Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:27

Ичимдикке берилген аялдар көбөйдү


Кыргызстандык адистер аялдар арасында аракечтер көбөйүп, курагы жашарып бараткандыгын айтып жатышат. Ичкиликтин айынан майып болуп калгандар да арбын катталууда.

Байкоолорго караганда, Кыргызстанда аракечтердин жалпы саны көбөйүүдө.
"Дем нур" медициналык борборунун башчысы, жогорку категориядагы нарколог-дарыгер Шайлообек Өмүралиевдин билдиргенине караганда, аялдардын аракечтиги күч алды:

- Бизде аракечтик дарты бүгүнкү күндө аялдардын арасында аябай күч алып баратат. Бул өтө коркунучтуу, кооптуу факт. Менин практикамда 17-19 жаштагы кыздар бар. Алар менен сүйлөшүп көрсөм, булар 14 жашынан баштап сыра, «Ягуар» сыяктуу жеңил алкоголдук ичимдиктерин ичип келишкен экен, анан тамеки чегип, 2-3 жылдын аралыгында бардык классикалык симптомдор менен аракечтик деген дартка дуушар болуп калышты.

Республикалык наркология борборунда аялдар үчүн атайын 6 орундуу бөлмө бар. Бул орун эч качан бош болбойт. Ага батпагандарды башка бөлмөлөргө ыңгайлаштырып жаткырышат. Алардын арасында улгайып калган аялдар да, 18 жашка чейинки жаштар да жолугат. Бирок алар аракечтикке кирептер болуп калгандыгын сыр катары сактап, анонимдүү дарыланып кетишет.

Биз кайрылган сыркоолордун ичинен 35 жаштагы Наташа бизге сырын жашырбай айтып берди:

- 20 жылдан бери спирт ичимдигин ичем. Иштеп жүрүп, чогуу иштегендер менен ичип, организмим ичкиликке көнүп калды. Акыркы 5 жылда күнүгө 1-2 бөтөлкөнү түгөтөм. Бир уулум бар. Күйөөм менен ажырашып кеткем, балам аны менен калган. Ооруканада жатканыма 7 күн болду, азыр жакшы боло албай, төшөктөн тура албай жатам.

Ооруканага спирт ичимдиктерине берилген бардык эле бейтаптар өз эрки менен кайрыла бербейт. Наташаны да апасы Раиса Данилова алып келген. Ал кызынын ичкиликке берилип кеткенине кейип, буларды айтып ыйлайт:

- Бул ооруканага 4 ирет алып келдим. Чыккандан кийин эле кайра ичип алат. Ал эми акыркы күндөрү жыгылып баса албай калды. Мен 78 жашка чыктым, мага да аябай кыйын болду. Эми аракты таштайм деп атат.

Ушундай кейиштүү абалга спирт ичимдиктеринин сапатынын начардыгы да алып келүүдө. Шайлообек Өмүралиев:

- Эң биринчи кезекте спирт ичимдиктери аң-сезимдин, акылдын ээси болгон мээге таасир берет. 1-2 ай ичкенде аракка мээ уланып, шишип кетет. Экинчи кезекте, сапаты жок арактарды айлап-жылдап ичип атып, боордун циррозу менен ооруган адамдардын саны өтө көбөйүп кетти. Анткени азыркы сатылып жаткан арактын курамында ар кандай химиялык заттар бар. Ошондой эле техникалык спирттен да жасашат.

Республикалык наркология борборунун дарыгери Венера Асанбекованын айтымында, бейтаптар арасында майып болуп калгандар, каза тапкандар да көп:

- Аракечтикке берилген адам "50 грамм ичсем организмим кабылына келет" деп, өзүн өзү алдап күнүгө иче берет. Бир күнү жүрөк чыдабай, кан басымы көтөрүлөт, кан тамыр мээден жарылса, инсульт алат, жүрөктөн жарылса, инфаркт алат, анан же майып болуп калат, же инсульттан каза табат.

Наркология борборунун бөлүм башчысы Айгүл Айтбаева спирт ичимдигине көз каранды айымдар көпчүлүк учурда жалгыз калышаарын айтат. Ал эми аракечтиктен арылам деп наркологиялык борборго кайрылгандар психологиялык жактан өзүнө өзү жардам берсе айыктыруу оңой деген жыйынтыкты берет:

- Эгерде үй-бүлөдө эркек ичкиликке берилсе, ага аял чыдап, карап, жардам көрсөтөт, ошентип көп учурда аларды таштап кетишпейт. Ал эми спирт ичимдигине көз каранды айымдардын 80 пайызы жалгыз калышат. Бул дартты жалгыз дары-дармек менен айыктырууга мүмкүн эмес. Ооруканага кайрылгандар менен психотерапевттер иштешет. Адам аракты таштайм деп аң-сезими менен түшүнсө, ошондо гана таштай алат.

Байкоочулар аракечтикти социалдык-экономикалык кыйын кырдаал менен тыгыз байланыштырышып, генетикалык бузулууга алып барарын эскертишет.
XS
SM
MD
LG