Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Аракты кууп ичкен аялдар көбөйүүдө


2014-жылы өлкө боюнча аракечтикке берилип, каттоодо тургандардын расмий саны 40 миңге жеткен. Алардын 4,5 миңге жакынын аялдар түзөт.
2014-жылы өлкө боюнча аракечтикке берилип, каттоодо тургандардын расмий саны 40 миңге жеткен. Алардын 4,5 миңге жакынын аялдар түзөт.

​Республика боюнча аракечтикке берилген адамдардын расмий саны 40 миңге жакын. Алардын 4,5 миңге жакынын аялдар түзөт. Аракечтикке кириптер болгон аялдардын басымдуу бөлүгү пенсия курактагылар.

Адистер Кыргызстанда аялдар арасында аракечтер көбөйүп, курагы да жашарып баратканына тынчсызданууда. Дарыланууга келгендердин арасында 17-18деги бийкечтер да кезигет. Ичкилик айынан үй-бүлөсүнөн, жакындарынан кол үзүп, селсаякка айлангандар да арбын. Буту чалынган жерге күп түшө жыгылып, ысык-суукта калып, майып болуп калгандар жок эмес.

Республикалык наркология борборунда аялдар үчүн атайын бөлүм бар. Оор абалда келген кыз-келиндер үчүн дагы бир бөлүм иштейт. Айына 30-40 аял кайрылган бул бөлүмдө дээрлик бош орун жок. Дарыгер менен маектешкен жарым саат ичинде эле эки аялды туугандары жетелеп келди.

Баары 100 граммдан башталат

2014-жылы өлкө боюнча аракечтикке берилип, каттоодо тургандардын расмий саны 40 миңге жеткен. Алардын 4,5 миңге жакынын аялдар түзөт. Ичкиликке берилгендердин жалпы саны кыскарганы менен, каттоодо турган аялдардын саны дээрлик өзгөрбөй жатканын аталган борбордун аялдар бөлүмүнүн жетекчиси Чынара Кожомуратова белгиледи:

- Аракечтик социалдык көйгөй болушу керек. Азыр той-топур, майрамдар көбөйдү. Ушул жагдайлар да негизги себеп болууда. Бир тойдо жакшылап ичсе, эле билинбей берилип кете берет. Биринчи ичкендин эртеси сөзсүз абстинент синдрому деп коет, баш жазуу үчүн 100-200 грамм ичет, анан дагы ичет. Ошентип эле уланып, кантип ичип кеткенин билбей калат. Берилүүнүн бирден бир симптому ушул. Кандай гана адам болбосун алар өздөрүн оорулуумун деп эсептебейт. Эл катары ичип атам деп, аракка берилип кеткенин моюнга албайт. Бир айда 30-40 адам кайрылат. Кээде бир күндө эки-үч аял келсе, айрым күндөрү жок. Көп учурда майрамдар шылтоо болот. Бул деле оору. Ага ошондой мамиле кылып, өзүн жакшы карап, дарыгердин айтканын кылып, берген дарысын ичүү керек. Азыр өлүм болсо да көңүл айтып ичип калышты. Негизи арак ичүү менталитетибизге да жатпайт. Кыргыздын канынын курамында аракты бөлүп таштай турган ферменттер жок. Биз бат эле берилебиз. Ошондуктан генетикалык жактан да бизге арак ичкенге болбойт.

Аракечтиктин курагы да жашарууда

Адистердин айтымында, жаштайынан сыра, энергия берүүчү, жеңил алкоголдук суусундуктарды татып жүргөндөр арасында ичкиликке берилип кетүү коркунучу көбүрөөк. Нарколог Шайлообек Өмүралиевдин белгилешинче, аракечтиктин курагы да жашарып баратат.

- Бизде аракечтик дарты бүгүнкү күндө аялдардын арасында аябай күч алып баратат. Бул өтө коркунучтуу, кооптуу факт. Мен дарылаган бейтаптар арасында 17-19 жаштагы кыздар бар. Сүйлөшүп көрсөм, 14 жашынан баштап сыра, «Ягуар» сыяктуу жеңил алкоголдук ичимдиктерин ичип келишкен экен, анан тамеки чегип, эки-үч жыл аралыгында бардык классикалык симптомдор менен аракечтик деген дартка дуушар болуп калышты.

Арак менен өткөн үч жылдык азап

Дарыгерлердин айтымында, аракечтикти оору деп кабыл алмайынча айыгуу кыйынга турат. Бирок көптөрү бөтөлкөнүн түбүнө эбак эле түшүп калганын моюнга албайт. Бирок биздин кийинки маектеш Асипа тескерисинче, муну оору катары кабылдап, астейдил дарыланууга барган. Жолдошу каза болгондон кийин үч жыл катары менен ичип, кыздарын да карабай, көчөдө жашап калган аял бир жылдан бери аракты оозуна алмак турсун, эки кызына баш-көз болуп, небере багып, адам катарына кошулдум дейт.

- Мен ал кезде аябай кыйналып, ал турсун үй-бүлөмдү жоготуп, көчөдө калгам. Арактан пайда жок. Оорунун баарын өзүң тилеп аласың. Аябай ооруп, ысык-суукта калып, колу-бутуман ажырап кала жаздадым. Үч жыл күнү-түнү, токтобой ичип калгам. Адамча жашабай иттин жашоосу болуп калат да. Адамча басканың менен эмне тапсаң жеп -ичип жүргөн эң эле коркунучтуу...

Асипа бир кезде өзү да арактын азабын тартып, көчөдө калган, кийин кадимки жашоосуна кайтып, ичимдикке берилип кеткендерге жардам берип келаткан Муса Иманалиевдин чакан борборунда дарыланган. Азыр тамекини да, аракты да таштап балдарынын кашында.

Кыз-келиндердин ичимдикке берилген учурлар кайсы бир аймакта көп же аз деп айтууга болбойт. Социалдык дартка айланып бараткан бул көрүнүш алыскы аймактарда да кездешет. Көп учурда аракечтиктин арты жакшылык менен аяктабайт. Бул жашоо-турмушту талкалап, бара-бара өлүмгө алып келчү жолдун бири дешет адистер.

XS
SM
MD
LG