Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Отуз жылдыкка карата ооганчыларга беш миң сомдон берилди


Ооганчыларды эскерүү учуру. 15-февраль, 2018-жыл.
Ооганчыларды эскерүү учуру. 15-февраль, 2018-жыл.

Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылганынын отуз жылдыгына карата Кыргызстандагы ар бир ооганчы ардагерге беш миң сомдон берилди.

Бул үчүн мамлекет тарабынан 28 млн. сом бөлүнгөн. Бул тууралуу 15-февралда советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына отуз жыл толгонуна карата салтанаттуу иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Мамлекет башчы жыл өткөн сайын катары суюлуп бара жаткан ооганчы-ардагерлерге мамлекет колунан келишинче материалдык жардам көрсөтүп келе жатканын кошумчалады.

Ооган согушуна катышкан ардагерлер учурда ай сайын алты миң сомдон пенсия алат. 2009-жылга чейин алар жылына бир жолу КМШ өлкөлөрүнүн ичинде учакты, поездди жана автобусту акысыз пайдаланып, бир тараптан экинчи тарапка барып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болчу. Жылына бир жолу 12 күнгө курорт-санаторийде акысыз дарыланышчу. Мамлекет тарабынан автоунаа, үй алганда да жеңилдиктер каралчу. 2009-жылы жүргүзүлгөн оптимизациянын натыйжасында бул жеңилдиктердин баары ай сайын 6 миң сомдон төлөнүүчү жөлөкпулга алмашкан.

Согушта жарадар болгондор жети миң сом пенсия алат. Ал эми согуштан кайтпай калган жоокерлердин жакындарына ай сайын миң сомдон пенсия каралган.


1979-89-жылдары Ооганстанда "интернационалдык кызмат өтөөгө" 7 миң 141 кыргызстандык жоокер чакырылган. Анын ичинен 249 жоокер ооган жергесинде курман болуп, 504ү жараат алган. Төртөө бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз. Согуштун кесепетинен нерв жана жүрөк ооруларына чалдыккан миңге чукул ооганчы кайтыш болгон. Расмий маалыматтар боюнча, учурда алты миңге жетпеген ооганчы ардагер бар.

XS
SM
MD
LG