Линктер

жекшемби, 17-февраль, 2019 Бишкек убактысы 19:35

Грессел: Орусия "Талибанды" пайдаланууну көздөйт


Берлиндеги «Эл аралык алакалар боюнча Европа кеңеши» аттуу талдоо борборунун эксперти Густав Грессел.

Ушул тапта Ооганстанда 18 жылга аяк баскан согушту басыш үчүн «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүлөр ургаалдуу жүрүп жатат.

Өткөн аптада Москвада «Талибан» кыймылы менен экс-президент Хамид Карзай баштаган ооган коомчулугунун делегациясынын сүйлөшүүсү эки күнгө созулду.

Андан мурда Вашингтондун делегациясы менен талибдердин өкүлдөрү Катарда жолугуп, алты күн бою сүйлөшүү жүргүзүшкөн.

Берлиндеги «Эл аралык алакалар боюнча Европа кеңеши» аттуу талдоо борборунун эксперти Густав Грессел «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

«Азаттык»: - Густав мырза, ушул тапта «Талибан» кыймылы менен тынчтык келишимин түзүш үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Андагы Москва менен Вашингтондун ролун кандай баалайсыз?

Густав Грессел: - Орусия «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү илгери сүрөп жатат. Москва америкалыктар ооган жергесинен чыгып кеткенден кийин ошол орунду басып калгысы келет. Акыркы окуяларга назар салсак, америкалыктар чыгып кетчүдөй болуп калды.

Бир жагынан бул орустарга Борбор Азияда өз таасирин арттырып, позициясын бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Экинчи жагынан орустарга мүнөздүү болгондой, постсоветтик аймакта өзүнүн аскер күчтөрүн жайгаштыруу максатын ишке ашырат. Орусиянын башкы көздөгөнү ушулар эмеспи.

«Азаттык»: - Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкектеги басма сөз жыйынында «америкалыктар тынчтык сүйлөшүүлөрүн менчиктеп алгысы келет» деп айтты. Сүйлөшүүлөр жанданган сайын Вашингтон менен Москванын атаандаштыгы дагы күчөдүбү?

"Талибандын" аскерлери, Ооганстан.
"Талибандын" аскерлери, Ооганстан.

Густав Грессел: - АКШнын президенти Трамп мүмкүн болушунча эртерээк ооган жергесинен жоокерлерин чыгарып кетүү аракетинде. Америкалыктардын аскердик жетекчилиги болсо Ооганстанда дагы калууну туура көрөт, анткени согуш бүтө элек, «Талибан» кыймылына ишенич жок.

Бул эми Вашингтондогу ички талаш-тартыш. Бирок кандай болгон күндө да америкалыктар чыгып кетээрден мурда бардык тарапты канааттандыра турган шарт түзүлөт го. Мен жеке өзүм «Талибандын» бийлигине ишене албайм.

Орусиянын эң башкы көздөгөнү – америкалыктардын ооган жергесинен чыгып кетиши. Андыктан ал талибдерди жакындан колдоп, сүйлөшүүлөргө аралашып, алардын көз карашына таасир этип, америкалыктардын толук чыгып кетишин талап кылууга шыкак берип жатат. Орустар Ооганстанда чектелген сандагы америкалыктар калгандан көрө өлкөнү талибдер толук колуна алышын артык көрүшөт.

АКШнын аскердик жетекчилиги менен тышкы иштер мекемеси Ооганстанда аз санда болсо да өз контингентин калтыргысы келет. Бул Орусиянын стратегиясынын биринчи багыты.

Экинчи маанилүү нерсе – Орусия «Талибан» кыймылы кандай бийлик жүргүзөрүн, анын исламчыл радикализмге негизделген идеялогиясы коңшуларга кандай коркунуч жаратарын билет. Мына азыр орустар ушулардын баарын салмактап туруп, америкалыктардын толук чыгып кетишине жетишүүнүн аракетинде.

«Талибан» Ооганстанда бийликти колуна алган соң Москва Борбор Азия өлкөлөрүнө таасирин күчөтүп, аскер күчтөрүн көбөйтүп, «ооган тараптан келген коркунучка каршы күрөшүү» деген жүйө менен чек араларды кайтарууга кызуу көмөктөшө баштайт. Москва буга чейин жарым-жартылай жасаган ишин күчөтөт.

«Азаттык»: - Вашингтондун позициясы кандай? Америкалыктар согушту бүтүрүп эле Ооганстан чыгып кетүүнү көздөп турабы?

Густав Грессел: - Кошмо Штаттар бул маселеге келгенде ич ара бөлүнүп калды. Анткени президент Трамп бирди кааласа, дипломаттары менен аскердик мекемелери башканы көздөйт. Бирок акыры барып Трампка баш ийишет, анткени ал мамлекеттин башчысы.

Вашингтон ушул тапта жок дегенде «Талибан» кыймылынын жоочулары менен ооган армиясынын ортосундагы ок атышууну токтоткусу келет. Азыр ооган өкмөтү өлкөнүн бир бөлүгүн башкарса, башка тарабы талибдердин көзөмөлүндө турат.

Вашингтондун максаты - «Талибандын» Перс булуңундагы өлкөлөрдөн барган исламчыл топторго баш калка берип, келечекте «Ал-Каида» жана «Ислам мамлекети» террордук тобунун машыктыруучу борборуна айланышына жол бербөөгө жетишүү.

Америкалыктардын дагы бир көздөгөнү - тынчтык келишимине жетишилгенден кийин азыркы ооган өкмөтү менен талибдер бийликти бөлүштүрүп, уруу башчыларын да мамлекеттик башкарууга аралаштырууга жетишүү.

«Азаттык»: - Вашингтон чектелген сандагы аскерин калтырууга кызыкдар болсо, талибдер алардын толук чыгып кетишин талап кылып жатат. Мындай жагдайда макулдашуу мүмкүнбү?

Вашингтондун позициясы канчалык солгун болсо, орустар ошончолук «Талибандын» картасын чаап, ооган согушун басууга умтулат.
Густан Грессел.

Густав Грессел: - Бул албетте, орустар үчүн жакшы жаңылык. Вашингтондун позициясы канчалык солгун болсо, орустар ошончолук «Талибандын» картасын чаап, ооган согушун басууга умтулат. Москва үчүн, мен жогоруда айткандай, ооган жергесинен америкалыктардын толук чыгып кеткени максатка ылайык.

Андыктан Кремль болгон дипломатиялык жана аскердик каналдары аркылуу америкалыктарды сүрүп чыгарууга жан үрөп жатат. Москва үчүн аймактагы туруктуулук эмес, ушул башкы маселе эмеспи. Биз муну эстен чыгарбашыбыз керек.

«Азаттык»: - Сиз жогоруда айткандай, сценарий ишке ашса, ооган согушунун жеңүүчүсү ким, жеңилгени ким болмокчу?

Густав Грессел: - Албетте, «Талибан» утат. Анткени алар кайра бийликти колуна алып, өлкөнү башкарат. Орусия утат, анткени алар америкалыктарды Ооганстандан толук чыгарууга жетишет. Ал эми аймакта кандай кырдаал түзүлөт? Бул суроого азырынча жооп жок.

«Талибан» бийликке келген соң 2001-жылдагыдай аёосуз фундаменталисттик режим кайра өкүм сүрбөйбү? Согуштун айынан өз мекенинен бозгон оогандардын аягы тыйыла элек.

Талибдердин бийлиги орносо ооган коомунда улуттук, уруулук, аймактык ажырым күчөйт. 2001-жылы америкалыктар Ооганстанга кире электе эле бул өлкөдө согуш жүрүп жаткан.

Ооганстандын келечеги – апийим гүлдөгөн өлкөгө айланат. Мунун коңшу өлкөлөргө коркунучу да, кесепети да оор болот.

«Азаттык»: - Дал ушул суроону берейин деп турам. Сиз айткан сценарий ишке ашса, анын Борбор Азия чөлкөмүнө таасири кандай болушу мүмкүн?

Густав Грессел: - Биринчеден, ооган качкындары жана маңзат аткезчилиги көбөйөт. Анткени «Талибанга» кандайдыр бир жол менен акча табуу керек. Өзүңөр билгендей, Ооганстанда өндүрүш же лыжа тебүү сыяктуу акча түшкөн жайлар жок.

Ошондой эле кырдаалга Сирия менен Ирак канчалык аралашат? Сауд Арабиясында, Иракта, Араб Эмираттарында акчалуу, таасирдүү, консервативдүү топтор бар, алардын колунда каражат жана колдогон күчтөрү турат.

Эгер ошол күчтөрдү Ирак менен Сирия сүрүп чыгарса, алар кайда барат? «Талибан» режими андай акчалуу, таасирдүү топтор менен ымала түзөбү же жокпу? Ошондой эле «Талибан» тышкы дүйнө менен кандай алака-байланыш түзөт деген суроо турат.

«Азаттык»: - Бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна кандай таасир этет? Чөлкөмдөгү мамлекеттердин армиялары алардын экономикасындай эле алсыз экени эч кимге жашыруун эмес го...

Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн позициясынан алып караганда, орустардын жигердүү аралаша башташы бери дегенде оңтойсуздук жаратат. Айрыкча 2014-жылкы Украинадагы окуялардан кийин Орусияга гана ишеним артып, Москвага таянуунун өзү кооптуу болуп калды.
Густав Грессел.

Густав Грессел: - Албетте, бул өлкөлөрдүн армиялары өлкөнү сырткы коркунучтан коргоого жөндөмсүз экени айкын.

Чөлкөмдөгү мамлекеттердин армиясы чек араны эмес, баш калааларында отурган саясий режимдерди коргоого гана кудурети жетет.

Чындыгында Ооганстан менен чек ара миңдеген чакырымга созулат. Коңшу өлкөлөрдүн аймагын тепчип, тоо-ташты камтыган чек араны кайтаруу оор милдет. Ушул тапта Орусия бул чөлкөмдө коопсуздуктун кепилдиги сыяктуу саясат жүргүзүп жатат.

Келечекте «радикалдык исламчыл идеялогияга каршы туруу» деген жүйө менен орустар аскерлеринин жана атайын кызматтарынын контингентин кеңейтет.

Ал эми Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн позициясынан алып караганда, орустардын жигердүү аралаша башташы бери дегенде оңтойсуздук жаратат. Айрыкча 2014-жылкы Украинадагы окуялардан кийин Орусияга гана ишеним артып, Москвага таянуунун өзү кооптуу болуп калды.

Андыктан бул өлкөлөр эртеби-кечпи Орусияга гана эмес, Кытайга да бирдей ишеним арта баштаса туура болор эле деп ойлойм. Кытай бул чөлкөмгө экономикалык гана колдоо көрсөтпөстөн, терроризмге, баңгизат аткезчилигине каршы күрөштө жана ыкчам чалгын иштерин жүргүзүүдө кызматташтыгын күчөтүүгө кудурети жетет.

Ошондо гана бул мамлекеттер Орусия менен Кытайдын ортосунда кандайыр бир тең салмактуулукту сактап, Москва менен Бээжиндин тилин бирдей тапмак.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG