Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Кабул сүйлөшүүлөрдүн жол картасын жарыялады


Ашраф Гани Женевадагы конференцияда, 28-ноябрь 2018-жыл.
Ашраф Гани Женевадагы конференцияда, 28-ноябрь 2018-жыл.

Ооган президенти Ашраф Гани талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жол картасы иштелип чыкканын билдирди. Буга чейин АКШнын атайын чабарманы "Талибан" кыймылы менен Катарда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келген эле.

Ооганстандагы согушту токтотуу жолдорун талкуулаган Женевадагы эл аралык конференцияда ооган президенти Ашраф Гани тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жаңы барагы ачылып жатканын айтты.

Ал ооган өкмөтү "Талибан" кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 12 кишиден турган күчтүү топ түзгөнүн, тынчтык орнотуу жараянынын жол картасын иштеп чыкканын да жарыялады.

Талибдер менен сүйлөшө турган топту президенттин аппаратынын башчысы Абдул Салам Рахими жетектей турган болду.

Президент Гани сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кандай гана мунаса табылбасын, анда айрым негизги принциптер камтылышы зарылдыгын билдирди:

- Биз ооган талибдеринин төмөнкү принциптерди сыйлоо менен демократиялык жана инклюзивдүү коомдун бир мүчөсүнө айланышын шарттаган тынчтык келишимин түзүүнү көздөйбүз. Биринчиден, бардык жарандардын, өзгөчө аялдардын конституциялык укуктары менен милдеттери камсыз кылынышы керек. Экинчиден, Конституциянын талаптарын кабыл алуу зарыл же анын беренелерине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Үчүнчүдөн, Ооганстандын улуттук коргонуу жана коопсуздук күчтөрү, жарандык кошуундар мыйзам чегинде иш алып барышы керек.

Ошондой эле Ашраф Гани Ооганстанга таасир көргөзүүнү каалаган мамлекеттерге же мамлекеттик эмес оюнчуларга, транс-улуттук террорчул түйүндөргө же кылмыштуу топторго байланышы бар бир да куралдуу топ саясий жараянга катыша албай турганын баса белгиледи. Ал кандай гана тынчтык келишими болбосун, аны ишке ашырууга кеминде беш жыл керек экенин кошумчалады.

Вашингтон талибдерди сүйлөшүүгө чакырды

Ооганстанда талибдер менен "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун чабуулдары токтобой келет.
Ооганстанда талибдер менен "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун чабуулдары токтобой келет.

2014-жылы НАТО күчтөрү өлкөдөн чыгып кеткенден кийин талибдер ооган күчтөрүн бутага алууну улантып, ооган армиясы айрым учурда согушкерлердин чабуулдарынын мизин кайтара албай убара тартып келет.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы 17 жылдан ашык убакыттан бери уланып келе жаткан ооган чатагын токтотууга аракет кылаарын билдирип жатат. Ушул айдын башында Вашингтондун Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад Катар мамлекетинде талибдер менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

"Талибан" кыймылы Батыш колдогон ооган өкмөтү менен түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүү тууралуу АКШнын талабын аткаруудан баш тартып келгени белгилүү.

Женевада 27-28-ноябрда өткөн эл аралык конференцияда АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Дэвид Хейл талибдерди сүйлөшүүгө чакырды:

- "Талибан" эчак эле тынч жол менен мунаса табууга аракет кылышы керек эле. Биз талибдерди ок атышпоого жана ыйгарым укугу бар сүйлөшүү тобун дайындоого чакырабыз. Өзүбүз тараптан, Америка оогандар жетектеген жана оогандар кожоюндук кылган сүйлөшүүлөрдү колдоону улантат. Ооганстанда тынчтык орнотууга болот жана бул мүмкүнчүлүктү колдонуп калышыбыз керек.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттереш да Женевадагы жыйынга жолдогон кайрылуусунда ооган өкмөтү менен талибдердин ортосунда түз сүйлөшүү өткөрүүгө сейрек мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини "конкреттүү сүйлөшүүлөрдү" өткөрүүгө мезгил жеткенин айтса, Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф "чет өлкөлүк күчтөр чөлкөмдө эч качан туруктуулук орното алган эмес" деп билдирди.

Орусиянын арачы болуу аракети

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен "Талибан" кыймылынын Катардагы кеңешинин башчысы Шер Мохаммад Аббас Станакзай менен Москвадагы сүйлөшүүлөрдө, 9-ноябрь 2018-жыл.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен "Талибан" кыймылынын Катардагы кеңешинин башчысы Шер Мохаммад Аббас Станакзай менен Москвадагы сүйлөшүүлөрдө, 9-ноябрь 2018-жыл.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ооганстанда кырдаал курчуп баратканын айтты:

- Өлкөдө аскердик жана саясий абал начарлап баратканына мурдагыдай эле тынчсызданып турабыз. Ооган кризисин саясий жол менен гана чечсе болот деген пикирдебиз. Кеңири масштабдагы, өкмөттүн, талибдердин жана бардык саясий күчтөрдүн катышуусундагы, ооган элинин ортосундагы инклюзивдүү диалогду баштоо зарыл.

Женевадагы жыйында айтылган сөздөргө "Талибан" кыймылы азырынча жооп кайтара элек. 9-ноябрда ооган маселесин талкуулаган Москвадагы жыйында талибдердин өкүлдөрү расмий Кабул менен сүйлөшүү өткөрүүгө даяр эместигин билдиришкен.

Орусия ооган бийлиги менен "Талибан" кыймылынын ортосунда өзүнчө тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө аракет кылып келет. Сентябрь айында Кремль арачылык кылган алгачкы сүйлөшүүлөргө расмий Кабул катышуудан баш тарткан.

Ноябрда Москвадагы жыйынга ооган өкмөтү атайын чабармандарын жөнөтпөсө да, өкмөт дайындаган Жогорку тынчтык кеңешинин айрым мүчөлөрү катышкан. АКШ бул сүйлөшүүгө Москвадагы бир дипломатын байкоочу катары жөнөткөн.

БУУнун жетеги менен уюштурулган Женевадагы жыйындын биринчи күнүндө Евробиримдик Ооганстанга 535 миллион доллардык финансылык жардам көрсөтөөрүн жарыялады. Бул каражат саламаттыкты сактоо, сот системасы жана миграция тармактарында реформаларга жумшалат деп кабарланды.

“Талибан” шариат эрежелери менен башкарылган мамлекет кургусу келет. 1996-жылы талибдер Ооганстанда бийликти басып алып, 2001-жылы кулатылган. 2003-жылы Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши "Талибанды" террордук уюм катары тааныган.

17 жылдан бери талибдер өлкөдөгү эл аралык коомчулук тааныган өкмөткө, аны колдогон чет элдик күчтөргө каршы согушуп келет. Акыркы маалыматтарга караганда Ооганстандын 40% кем эмес аймагын "Талибан" көзөмөлдөп турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG