Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:50

Экология. Актарды жапырган Чапаевчесинен туш келди бөтөлкө талкалагандар


Эмгекчил айылындагы арак-шараптын бөтөлкөлөрүнүн жаңы таштандысы. Нарын району, Кыргызстан. 2017.

Кыргызстандын айрым айылдарындагы жаңы бөтөлкө таштандылары жаатында экологдун көзү менен шашылыш жазылган блог.

Айтыла турган сөз эле...

Менимче, ичкилик бөтөлкөсүн талкалагандарды күү менен мактап жатабыз. Мен аларга башкача сунуш айтаар элем.

Бардык бош бөтөлкөлөрдү айыл четинде жаңы таштанды пайда кылбагандай чогултуп, кайра эле бөтөлкө издеген ишканаларга өткөрүп берүү керек (балким, алдын ала кабарланса, алар өздөрү деле жүк ташуучу атайын унаа жибериши мүмкүн);

бошогон жыгач же кагаз кутуларды да дыкаттык менен жыйнап, таштанды заттарды кайра иштеп чыгуучу тиешелүү мекемелерге кайра өткөрүү керек;

ичкиликти да жерге же өзөнгө төгүү экологиялык өңүттөн алганда чоң катачылык;

химиктер менен алдын ала акылдашып, бул алкогол затын кантип иштиктүү пайдалануу керектигин тактоо зарыл (муну сабатсыз дааватчы билбейт; ал "жерге төк" деп гана турат);

"алкогол" сөзү арап тилинен (мусулман дүйнөсүнөн) Батышка өткөн; الكحول‎ ал-кухул деген сөз "упа сымал зат" ("порошок") дегенди туюнткан; бул упа зат жыпар жыттуу косметикалык затты, каш-кирпик боёгун, антисептикалык затты өндүрүүдө колдонулган;

IX-X кылымдарда мусулман окумуштуусу, ойчул, химик Абу Бакр Мухаммад Закарийа ар-Рази (ابوبكر محمّد زکرياى رازى) алкогол сыяктуу заттардын түрлөрүн химиялык ыкмалар менен жасап, сүрөттөп калтырган; ал ар бир эмгегин "Бисмилла" деген сөздөр менен баштаган аалым;

айтылуу Гияс ад-Дин Абул-Фатх ибн Ибрахим Омор Хаййам (1048–1122-жылдан кийин) өз рубайилеринде “шарап” сөзү аркылуу сопулук (суфийлик) терең философиялык ойлорду берген мусулман аалымы, математиги жана акыны болгон;

жыландын уусу, апийим дарылыкка колдонулат эмеспи; алкоголду деле ошондой медициналык жана башка тармактарда колдонуп келишкен жана колдонуу абзел;

адамзат спирт ичимдиктерин б.з.ч. 7 миңинчи (Кытай) жана 5 миңинчи (Жакынкы Чыгыш, Ирак) жылдары эле ойлоп табышканын, арап алхимиктери б.з. VI—VII кылымдарда шараптан дээрлик таза спирт алууга жетишкенин илимдеги тастыкталган маалымат катары кароо керек;

Батыш Европада орто кылымдардагы шаарлардын калайыгын чума сыяктуу далай жугуштуу алааматтардан сыра (пиво), шарап сактап калган;

аракты жерге төкпөй пайдалануунун бир кызыктуу жана натыйжалуу жолу бар: ошол алкоголду колдонуп, ооруканаларда, клиникаларда, бейтаптарды тейлөөчү ар кыл жайларда колду бекер тазалаган суюк затты өндүрсө болот; чаңдан тазалачу бул затты молдокелер деле бекер колдоно алышат; алыстан арып-ачып келген дааватчылар деле колдорун бул бекер сунушталчу «дары» менен жууп коюшу мүмкүн;

дааватчылар жаман көргөн Батышта жана Жапония, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдө коомдук дарылануу жайларында мындай кол жууй турган суюктук бекер сунушталып турат; мындай инфраструктураны карапайым калайык үчүн түзгөн айкөл инсандар динине карабастан бейишке чыгат ко деп ойлойм;

алкоголду тазалоочу зат катары пайдаланууга аргасыз башка да чарба жана илим тармактары бар (маселен, геологдор, геодезисттер, археологдор, тракторчулар, ж.б. тетиктерди жууш үчүн колдонушат);

бир илеп менен бүтүндү талкалоо - дүйнөдөгү эң оңой иш; оболу "бул заттарды башкача жумшасак болбойт беле?" деп акыл калчап алуу абзел эле;

Кыргызстанда өндүрүлгөн алкоголдук ичимдиктер сапаты боюнча мыкты саналат; бөтөлкөнү куру бекер талкалабастан, ичимдиги менен кошо экспортко саттырып, анын каражатын кайрымдуулук иштерине, бүтпөй жаткан мектеп курулушуна, Эмгекчил айылынын Солтон-Сарыдан алтын казып акча табам деп жүрүп ооруп калган айрым тургундарын айыктырууга, мындагы орто мектепке интернетти жана вай-файды бекер орнотууга, орто мектепте кышында да окуучу балдардын ажатканасынын кол жуугуч бөлмөсүндө алиги тазалоочу суюк затты бекер сунуштоого (Эмгекчилдеги мектеп ажатканасын мен эски доордо гана көргөнмүн), деги койчу, канчалаган пайдалуу иштерге колдонсо болмок.

Исламдык партия бийлеп жаткан Түркия деле алкогол ичимдиктерин өндүрөт, түрк шарабын жана жүзүмдөн жасалган ракысын (бул да арапча “арак” - عرق сөзүнөн) далай чет элдиктер жана жергиликтүүлөр сатып алышып, анын кирешеси улуттук казына аркылуу эгерим оозуна эч алкогол татыбаган кишилерге деле огожо болуп жатат.

...бул тарабы да айтылып кетти өзү эле!

Албетте, мындай чукул кадамга барган кишилердин асыл максатын түшүнүп турам. Бирок эмнеге өчөшүп, отко андан да баалуу нерсени билбестиктен жагып салып жатпайбызбы! Экологияга, айлана-чөйрөнү таза сактоо максатына зыян келтирип жатпайбызбы!

Айыл четинде жаңы таштанды дөбөсүн жараткандарга караганда, бош бөтөлкөлөрдү ай-талаадан бери кезип издеп, баткакка далай жуурулган каптарга жыйып, тиешелүү мекемелерге өз эмгеги жана ыктыяры менен өткөргөндөр, экологдун көзү менен караганда, тим эле периштелерге жакындап кетет!

Ичимдиктен жаштарды оолак кылуунун "чапаевдик чабуул" жолун эмес, ынандыруу жолун тандоо керек.

Маселен, мен - анда-санда бозо, сыра, же алардан күчтүүрөөгүн ичип жүрөм, балдарым болсо эч жолобойт. Бир досум ичкиликтен ооз тиет, бири - дааватчы, бирок ал бизди «ичкиликти таштагыла» деп сылык ынандыруу жолу аркылуу гана үндөп жүрөт (өзү мурда деле катуу иччү эмес, бирок татып койоор эле).

Ошол эле кыргыз айылы аркылуу эл аралык жаңы Улуу Жибек жолу менен өтүп бараткан саякатчы (турист) кыргыз арагын же конягын сатып алгысы келип, дүкөнгө башпакса (чын эле бул «оокаттарды» сырт жактагылар сапаты жакшы экен деп баалашат), анда аларга эмне деп айтуу керек?

«Биз мурда сабырдуу ханафий болчубуз, эми саудиялык вахабий болуп калдык, кечиргиле», дейбизби?

Иранда ичкиликке тыюу салынган, бирок башка диндегилердин өз жамаатынын арасында ичүүсүнө эч тыюу жок. Анын үстүнө, сырттан аткезчилик менен (контрабанда товары катары) Иранга келген негизги товар да ушул «шойкомдуу» зат экен.

Демек, тыюу менен айатолла деле көйгөйдү чече албаптыр. «Кайра куруулар доорундагы» Горбачёв менен Лигачёвдордун аракетин мындай койолук!

Дагы бир жагдай – кыргызстандык алкоголук ичимдиктер товар катары мыкты сапатка жетишкендиги – бүтүндөй бир технологдордун муундарынын чоң ийгилиги. Канчалаган технологдор, дизайнерлер, карапайым жумушчулар мээнет тер төгүп, жогорку стандартты кармап, ушул жогорку деңгээлге өсүп жетишкен (орто жолдо «уу» сыяктуу халтура даярдаган далай ишканалар банкрот болгону да эсте; «Кара Балта» арагын маркум Мухаммед Ибрагимов агай (1939-2007) жакшы чыгара баштады эле, алгачкы президенттин тегерегиндегилер ал жетектеген ишканага суук көзүн арта салып, анын айынан бул ишкананын алиги товарынын кедери кеткен).

Бул ийгилик да, демек, тынымсыз күрөш, интеллектуалдык жана башка адистик мээнет менен жаралган. Анын жалпы эл чарбасы үчүн кайтарымы да ошончолук зор түйшүктүн акыбетине жатат.

Чүйдүн Аламүдүн районунда татынакай шарап чыгарууга кызмат кылган алма бактары, дагы башка жерлерде отуз жылда жетиштирилген мыкты жүзүмдүктөр горбачёвдук-лигачёвдук ураан менен талкаланган. Эгерде алар сакталып калган болсо, анда жергиликтүү дыйкандарга таянган жана аларды кирешелүү кылган ишканалардын товарлары жалпы Евразияга чыгып турмак.

Ал эми Михаил Горбачёвдун өзү ошондо деле, кийин деле шарап татып койчу экен. 2015-жылы болсо М.С.Горбачёв алкоголдук ичимдикке каршы күрөштү таптакыр туура эмес ыкма менен жүргүзгөнүн мойнуна алды.

Менимче, ыраматылык Василий Чапаев деле биздегидей жорукка бармак эмес...

Баса, ошол эле Нарындагы эмгекчилдик жана башка «алкоголго тыюу жарыялаган» айылдардын дүкөнчүлөрү алиги талкаланган алкоголдук товардын ордуна жаңы алкоголдук товар алып келип, жалаң чет жактыктарга сатса деле, алардын соодагердик укугуна жатат да?

Менимче, ыраматылык Василий Чапаев деле биздегидей жорукка бармак эмес; Петькадан же Фурмановдон «бүгүн го минтип салдык, эртеңки күнү баш жазаарда кантебиз?» деп сурамак...

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG