Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Евробиримдик Ооганстанга 500 миллион доллар бөлүүгө убада берди


Ооган президенти Ашраф Гани Женевадагы конференцияда. 27-ноябрь, 2018-жыл.
Ооган президенти Ашраф Гани Женевадагы конференцияда. 27-ноябрь, 2018-жыл.

Бириккен Улуттар Уюму уюштурган донорлордун конференциясында Евробиримдик Ооганстанга жаңы жардам иретинде 474 миллион евро же 535 миллион доллар берилерин жарыялады.

Ондогон өлкөлөрдүн дипломаттары катышып жаткан конференцияда ооган президенти Ашраф Гани да чыгып сүйлөдү.

Женевадагы жыйын Ооганстандын өкмөтү 2016-жылдагы донорлор конференциясынан кийин өлкөнүн билим берүү, саламаттык сактоо секторлоруна, инфраструктурасына, коррупцияга каршы күрөшкө берилген чет элдик жардамды кандай колдонгонун баалоо максатын да көздөйт.

Европа комиссиясынын билдиргени боюнча, алардын жаңы каражатынын 311 миллион евросу Ооганстандагы реформаларды колдоого жумшалат.

Донорлор конференциянын жүрүшүндө Ооганстандын өкмөтү өнүгүү стратегиясын сунуш кылып, донорлор дагы миллиарддаган доллар тууралуу убада бериши күтүлүүдө. Маселен, 2016-жылы Брюсселде болгон конференцияда Ооганстанга 15,2 миллиард доллар бөлүнөрү айтылган.

Конференция АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы “Талибан” кыймылы менен расмий тынчтык жараянын баштоону көздөп жаткан учурда өтүп жатат. АКШнын азыр Ооганстанда 14000дей жоокери бар. (UE)

XS
SM
MD
LG