Линктер

шейшемби, 18-июнь, 2019 Бишкек убактысы 16:04

Апта: Орусиянын базасы, "Талибандын" талабы


"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Москвадагы сүйлөшүүдө, 5-февраль, 2019-жыл.

Узап бараткан апта ичиндеги урунттуу окуяларга сереп.

3-4-февраль күндөрү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бишкек - Москва ортосундагы алакалар талкууланып, "Орусия Кыргызстандын аймагында экинчи аскер базасын ачабы?” деген маселе кайрадан козголду.

Министр Лавров жолугушуулардын соңунда уюшулган басма сөз жыйынында “бул маселе талкууланган жок” – дегени менен ​Бишкектен "расмий түрдө кандайдыр бир сунуш ала элекпиз"- деп, кептин нугун кыргыз тарапка бурду.

Ага чейин Москванын башкы дипломаты Кыргыз-Орус (Славян) университетинде студенттер менен жолугушууда "эгер Бишкек демилге көтөрсө, ​кыргызстандык досторубуз менен алардын идеяларын талкуулаганга даярбыз", - деп айткан.

Сергей Лавров жана Чыңгыз Айдарбеков, 4-февраль, 2019-жыл.
Сергей Лавров жана Чыңгыз Айдарбеков, 4-февраль, 2019-жыл.

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков "Бул маселе бүгүн көтөрүлгөн жок, - деди. - Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жакында эле басма сөз жыйынында бул боюнча так билдирүү жасаган".

Жээнбеков былтыр жыл аягында «Кыргызстанда Орусиянын бир эле аскердик базасы жетиштүү» деген пикирин айткан эле.

Кыргызстандын аймагында экинчи аскердик базаны ачуу боюнча талкуулар өткөн аптада Кыргызстандын Орусиядагы жаңы дайындалган элчиси Аликбек Жекшенкуловдун Москвадагы ТАСС агенттиги менен болгон маегинен башталган. Анда элчи расмий Бишкек Кыргызстанда Орусиянын экинчи аскердик базасын ачууну четке какпай турганын жана бул маселе Владимир Путиндин марттагы сапарында талкууланышы мүмкүн экенин билдирген эле. Ушундан тартып жергиликтүү маалымат каражаттарында Жекшенкуловдун билдирүүсү Москванын "таасирин күчөтүү аракети" катары кабыл алынып, ар кыл пикирлерди жараткан болчу.

Коомчулуктун мындай маанайын байкаган Аликбек Жекшенкулов өз билдирүүсү бурмаланып, жаңылыш чечмеленип жатканын айтты:

Аликбек Жекшенкулов.
Аликбек Жекшенкулов.

- Ал жерде эки өлкөнүн президенттери ушул маселени талкуулашы мүмкүн экендиги айтылган. Ошол эле. Эми бүгүн Ооганстанда абал курчуп баратканын билесиңер. Биздин түштүк аймактар Ооганстанга жакын эмеспи, ал жакта коопсуздук чараларын камсыз кылуу иретинде талкуу болушу мүмкүн. Балким талкуулабай калышы да мүмкүн.

Базанын айланасындагы акыркы кырдаалды эске алуу менен айрым эксперттер Москва «бул боюнча Бишкек тарап өзү демилге көтөрдү» деген чечмелөөгө кызыкчылыгы бар экенин айтышууда.

Былтыр жайда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын коргоо комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Заварзин Канттагы аскердик аба базасын "уникалдуу" деп сыпаттап, Орусия “бул базанын компоненттерин күчтөндүрүп, кеңейткиси келерин, ал өлкөнүн түштүгүн да камтый турганын” айткан.

Буга чейин орус президенти Владимир Путин Москва Кыргызстандын ички саясатына аскердик жактан киришпей турганын айтып, Канттагы база кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен жайгаштырылганын билдирген.

Министр Лавровдун Борбор Азияга өлкөлөрүнө бул жолку сапары Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр кызуу жүрүп жаткан маалда болду. Айрым эксперттер Ооганстандан чет элдик күчтөр чыгып кетсе чөлкөмдөгү коопсуздукка коркунуч күчөйт, андыктан база ачуу маселеси күн тартибине чыгарын белгилешет. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимовдин пикиринде, чөлкөмдөгү коопсуздукту сактоо милдети жалпы аймактык уюмдарга жүктөлгөн.

Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу - Канттагы аскер-аба базасы. 2012-жылы Орусиянын өлкөдөгү аскердик жайлары бирдиктүү аскер-аба базасына бириктирилген. Ага Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдүн Койсары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.

2017-жылы Москва менен Бишкек орустардын аскердик базасын 15 жылга калтырып, аны ар беш жыл сайын автоматтык түрдө узартып турууга макулдашкан. Канттагы аба базасындагы контингенттин саны айтылбайт. База Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) компоненти деп саналгандыктан, Кыргызстанга акча төлөбөйт. Болгону ижара акысы үчүн жылына 4,5 млн. доллар төлөм белгиленген.

2014-жылы Кыргызстандан чыгарылган АКШнын "Манастагы" транзиттик борбору жылына кыргыз өкмөтүнө 60 миллион доллар төлөп турчу.

Ооганстан: Москва менен Вашингтондун "атаандаштыгы"

Москвада “Талибан” кыймылы менен экс-президент Хамид Карзай баштаган ооган коомчулугунун өкүлдөрү кирген делегациянын сүйлөшүүсү эки күнгө созулду. Эки апта мурун Вашингтондун делегациясы менен талибдердин өкүлдөрү Катарда жолугуп, алты күн сүйлөшүү жүргүзгөн.

5-6-февралда Москванын “Президент-отел” мейманканасында “Талибан” кыймылы менен экс-президент Хамид Карзай баштаган ооган коомунун өкүлдөрү кирген делегация жолугуп, бетме-бет отуруп сүйлөштү. Негизинен эки маселе: америкалык күчтөрдү ооган жергесинен чыгаруу жана өлкөнүн Конституциясына киргизилчү өзгөртүүлөр талкууланды.

Хамид Карзай, 5-февраль, 2019-жыл.
Хамид Карзай, 5-февраль, 2019-жыл.

Куралдуу кыймыл мындан 20 жыл мурун исламчыл радикализмдин жана терроризмдин очогу саналып, алардын бийлиги талоончулук менен диний экстремизмдин символундай сезилчү.

Эми болсо “Талибан” ооган согушун токтотуу үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн теңата катышуучусу. Москвадагы эки күндүк жолугушуудан Кремль өзүн оолак кармап, мындай жооптуу иш-чараны уюштуруу милдетин ооган диаспорасына жүктөдү. Адистер белгилегендей, мындай маанидеги жолугушуу Кремлдин макулдугусуз өтмөк эмес.

Тышкы иштер министри Сергей Лавров 4-февралда Бишкектеги басма сөз жыйынында америкалыктар тынчтык сүйлөшүүлөрүн “өз карамагына алуунун аракетинде” деп сындады.

"Айрым өлкөлөр, атап айтканда АКШ бул сүйлөшүүлөрдү өз тарабына тартып, аларды жашыруун, жабык жүргүзүүнүн аракетинде, - деди министр. - Мына жакында алар талибдер менен Катарда жолугушту. Ал эми Ооганстанга коңшу турган өлкөлөр америкалык өнөктөштөрүбүздүн эмне планы бардыгынан беймаалым отурат.

Берлиндеги "Эл аралык алакалар боюнча европалык кеңеш" деп аталган аналитикалык борбордун эксперти Густав Грессел "Азаттык" радиосу менен маегинде Ооганстан боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү Москва менен Вашингтондун “атаандаштыгына” токтолду. ​

​- Орусия “Талибан” кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү илгери сүрөп жатат. Алар америкалыктар Ооганстандан чыгып кеткенден кийин ошол орунду басып калгысы келет. Акыркы окуяларга назар салсак, америкалыктар чыгып кетчүдөй болуп калды. Бир жагынан бул орустарга Борбор Азияда өз таасирин арттырып, позициясын бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Экинчи жагынан, орустарга мүнөздүү болгондой, пост-советтик аймакта өзүнүн аскер күчтөрүн жайгаштыруу максатын ишке ашырат.

Москвада жолуккан эки тараптын өкүлдөрүнүн оогандардын "Tolo News" телеканалына айтканына караганда, алар сүйлөшүүнү улантуу үчүн жакынкы мезгилде Катардын борбору Дохада жолугушууну макулдашты.

Эки тарап тең америкалык аскер күчтөрүн ооган жергесинен чыгаруу үчүн “Талибан” кыймылы менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү кубатташты. Талибдердин делегациясынын башчысы Шер Мухаммад Аббас Станикзай бул багытта Вашингтон менен сүйлөшүү жүрүп жатканын ырастады:

- Америкалыктар менен аскер күчтөрү боюнча сүйлөшүп, аларды чыгарууга аракеттенип жатабыз. Ал күчтөр мүмкүн болушунча эртерээк чыгып кетиши керек. Ушул тапта качан чыгаары белгисиз. Биз азыр ошону макулдашып жатабыз.

Москвага 40тай кишини баштап келген экс-президент Хамид Карзай эки күндүк сүйлөшүүгө “өтө канааттанганын” билдирди. ​“Көңүл чордонундагы маселелер – тынчтык, туруктуулук жана Ооганстанды чет элдик күчтөрдөн бошотуу. Ооганстанга сырттан эч кандай кийлигишүүнү болтурбоо” - деди Карзай. Ганинин бийлигинин дарегине "Өкмөт бул сүйлөшүүлөргө катышса болмок, биз деле аны каалаганбыз" - деди.

Эки жума мурда АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн Дохада өткөн жолугушуусу алты күнгө созулган. Анда Вашингтон менен “Талибан” кыймылынын расмий өкүлдөрү өз ара макулдашуунун жалпы шарттары боюнча бир чечимге келишкени маалым болгон. Алардын Дохадагы кезектеги сүйлөшүүлөрү 25-февралда өтөрү кабарланды.

Ал эми Кабул администрациясы Москвадагы жолугушууну "саясий оппоненттердин мыйзамдуу шайланган бийликтин беделине доо кетирүү аракети" деп сындады. Президент Ашраф Гани “ага катышкандар өз алдынча жүргөн жеке адамдар” деп сыпаттады. “Карзай мырза Москвадан эмне менен кайтып келгенин көрөбүз. Мен ага ийгилик каалайм” – деди ооган президенти.

“Талибандын” жетекчилери Ооганстандын өкмөтү менен бетме-бет отурууга сыртын салып, Кабулдагы бийликти “куурчак” өкмөт деп баалап келатат. Алар Вашингтон менен түз сүйлөшүүнү талап кылып жүрүшкөн.

Дональд Трамп, 6-февраль, 2019-жыл.
Дональд Трамп, 6-февраль, 2019-жыл.

Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп 5-февралдагы Конгресстеги жылдык кайрылуусунда Вашингтондун Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад Дохада жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдү "конструктивдүү" деп мүнөздөп, ал акыры барып ооган согушун токтотууга өбөлгө болот деген үмүтүн билдирген.

- Биздин эр жүрөк аскерлер Жакынкы Чыгышта 19 жылдан бери согушуп жатат. Ооганстанда жана Иракта биздин жети миңдей аскер өлдү. 52 миң америкалык оор жараат алды. Биз Жакынкы Чыгышка жети триллион доллар короттук.

Ооганстандагы соңку 18 жылдык согушка Кошмо Штаттар триллион долларга жакын каражат кетирди. Ооган жергесинде эки жарым миңдей америкалык жоокер курман болду.

Ушул тапта 14 миңдей америкалык аскер жергиликтүү коопсуздук күчтөрүн машыктырып жүрөт. Вашингтон үчүн ооган операциясынын жылдык чыгымы 45 миллиард долларга жетет.

АКШнын Браун университетинин "Согуштун баасы" деп аталган баяндамасында келтирилген сандарга таянсак, 2001-жылы америкалык аскерлер Ооганстанга киргенден 2018-жылга чейин 40 миңге чукул карапайым адамдын өмүрү кыйылган.

Ооган улуттук армиясы менен полициясынын 58,596 кызматкери, эл аралык күчтөрдүн миңден ашуун жоокери курман болгон.

Ошондой эле 50дөн ашуун журналист, гуманитардык жана бейөкмөт уюмдардын 60тан арбын өкүлү жарыкчылык менен кош айтышты.​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG