Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Абу-Дабиде “Талибан” менен сүйлөшүүлөр өтүп жатат


"Талибандын" Москвадагы жыйынга келген мүчөлөрү. 9-ноябрь, 2018-жыл.
"Талибандын" Москвадагы жыйынга келген мүчөлөрү. 9-ноябрь, 2018-жыл.

“Талибан” менен АКШнын ортомчулугу астындагы сүйлөшүүлөргө катышканы кечээ Бириккен Араб Эмираттарына ооган өкмөтүнүн чабармандары да барды.

17-декабрда башталган үч күнкү сүйлөшүүлөр “Талибан” менен ооган өкмөтүнүн ортосунда расмий тынчтык жараянын баштоодогу маанилүү кадам деп каралууда.

Бул ирет жолугушууларга “Талибанга” олуттуу таасири бар өлкөлөрдүн: Сауд Арабиясынын, Пакистандын, Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлдөрү да катышууда. Алар 2001-жылы АКШ Ооганстанда аскердик операция баштаганга чейин “Талибандын” ошол кездеги өкмөтүн тааныган.

Бирок азыр кайсы маселе каралып жатканы анык эмес. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдө Ооганстанда ок атышууну токтотуу, чет элдик күчтөрдү өлкөдөн чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулган. “Талибан” болсо өзүнүн камактагы адамдарын бошотууну, чет элдик аскерлерди чыгаруунун графигин берүүнү суранганы кабарланган.

Ооганстандын президенттик аппаратынын өкүлү Харун Чахансури Абу-Дабиде алардын делегациясы “Талибандын” адамдары менен бетме-бет кездешүүгө даяр экенин айтса, “Талибандын” басма сөз катчысы Забихулла Мужахид мындай жолугушуунун мүмкүнчүлүгүн четке какты.

Талибдердин жетекчилиги ооган өкмөтү менен түз сүйлөшүүдөн көптөн бери эле баш тартып, мунун ордуна АКШ менен макулдашууга жетишүүнү көздөй тургандыгын айтып жүрөт.

Расмий Вашингтон “Талибан” менен буга чейин болгон жолугушууларды ырастаган да, төгүндөгөн да эмес. Бирок “Талибан” өткөн айда да кыймылдын саясий кеңсеси бар Катар өлкөсүндө Кошмо Штаттардын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад үч жолу сүйлөшүү өткөргөнүн жарыялаган.

Ал эми ооган президенти Ашраф Гани ушул айдын башында Бириккен Улуттар Уюмундагы жыйында “Талибан” менен сүйлөшүүнүн “жол картасы” иштелип чыгып, 12 кишиден турган топ түзүлгөнүн билдирген.

Сүйлөшүү жүргүзүү аракеттерине жана чакырыктарына карабай Ооганстандагы чабуулдар менен уруштарда азырынча тыным боло элек. (UE)

XS
SM
MD
LG