткы көрүнүшү. 1980-1990-жылдардагы башаламандыктан кийин, октордун изи калып, ак сарай Ооганстандагы мыйзамсыздыктын белгиси болуп калган. Бирок ооган демилгечилери 2019-жылдын август айында белгилене турган Ооганстандын көз карандысыздыгынын 100 жылдыгына утурлай, ак сарайды калыбына келтирүүгө аракет жасашууда.
1920-жылдары тартылган түстүү сүрөттөрдөн Ооганстандын гүлдөп-өскөн учурун көрүүгө болот.
Артка
Алдыга
"Азаттык": Советтик контингент турган 10 жылда Ооганстанда мектеп, ооруканалар курулган, ооган армиясы жакшы машыктырылып, камсыздалган деген ырастоолорду азыр деле укса болот.
Хошим Мохманд: Жок, бул калп. Аскерлер эч кандай мектеп же оорукана курушкан эмес. Ооганстанда кадимки согуш жүргөн. Өлкөнүн бардык бөлүктөрүндө, ар кайсы тарабында кармаштар болгон. Мектеп же башка инфраструктура курууга мүмкүнчүлүк да жок болчу.
Ооба, ооган армиясына колдоо көргөзүлгөнү, курал-жарак менен камсыздалганы, каржыланганы, күчтөндүрүлгөнү чын.
Советтер кеткенден кийин ооган куралдуу күчтөрү чындап эле кубаттуу болчу, көптөгөн офицерлер СССРде аскердик кесипке үйрөнүп, окуп, машыгып келишкен. Оккупацияга чейин эле эки өлкө аскердик чөйрөдө тыгыз кызматташып келген.
"Азаттык": 1989-жылдын 15-февралы оогандар үчүн тарыхый күн десек болот. Советтик аскерлер өлкөдөн чыкканына мына 30 жыл болду. Ошондон бери коомдук пикир өзгөргөн жокпу, мурдагыдан айырмаланган көз караштар айтылабы?
Хошим Мохманд: Оогандар үчүн бул тарыхый күн. Оогандар эркин эл, азаттыкты өтө баалашат. Менин билишимче, эч ким советтик аскерлер турган ошол жылдар жакшыраак болчу деп айтпайт. Советтик аскерлер өлкөнүн салттуу структураларын талкалап кетишкен. Ордуна эч нерсе курушкан эмес. Ооганстанда тынчтыктын орнобой жатышынын себептеринин бири мына ушунда. Оогандардын бир даары, өзгөчө можахеддер "СССРдей супер державаны чегинүүгө мажбур кылдык" деп абдан сыймыктанышат.
"Азаттык": "Талибандын" режими учурунда да, андан көрө СССР маалында жакшыраак болчу деген ойлор пайда болгон жок беле?
Хошим Мохманд: Жок, талибдердин бийлиги маалындагы жылдар өлкө тарыхындагы эң караңгы күндөр болгон. Бирок эч ким советтер мезгилин самагандай ой айткан эмес.
"Азаттык": Жакында ооган согушунда дайынсыз жоголгон кыргызстандык жоокер тирүү экени, Ооганстандын алыскы чөлкөмүндө жашаганы белгилүү болду. Туткунга түшүп, өз ыктыяры менен же башка себептерден улам ооган жергесинде калып калган аскерлер көппү?
Хошим Мохманд: Ислам динин кабыл алып, Ооганстанда калган советтик жоокерлер бир топ эле. Биз ошондой мурдагы аскердин биринен жакында интервью алганбыз. Герат аймагында жашайт, исламга өтүптүр, ооган аял алыптыр. Жихад музейинде иштейт экен.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.