Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Cоветтик армиянын Ооганстандан чыгарылганына отуз жыл болду


Ооганстандан чыгып бараткан советтик аскерлер. 1988-жыл.
Ооганстандан чыгып бараткан советтик аскерлер. 1988-жыл.

Буга байланыштуу Улуттук филармонияда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өтүп жатат. Мамлекет башчы өз сөзүндө ооганчы ардагерлерди куттуктап, Кыргызстан тынч болушу үчүн жалпы Борбор Азия аймагы тынч болушу керек экенин айтты:

- Борбор Азия бүгүн да дүйнөлүк коомчулуктун назарында. Анткени азыр да согуштук аракеттер болуп жатат. Биз ооган бийлигинин аймакты тартипке келтирүү боюнча аракетин колдойбуз. CASA долбоору ишке ашса, Кыргызстан электр энергиясын Ооганстанга, Пакистанга экпорттошуна кеңири мүмкүнчүлүк ачылат. Ал үчүн аймакта тынчтык болушу керек.

Мамлекет башчысы ошондой эле кыргыз жарандарынын ар кандай террордук топторго кошулуп кетишине жол бербөөгө чакырды.

1979-89-жылдары Ооганстанда "интернационалдык кызмат өтөөгө" 7 миң 141 кыргызстандык жоокер чакырылган. Анын ичинен 249 жоокер ооган жергесинде курман болуп, 504ү жараат алган. Төртөө бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз. Согуштун кесепетинен нерв жана жүрөк ооруларына чалдыккан миңге чукул ооганчы кайтыш болгон. Расмий маалыматтар боюнча, учурда алты миңге жетпеген ооганчы ардагер бар. (TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG