Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 00:37

АКШ Пакистандан "Талибан" боюнча жардам күтөт


"Талибандын" Москвадагы жыйынга келген мүчөлөрү. 9-ноябрь, 2018-жыл.

АКШ Пакистандан Ооганстан боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүндө жардам берүүнү өтүндү. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү расмий Исламабад айтып чыкты. Ак үй бул билдирүүнү азырынча ырастай элек.

АКШ Ооганстандын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө “Пакистан таасир этет” деген “Талибанды” тартууга аракет кылып жатканы буга чейин да кабарланган.

Пакистан тараптын билдиргенине караганда, президент Дональд Трамп премьер-министр Имран Ханга кат жазып, анда расмий Исламабадды Ооганстан боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жардам көргөзүүнү суранды. Өлкөнүн маалымат министри Фуад Чхоудхринин айтымында, Трамп ал катта ““Талибанды” сүйлөшүүгө алып келүүдө Пакистандын кызматташуусун суранган".

Ак үй Пакистан тараптын маалыматын ырастай элек, азырынча бул кабарга АКШнын Исламабаддагы элчилиги да комментарий берген жок.

Имран Хан.
Имран Хан.

Сөз болуп жаткан кат - Пакистандын быйыл августта бийликке келген азыркы өкмөт башчысы Имран Хан менен Трамптын алгачкы түз байланышы. Трамп былтыр жайында Түштүк Азия жана Ооганстан стратегиясын жарыялагандан бери эле Пакистанды утур-утур сынга алып келатат.

Ал өткөн айда эле "Fox News" телеканалындагы маегинде Пакистан өз чек араларында ооган талибдери жана “Хаккани” кыймылынын согушкерлери баш калкалаган жайларды жок кылыш үчүн жетиштүү чара көрбөгөнүн эске салган. АКШ президенти Исламабад миллиарддаган долларлык жардамга карабай Вашингтон үчүн эч нерсе жасабаганына токтолгон.

Ал ошондой эле Пакистандын жетекчилигин 2011-жылы Абботабад шаарында атайын рейд учурунда атып өлтүрүлгөнгө чейин “ал-Каиданын” лидери Усама бин Ладенди жашырганы үчүн күнөөлөгөн.

Расмий Исламабад Трамптын бул сөздөрүнө ызаланып, АКШнын Пакистандагы башкы дипломатын Тышкы иштер министрлигине чакырган.

АКШнын Коргоо министрлиги - Пентагон быйыл сентябрда Пакистанга 300 миллион долларлык аскердик жардамды токтотконун жарыялаган. Анын алдында АКШ Конгресси да Пакистанга 500 миллион долларлык жардамды бербей койгон.

Трамптын администрациясы Пакистанга берилүүчү коопсуздук боюнча жардамдардын башка формалары да кыскартылып, бул сумма кеминде 1,3 миллиард долларга жетерин эскерткен.

Вашингтондун атайын чабарманы Залмай Халилзад өткөн айда Катарда талибдердин өкүлдөрү менен бир нече айлампа сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Трамп Имран Хандан жардам сураган кат тууралуу кабар ошондон кийин тарады.

Залмай Халилзад.
Залмай Халилзад.

- Элдешүү жана тынтык мүмкүнчүлүктөрүн иликтеш үчүн мен оогандардын баары - саясий жөнгө салуу жараянына кызыкчылыгы бар тараптардын баары менен кездешип жатам. Мен билгенден ооган өкмөтү тынчтыкты каалайт. Талибдер да аскердик ийгиликке жетерине анча ишене бербей тургандыгын айтып жатышат. Демек алар деле калган маселелер тынчтык, саясий сүйлөшүү жолу менен чечилишин каалашат. Мен билгенден эл аралык коомчулук, өзгөчө мен өкүл болгон АКШнын өкмөтү да ушуну каалар эле. Менимче, талибдер жана башка оогандар шайлоо мөөнөтүн тынчтык макулдашууга жетиш үчүн акыркы мөөнөт катары колдонот деп үмүттөнөм. Бул менин үмүтүм, - деген эле Халилзад талибдер менен кездешүүсүнөн кийин кабарчыларга. Ал айткан шайлоо мөөнөтү - Ооганстандын келерки жылдын апрелинде өтүшү керек болгон президенттик шайлоосу.

Өзү “Талибан” Ооганстандын өкмөтү менен бетме-бет сүйлөшүүлөрдөн баш тартып, АКШ менен гана сүйлөшөрүн билдирип келатат. Согушкерлер ошондой эле сүйлөшүүлөр башталганга чейин НАТОнун күчтөрү өлкөдөн чыгып кетиши керек деп да эсептешет.

Бирок акыркы жумаларда АКШнын дипломаттары “Талибанды” “мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай” Ооганстандын өкмөтү менен түз сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырган учурлар болду. Ооган президенти Ашраф Гани өткөн аптада, Женевада Бириккен Улуттар Уюмундагы донорлор жыйынында сүйлөгөндө “Талибан” менен элдешүүнүн айрым шарттарын атаган.

Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

- Биз ооган талибдери демократиялык жана ар тараптуу коомго кошулган тынчтык макулдашууну көздөп жатабыз, - деген эле Гани. - Бул биринчиден, Ооганстандын бардык жарандарынын, өзгөчө аялдардын конституциялык милдеттери менен укуктарынын камсыздалышы. Экинчиден, Конституцияны жана аны өзгөртүүнү конституциялык жобо аркылуу кабыл алуу. Үчүнчүдөн, Ооганстандын улуттук коргонуу, коопсуздук күчтөрү, мамлекеттик кызматы мыйзамга ылайык иштеши. Төртүнчүдөн, эл аралык террористтик түйүндөр, эл аралык кылмыштуу топтор же Ооганстанга таасир этүүнү көздөгөн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес тараптар менен байланышы бар куралдуу топтордун бири да саясий жараянга кошула албагыдай болушу керек.

Ашраф Гани БУУдагы сөзүндө “Талибан” менен сүйлөшүүнүн “жол картасы” иштелип чыгып, он эки кишиден турган топ түзүлгөнүн да кошумчалаган.

Сүйлөшүү жүргүзүү аракеттерине жана чакырыктарына карабай Ооганстандагы чабуулдар менен уруштарда азырынча тыным боло элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG