Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:51

17 жылдык согуш: "Талибан" ийге келеби?


Ооганстандын аскерлери атайын операция өткөрүү учурунда. Нангархар провинциясы. 3-январь, 2018-жыл.
Ооганстандын аскерлери атайын операция өткөрүү учурунда. Нангархар провинциясы. 3-январь, 2018-жыл.

Ушул күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында Ооганстандагы 17 жылдык согушту токтотуу багытындагы баштапкы сүйлөшүүлөр өтүп жатат.

Абу-Дабиде 17-декабрда башталган үч күндүк жолугушуу Ооганстан өкмөтү менен “Талибанды” жараштыруу боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү баштоодо маанилүү учур катары каралууда. Ага согушкерлерге таасир эте алат делген Сауд Арабиясынын, Пакистандын жана АКШнын өкүлдөрү да катышып жатат.

Кабул делегациясынын башчысы Абду Салам Рахими 18-декабрда Абу-Дабиде АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад менен жолукту. Анын жардамчысы Харун Чахансуринин айтымында, өкмөттүк делегация “коңшулар жана “Талибандын” өкүлдөрү менен бетме-бет эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү” баштайт. Ал эми өкмөт башчы Абдулла Абдулланын басма сөз катчысы Омид Мейсами “Ооганстандын өкүлдөрү менен “Талибандын” түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогору” деп билдирди.

Ошол эле кезде талибдердин өкүлү Забихулла Муджахид согушкерлер ооган делегациясы менен көзмө-көз жолугары тууралуу маалыматтты четке каккан. “Кошмо Штаттардын өкүлдөрү менен оккупацияны токтотуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат, буга Кабул администрациясынын тиешеси жок” деп айтылат Забихулла Муджахиддин билдирүүсүндө. Ал “Талибандын” өкүлдөрү Пакистандын жана Сауд Арабиясынын расмий өкүлдөрү менен жолуккандыгын да ырастады.

Ооганстан.
Ооганстан.

Талибдер башынан бери эле ооган өкмөтү менен түз, расмий сүйлөшүүлөрдү баштоого каршы болуп келет. Муну алар биринчи кезекте Кошмо Штаттар менен макулдашууга жетүү зарыл деп түшүндүрүшөт.

Вашингтондун Ооганстан боюнча атайын өкүлү, теги оогандык Залмай Халилзад буга чейинки билдирүүсүндө “Талибан” менен кийинки жылы апрелде өтө турган президенттик шайлоого чейин тынчтык макулдашуусуна жетишүү ниетин айткан.

Ал эми 28-ноябрда ооган президенти Ашраф Гани талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жол картасы иштелип чыкканын билдирген:

Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

- Биз ооган талибдеринин төмөнкү принциптерди сыйлоо менен демократиялуу жана инклюзивдүү коомдун бир мүчөсүнө айланышын шарттаган тынчтык келишимин түзүүнү көздөйбүз. Биринчиден, бардык жарандардын, өзгөчө аялдардын конституциялык укуктары менен милдеттери камсыз кылынышы керек. Экинчиден, Конституциянын талаптарын кабыл алуу зарыл же анын беренелерине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Үчүнчүдөн, Ооганстандын улуттук коргонуу жана коопсуздук күчтөрү, жарандык кошуундар мыйзам чегинде иш алып барышы керек.

Абу-Дабидеги жолугушуунун мазмуну тууралуу азырынча кеңири маалымат айтыла элек. Мурдагы жолугушууларда ок атышууну токтотуу жана өлкөдөн Батыш аскерлерин чыгаруу жөнүндө сөз болуп келген. “Талибан” туткундарды бошотуунун жана өлкөдөн чет элдик аскерлерди чыгаруунун так графигин сураган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстанды калыбына келтирүү миссиясынын башчысы Тадамачи Ямамото 17-декабрда уюмдун Коопсуздук кеңешиндеги сөзүндө азыркы сүйлөшүүлөр тынчтыкка жетишүүнү баштоого үмүт жаратарын айтты:

Тадамачи Ямамото.
Тадамачи Ямамото.

- Байланыштардан сүйлөшүүлөргө өтүү менен биз көңүлдү согуш логикасынан тынчтыкка жетишүү мүмкүндүгүнө бура алабыз. Бул аракет аркылуу чөлкөмдүн ортосундагы туруксуз, коркунуч жараткан Ооганстандан үмүткө толгон жана өнүгүү артыкчылыгы бар туруктуу Ооганстанга өтүүнү болжоп жатабыз.

“Талибан” учурда Ооганстандын жарымынан көп аймагына ээлик кылат. Ал Батыш мамлекеттери колдогон өкмөттүк күчтөргө каршы ондогон аскерлердин жана карапайым адамдардын өмүрүн алган чабуулдарды уюштуруп келе жатат.

Ооганстанда НАТОнун 14 миңдей аскери бар. Алар негизинен жергиликтүү аскерлерди окутуу менен алектенет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG