Линктер

жекшемби, 17-февраль, 2019 Бишкек убактысы 19:36

Сынчыл ой жүгүртүү фанатизмден сактайт


Ош шаарындагы мечит.

Кыргызстанда канткенде "биз" жана "башкалар" деп коомду экиге бөлгөн диний фанатизмди токтотууга болот? Түркиядагы жаш кыргыз илим изилдөөчү Гүлдана Мурзакулдун макаласы.

Сынчыл ой жүгүртүү – фанатизмге каршы чара

Акыркы он жыл ичинде Кыргызстанда исламдан башка динге өткөндүгү үчүн токмоктолгон, үй-жайы өрттөлгөн же сөөгүнө мусулмандар көрүстөнүнөн жай берилбеген жарандар тууралуу маалыматтар чыга баштады.

“Ислам мамлекети” сымал террористтик топторго кошулган кыргызстандыктар боюнча маалыматтар көбөйдү.

Мындан сырткары соңку 10 жылда өздөрүн “патриот” деп атаган эркек кишилер Орусиядагы кыргыз кыздарды башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле курду деп айыптап, жылаңачтап уруп, коркутуп суракка алган видеолорду жарыялады.

Өздөрүн “улут намысын коргоочу” деп эсептеген кишилердин тобу Кыргызстанда чет элдиктер барган караоке клубдарга мыйзамсыз “рейддерди” уюштуруп, ал жердеги кыргыз кыздарды басмырлап, видеого тартып, Интернет айдыңына жарыялап келе жатат. Ушул эле адамдар чет элдиктер эмгектенген жана иштеткен соода борборлору менен компанияларга да өзүмбилемдик менен “рейд” жасап, ал жердеги чет элдиктердин документтерин текшерип келет.

Бул окуялар Кыргызстанда диний фанатизм менен улутчул фанатизмдин коомдогу “көп түрдүүлүккө”, адам укуктарына жана мамлекеттин аброюна доо кетирген абалга жеткенинен кабар берет.

Диний жана улутка карата фанатизм экстремисттик жана террорчул иш-аракеттерге пайдубал боло алганы менен коом үчүн кооптуу. Ошондуктан фанатизмдин ушул түрлөрүнө каршы атайын чаралар Кыргызстанда иштелип чыгышы керек.

Сынчыл ой жүгүртүү фанатизмге жеткирбейт

Фанатизм, жалпысынан айтканда, кандайдыр бир идеяга, ишенимге ж.б. нерсеге абдан катуу берилүү, аны жан-дили менен колдоо жана коргоо болуп саналат. Фанатизмге оогон адам өзүнүн пикирин жана ага байланыштуу өзүнүн иш-аракеттерин абсолюттук түрдө туура деп эсептеп, башкалардын пикирин жек көрөт.

Фанатиктин аң-сезиминде дүйнө “биз” жана “алар” деген эки топко бөлүнөт. Айрыкча фанатизмдин коомду ойрондото турган күчкө ээ түрлөрүндө (мисалы, диний, улутка карата фанатизмде) фанатиктер “алар” деген топтогуларды дүйнөдөгү бардык негативдүү нерселердин, жамандыктардын булагы катары көрүшөт.

Ошондой эле дүйнөнүн жаман да, жакшы да сапаттарга ээ болгон ар кандай адамдардан тураарын кабылдашпай, дүйнөнү жакшылык менен жамандыктын, ак менен каранын согуш майданы деп элестетишет.

Сынчыл ой жүгүртүү, жалпысынан айтканда, талдоо жүргүзүүнү, логикага таянууну жана далилдерге негиздеп бүтүм чыгарууну камтыган ой жүгүртүү түрү болуп саналат.
Гүлдана Мурзакул

Фанатиктер “биз” деген топтогуларды – демек, өздөрүн – кудай тандаган адамдар, адеп-ахлактуулуктун эталону деп санашат.

Ошентип фанаттар башкаларга толеранттуу мамиле кыла албайт жана бир нерсени объективдүү баалаганга жөндөмсүз келишет. Анткени алар сынчыл ой жүгүртө албайт. Сынчыл ой жүгүртө алган адамдар эч качан фанатка айланбайт деп так кесе айтууга болот.

Сынчыл ой жүгүртүү деген эмне? Ириде, баса белгилей кетчү нерсе, сынчыл ой жүгүртүү жаман жакты же кемчиликти издеп, өйдөсүнүп сын тагууну билдирбейт. Сынчыл ой жүгүртүү, жалпысынан айтканда, талдоо жүргүзүүнү, логикага таянууну жана далилдерге негиздеп бүтүм чыгарууну камтыган ой жүгүртүүнүн түрү. Сынчыл ой жүгүртүү аркылуу адамдын “мээси” толугу менен эркиндикке чыгып, бирөөнүн пикирине, стереотиптерге көз каранды болбой өз алдынча ойлонууга өтөт.

Сынчыл ой жүгүртүү жүрүмүндө стереотиптерге жана сабырсыздыкка эч качан орун берилбейт.

Мисалы, сынчыл ой жүгүрткөн адамга бирөө: “Кытайлар Кыргызстанды каптап баратат”, – деп айтса, ал кытайлар боюнча кыргыз коомунда калыптанып калган негативдүү түшүнүктөрдү четке жыйыштырып коюп, айтылган сөз боюнча гана далилдерди издейт.

Ал “жыл сайын Кыргызстандын чек арасынан канча миң кытайлык өлкөгө кирет жана чыгат? Мыйзамдуу түрдө катталып иштеп, жашап жаткан кытайлыктардын саны канча? Канча кытайлык жаран өлкөдө мыйзамсыз жүрөт? Кыргызстандын жарандыгын алган кытайлыктардын саны канча жана алардын канчасы кытай улутунан, канчасы уйгур ж.б. улуттан болот?” деген ж.б.у.с. суроолордун так жообун таап, Кыргызстандагы башка чет элдиктер тууралуу маалыматтар менен салыштырып талдоо жүргүзөт.

Сынчыл ой жүгүртө алган адам маалыматтын мазмунуна гана эмес, маалыматтын булагына да толеранттуу мамиле кылат.

Мисалы, сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ жана улутчулдукка каршы кишиге улутчул бирөө: “Кытайлар Кыргызстанды каптап баратат”, – деп айта турган болсо, ал киши “улутчулдар кытайларды жөн эле жамандай берет” дебестен толеранттуу болуп, айтылган сөз боюнча далилдерди издеп, ошонун негизинде гана өз бүтүмүн чыгарат.

Сынчыл ой жүгүртүү процесси адамдан башкалардын пикирлерине бир жактуу эмес, көп өңүттөн кароону талап кылгандыктан, сынчыл ой жүгүрткөндөр башкалардын пикирлерин угаары менен дароо эле ката деп четке да кагышпайт, туура деп кабыл алып да жиберишпейт. Алар ар бир пикирдин аларга жаккан (плюс) жана жакпаган (минус) тарабын, алар кызыктуу деп эсептешкен тараптарын тизмектеп чыгышат.

Мисалы, “Мусулман окуучуларга мектепке жоолук салынып кирүүгө уруксат берилиш керек”, - деген пикир айтылса, ал пикирге төмөнкүдөй түрдө үч өңүттөн көз жүгүртүлөт:

Пикирдин жаккан тарабы: Жоолукка уруксат берилсе, Конституциянын диний ишенимдин эркиндиги боюнча кепилдиги аткарылган болот.

Пикирдин жакпаган тарабы: Коомдо диний фанатка айланган ата-энелер күндөн күнгө көбөйүп баратат. Ушундай мезгилде окуучуларга жоолук салынууга уруксат бериле турган болсо, ата-энелеринин каалоосу жана басымы менен жоолук салынууга мажбур болгон окуучулардын саны кескин түрдө көбөйөт. Ошентип коомдо мектеп жашындагы кыздардын «эрки» менен эсептешүү көз жаздымда калып калат.

Пикирге карата кызыктуу пикир: Толук эмес орто билимге ээ болгон жаштан баштап (9-класстан кийин) мусулман окуучуларга жоолук салынып кирүүгө уруксат берилсе болот. Анткени ошол жашта окуучулар себеп менен натыйжанын байланышын жакшы түшүнүп калган болушат.

Жогоруда айтылгандардан байкалып тургандай эле, коомчулукка сынчыл ой жүгүртүүнү үйрөтүү аркылуу толеранттуу адамдарды көбөйтүү, фанатиктерди жок кылуу жана коомдогу көп түрдүүлүктү коргоо мүмкүн. Сынчыл ой жүгүртүүнү ар бир адам атайын иштелип чыккан ыкмалар аркылуу өздөштүрө алат.

Бирок бул нерсе көп аракетти жана убакытты талап кылат. Ошондуктан мектептердин башталгыч класстарынан баштап эле мугалимдер тарабынан окуучуларды сынчыл ой жүгүртүүгө үйрөтүү керек.

Эң башкысы, мектеп программасына «медиа сабаттуулук» деген сабак киргизилип, ошол сабакта массалык маалымат каражаттары менен Интернет айдыңындагы (аудио, видео жана жазуу түрүндөгү) маалыматтарды сынчыл ой жүгүртүүнүн элегинен өткөрүү үйрөтүлүшү зарыл.

Анткени саясатчылар жана динге, улутчулдукка ж.б. идеяларга үндөгөндөр адамдардын аң-сезимин манипуляция кылууда ар дайым медианы колдонушат. Мисалы, “Ислам мамлекети” террористтик тобу социалдык медиа аркылуу дүйнөнүн төрт тарабында өз фанаттарын жаратып, аларды өз мекенин таштап согуштун чордонуна келе турган абалга жеткире алды.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги ИСИМдин катарына миңге жакын кыргызстандык кошулганын эске алуу менен медиага сынчыл көз караш менен кароону үйрөткөн «медиа сабаттуулук» деген сабакты мектеп программасына бүгүн киргизиши керек.

Ал эми Кыргызстандын жогорку билим берүү жайлары болсо студенттерде сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүү багытында иш алып барышы зарыл. Ошондо гана ЖОЖдор ар бир маселенин өзөгүн так түшүнүп, ага рационалдуу чара издей турган жана саясатчылардын, диний ж.б. лидерлердин «оюнчугуна» айланбай турган сапаттуу кадрларды даярдап чыгарат.

Ислам жана сынчыл ой жүгүртүү

Сөзүбүздүн аягында «сынчыл ой жүгүртүү ислам динине каршы келеби?» деген суроого токтоло кетели.

“Юнус” сүрөөсү, 100-аят: “Ал (Алла Таала) акыл жүгүртпөгөндөрдү жазага тартат”. Ыйык Куранда адам баласын ой жүгүртүүгө чакырган жогорудагыдай аяттар абдан көп.
Гүлдана Мурзакул

Акыл калчоонун эң жогорку формасы болгон сынчыл ой жүгүртүү ислам динине каршы келбейт. Анткени ислам - адам баласын акыл калчоого чакырган дин. Ыйык Курандын сүрөөлөрү буга далил:

“Бакара” сүрөөсү: “Эй, акыл ээлери!” (197-аят), “Акылга келбейсиңерби?” (44-аят).

“Анфал” сүрөөсү, 22-аят: “Чынында, Алланын алдында жандуулардын эң жаманы акыл калчабаган дүлөйлөр жана дудуктар”.

“Юнус” сүрөөсү, 100-аят: “Ал (Алла Таала) акыл жүгүртпөгөндөрдү жазага тартат”.

Ыйык Куранда адам баласын ой жүгүртүүгө чакырган жогорудагыдай аяттар абдан көп.

Ислам дүйнөсүндөгү дин изилдөөчүлөр арасында ушундай аяттарды негиз алып, сынчыл ой жүгүртүүнү колдогондор көбөйө баштады. Аркасынан “кың” дебей ээрчиген адамдардан, б.а. өзүнүн фанатиктеринен айрылып калуудан корккон диний лидерлер (кээ бир "аалым", таксырлар) гана мусулмандардын сынчыл ой жүгүртүүсүнөн коркуп, “адамдар исламды өз алдынча үйрөнө алышпайт” деген шылтоону бетке кармашат.

Ушул жерде баса белгилей кетели, сынчыл ой жүгүрткөндү үйрөнгөн мусулмандар дин изилдөөчүлөргө “сын тагып” мамиле кылбайт, аалымдардын китептерин булак катары колдонушат. Бирок бир эле аалымдын сөзүнө байланып калышпай, бир эле темага байланыштуу бир нече аалымдын пикирин издеп таап, салыштырып, талдашат. Андан кийин гана өз бүтүмүн чыгарышат.

Кыргызстандык изилдөөчү Гүлдана Мурзакул.
Кыргызстандык изилдөөчү Гүлдана Мурзакул.

Ошентип сынчыл ой жүгүртүүнү үйрөнгөн мусулмандар формализмдин туткунунан бошонуп, исламдын өзөгүн жана жашоонун маңызын туура түшүнүүгө багыт алышат.

Гүлдана Мурзакул, изилдөөчү

Түркия

Айрым шилтемелер:

B. Aybek, Örneklerle Düşünme ve Eleştirel Düşünme, Nobel Kitabevi, 2010.

B. Paskins, “Fanaticism in the modern era”, Fanatisicm and conflict in the modern age, London and New York: Frank Cass, 2005, 7-18.

Д. Клустер, “Что такое критическое мышление?” http://testolog.narod.ru/Other15.html

Э. Фромм, “Революционный характер,” (Доклад на 7-ом Межамериканском Психологическом Конгрессе), http://modernproblems.org.ru/philosofy/130-fronn.html

Mustafa Çetin, “Kur’anda Tefekkür Kavramı”, D.E.Ü. İlâhiyat Fakültesi Dergisi, VIII, İzmir, 1994, 43-59.

Ыйык Куран. Маанилеринин кыргызча котормосу менен, Которгондор: Исмаилов, Абдыллаев, Доолов, Гавай, Редактор: Ш. Шүкүров, Корректор: К. Закиров, Бишкек, 2006, http://mursel-ahiskali.blogspot.com/2014/02/10-yunus-suresi.html

О. Токтоматов, Фанатизм как личностный и социальный феномен, Улан-Удэ, 2018, http://www.bsu.ru/content/disser/756/dissertaciya-toktomatova-o.k..pdf

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG