Линктер

шейшемби, 18-июнь, 2019 Бишкек убактысы 22:57

Кыргыз-орус алакасынын "кыйытма" тили


Сергей Лавров жана Сооронбай Жээнбеков.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Сапардын башкы максаты орус президенти Владимир Путиндин Бишкекте мартта өтө турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү деп түшүндүрүлдү.

Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров эки күндүк сапарында орус президенти Владимир Путиндин Кыргызстанда өтчү расмий сапарына камылгаларды расмий Бишкек менен талкуулады. Бирок коомчулукка алардын баары ачык айтыла элек. Белгилүү жагы - эки лидер Кыргызстанга Орусиянын аскердик базасын жайгаштыруу маселесин талкуулабайт. Бул тууралуу Бишкектеги жолугушууларда Орусиянын да, Кыргызстандын да тышкы иштер министрлери айтышты.

- Бул маселе талкууланган жок. Бул суроону Кыргыз-Орус (Славян) университетинде жыйын учурунда беришти. Бирок расмий түрдө кандайдыр бир сунуш ала элекпиз, - деди Лавров.

Ага чейин Кыргыз-Орус (Славян) университетинде студенттер менен жолугушууда Лавров мындай демилге жөнүндө биринчи жолу укканын билдирген.

- Бул биздин демилге эмес, - деген башкы орус дипломаты. - Ошондуктан биз ал жөнүндө биринчи жолу уктук. Кыргызстандык досторубуз менен аларда жаралып жаткан идеяларды талкуулаганга даярбыз.

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Орусиянын экинчи базасы боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө таянуу менен кескин жооп бергендей болду.

Чыңгыз Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков.

- Бул маселе бүгүн көтөрүлгөн жок, - деди ал. - Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жакында эле басма сөз жыйынында бул боюнча так билдирүү жасаган.

Сооронбай Жээнбеков былтыр жыл аягында «Кыргызстанда Орусиянын бир эле аскердик базасы жетиштүү» деген пикирин айткан эле.

Кыргызстандын аймагында экинчи аскердик базаны ачуу боюнча талкуулар өткөн аптада Кыргызстандын Орусиядагы жаңы дайындалган элчиси Аликбек Жекшенкуловдун Москвадагы мамлекеттик ТАСС агенттиги менен болгон маегинен башталган. Анда Жекшенкулов расмий Бишкек Кыргызстанда Орусиянын экинчи аскердик базасын ачууну четке какпай турганын жана бул маселе Владимир Путиндин марттагы сапарында талкууланышы мүмкүн экенин билдирген эле. Ушундан тартып Кыргызстандагы маалымат каражаттарында кыргыз элчисинин билдирүүсү Орусиянын таасирин күчөтүү аракети катары кабыл алынып, ача пикирлерди жараткан болчу.

Коомчулуктун маанайын байкаган Аликбек Жекшенкулов бүгүн өз билдирүүсү бурмаланып, жаңылыш чечмеленип жатканын айтты:

Аликбек Жекшенкулов.
Аликбек Жекшенкулов.

- Мен социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында билдирүүмдү талкууга алып, тетири жакка бургандарга ошол маекте айтылгандарды жакшылап окусун деп кеңеш берет элем. Ал жерде эки өлкөнүн президенттери ушул маселени талкуулашы мүмкүн экендиги айтылган. Ошол эле. Эми бүгүн Ооганстанда абал курчуп баратканын билесиңер. Биздин түштүк аймактар Ооганстанга жакын эмеспи, ал жакта коопсуздук чараларын камсыз кылуу иретинде талкуу болушу мүмкүн. Балким талкуулабай калышы да мүмкүн.

Базанын айланасындагы акыркы кырдаалды эске алуу менен айрым эксперттер Орусия «бул боюнча Бишкек тарап өзү демилге көтөрдү» деген чечмелөөгө кызыкчылыгы бар экенин айтышууда.

Маселен, Москвадагы КМШ институтунун Борбор Азия өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн башчысы Андрей Грозин экинчи база боюнча Москва кырдаалды байкап, аракет кыларын белгиледи:

- Кыргызстандын түштүгүндө экинчи аскердик база ачуу боюнча маселе көптөн бери талкууланып келатат. Мунун учугу өлкөнү Бакиев башкарган жылдарга барып такалат десек да болот. Бирок Орусиянын бийлиги азыркы Кыргызстандын аймагында бирдиктүү аскердик базага бириктирилген объектиге өзгөртүү киргизүүнү анча деле каалабагандай. Бул жерде Ооганстандагы абал маанилүү. Эгер чынында эле бул аймакта абал курчуп бара жатса, анда Ош, Жалал-Абад же Баткен облустарынын аймагында аскердик объект ачууга киришиши мүмкүн.

Экинчи аскердик базаны айтпаганда деле Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бир топ талылуу маселелер турат. Алардын ичинен эки өлкөнүн ортосунда арабөк абалда турган Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын тагдыры эмгиче белгисиз. Бирок Сергей Лавров бул маселе боюнча кыргыз тараптын жаңы сунушу бар экенин билдирди. Азырынча эки тарап маселени кандай чечүүнү көздөп жатышканы белгисиз. Ошол эле кезде азырынча ачык айтылбай, бирок коомчулукта ар кыл түкшөмөлдү жараткан бир катар жагдайлар бар. Алардын бири - «Кыргыз темир жолу», «Кыргыз мунайгаз» деген мамлекеттик ишканаларды Орусияга сатуу боюнча маалыматтар.

«Кыргыз мунайгаз» ишканасын сатуу боюнча сөздөр азырынча парламентте гана жүрүп жатса, «Кыргыз темир жолу» ишканасы боюнча сүйлөшүүлөр бар экенин көрсөткөн, өткөн аптада Москвада болгон жолугушуу көп жоромолдорду жаратты. Анда «Кыргыз темир жолунун» директору Канатбек Абдрахманов «Орусия темир жолу» ишканасынын жетекчилиги менен жолугуп, темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча алдын-ала техникалык-экономикалык негиздеме иштеп чыгуу маселеси талкууланганы кабарланган.

Бул маалыматтар боюнча кыргыз өкмөтү эч кандай комментарий бере элек.

Жарандык активист Адил Турдукулов бул маселе боюнча бийлик жарандардын маанайын байкап иш кылып жатат деген пикирде.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- «Кыргыз темир жолун» акционердик башкарууга берип, кийин сатуу боюнча демилге көтөрүлүп жатканы ачык эле айтылып жатат, - деди ал. - Бул маселеде Орусия экономикалык пайдадан да геосаясий кызыкчылыктарды жогору коюп жаткандай. Себеби Борбор Азияга таасир этиш үчүн мурун Батыш менен тирешүү болсо, акыркы кезде бул аймактагы Кытайдын таасиринен чочулап, ага каршы туруу саясаты болуп жатат.

Орусия учурдагы Кыргызстандын башка стратегиялык өнөктөшү катары сыпатталат. Бул өлкөдө миллионго жакын кыргызстандык мигрант эмгектенет. Акыркы учурда бир катар талдоочулар Кыргызстандын тышкы саясаты бир тараптуу негизде Москвага артыкчылык бергенин айтып жүрүшөт.

Орусиянын Канттагы аскер-аба базасы 2003-жылы ачылган. Орусиянын төрт аскердик объектиси былтыр ага кошулуп, расмий бириккен аскер базасы деген макам ыйгарылган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG