Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

Канткенде коом, үй-бүлө аракечтиктен арылат?


“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги чыгарылышы ичкилик, анын үй-бүлөгө, коомго кесепеттерине арналды.

Студиянын коноктору: Наркология борборунун дарыгери – Шайлообек Өмүралиев, ичкилик деген кесепетти башынан өткөргөн, учурда “Ыйык Рух” коомдук бирикмесинин жетекчиси – Мусалы Иманалиев.





“Азаттык”: Акыркы мезгилде ичкилик биздин коомчулукта көп болуп кетти деген маалыматтар ар тараптан көп айтылып жатат. Бул субъективдүү пикирби же иш жүзүндө чын эле ошондойбу?

Шайлообек Өмүралиев: Статистика боюнча, бүгүнкү күндө ар бир адамга бир жылда 8 литрден ашык арак кетет, бул бешиктеги баладан чалга чейин бөлүштүргөн. Бул өтө коркунучтуу цифра.

“Азаттык”: Бир жагынан бул бизнеске байланышкан нерсе, бирок эмне үчүн адамдар ичпей кое албайт, эмне үчүн берилип атат, себептери эмнеде?

Шайлообек Өмүралиев: Бүгүнкү күндө ушул маселени абдан жакшы чагылдырган “Минасота” модели бар. Ушул моделдин бири социалдык фактор болуп атат. Азыр жумушсуздук күч алды, көпчүлүк адамдар экономикалык кризис убагында кандайдыр бир деңгээлде стресске дуушар болуп, ушундан чыгыш үчүн, көңүлдү көтөрүш үчүн аракты дары катары колдонушат.
Аракечтик дары берсе басылып калгандай оору эмес. Бул денеси, аң сезими, руху бузулат.

Арак 5 саатка чейин убактылуу адамдын көңүлүн көтөрөт, ошого ишенип калышат, кайра-кайра иче беришет.Үй-бүлөдөгү аял менен эркектин мамилеси да чоң ролду ойнойт. Эгерде аялы күйөөсүнүн “кулагын дайыма жеп”, басынтса, ого бетер иче берет.

“Азаттык”: Мусалы мырза, чын эле аракты дары катары пайдаланса болобу?

Мусалы Иманалиев: Башында ичкилик дарылык үчүн деп чыккан экен. Адамды башкача кылып койгондуктан иче башташкан экен. Мен да ошентип иче баштадым. Мен милицияда иштеп жүрдүм, анан жумуштан чыккандан кийин кыйынчылыкты бөлүшкөн киши жок, ичкилик менен бөлүшүп кеттим окшойт.

“Артыңда күч турат”

“Азаттык”: Сиз азыр ишмердик менен алектенип аткан экенсиз, кантип бул абалдан чыктыңыз? Ичкиликти рак оорусуна теңеп жүрүшөт, кайра кайтпай турган оору деп айтып калышат. Ошондон кайра кайтып келип, ал аз келгенсип башкаларды да туура жолго салып аткан экенсиз. Өзүңү аракечтик сазынан кантип чыктыңыз?

Мусалы Иманалиев: Айыкпай турган эч нерсе жок экен. Кудай бар экен. Мен көчөдө селсаяк болуп жүргөндө кызым турмушка чыкты. Кызым чоң балык берип жибериптир. Көчөдө жаткан жеримден ошол балыкты алып келип беришти. Ушул балык мени аябай ойлонтту, мен мас болчум, аябай ыйладым, “кызымдын тагдыры кандай болот, мен өлүп калбагандан кийин күйөөсү эмне дейт, кызым кор болот го” деп ойлодум. Мен мурда балдарымды, үй-бүлөмдү сүйгөн ата болчумун. Анан эч кимиси жок, аракеч болуп көчөдө калдым. Ушул аян болду, артымда күч турганын сездим.
Орто Азия элдеринин ичинен кыргыз эли өтө зээндүү. Кыргыз эли патриот болуп эки президентти кууп чыккандан кийин кыргыз элинин жоосу тамеки менен аракты кууп чыгат деп ойлойм.

“Азаттык”: Ичкиликтен дарыланган киши капканга түшкөн киши катары саналат экен. Көп учурда дарыланган киши канына бир аз эле арак кирсе, ал кайра көз каранды болуп аракка барат, кайра дарыланышка туура келет. Ошентип дары менен арактын ортосунда жүрө берип, акырында жок болот. Аны кайтарып келүү кыйын болот дешет. Ушул чынбы?

Шайлообек Өмүралиев: Ар бир адамдын канында ичкиликке тиешелүү эки фермент болот. Кыргыз элинде бул ферменттер жок, орус элдеринде орточо, грузин, француз, испан, италиялыктарда күчтүү. Булар миң жылдар бою вино ичет, ушуга байланыштуу болот, бул кандайдыр бир деңгээлде иммунитет. Кыргыз элинде иммунитет аябай алсыз. Азыр селсаяктардын көбөйүп баратышы ушундан.

“Азаттык”: Селсаяктын баарын эле аракеч деп айтууга болбостур. Ошентсе да алардын көпчүлүгү арактын айынан көчөдө калганы да ырасталып жүрөт. Азыр иш практикаңыздарда кандай, мурдагы мезгилде айылдарда ыйман деген бар болчу, арак ичпей карманып турушчу, бүгүн арак ичүү деген кадимкидей кирди. Мурда аял арак ичет деген өөн көрүнчү эле, азыр аялдар кадимкидей көчөдө жатып калды. Жапырт ичүүгө эмне себеп?

Шайлообек Өмүралиев: Жумушсуздук, социалдык оор абал - бир фактор. Экинчи фактор - элде ыйман азайды. Аракечтик бул бир кишинин оорусу эмес. Көчөдө калгандардын 97 % аракеч. Булар да жакшы адам болуп кеткенге мүмкүнчүлүгү бар. Буларды селсаяк деп карабай койгон болбойт, элде ушул пикирди жок кылышыбыз керек.

“Азаттык”: Бул өнөкөтпү же илдетпи?
Ичпей жүрүп бир күнү ичкенде бир айга чейин ичип кетет, анан кыйналып атып араң чыгат, анан 1-2 айдан кийин кайра ичет. Булардын баары галстукчан, интеллигент, маданиятуу аракечтер.

Шайлообек Өмүралиев: Аракечтик, баңгилик, насвай, тамеки – химиялык көз карандылык оору. Бул психикалык, физикалык жактан көз каранды оору. Бул өнөкөт, өлүмгө алып келүүчү оору. Он кишинин бири гана кайрылат, "мен аракечмин, дарылап бер" деп. Калганы кайрылбайт. Мисалы, Бишкек шаарында 26 миң аракеч болсо, бул ондон бири эле. Анын ичинен 3600 аял. Аялдардын ондон бири бул, алар уялып келбейт. Кыздардын, аялдардын арасында аракечтик көбөйүп баратат. Менин практикамда аракечтик менен ооруган 19-20 жаштагы кыздар бар.

“Азаттык”: Пассивдүү маанайды алганда кыздар кемпир деген куракка жетеби? Албетте - бул да маселе. Мусалы мырза, сиз аракечтиктен кандай жол менен арылтып атасыз? Дары-дармексиз айыктырса болобу?

Шайлообек Өмүралиев
Мусалы Иманалиев: Сокулуктун наркологиясынан догдурларды чакырам, алар лекция окуп беришет. Алар “акырындык менен ташташ керек, канын тазалаш керек” деп айтат. Мен эле эмес, ошол жерде жүргөн балдар да айтты, дароо эле таштаса болот экен деп. Мен өзүм да дарыланбай эле дароо таштап койдум.

“Азаттык”: Айыктыра албай, колуңуздан келбей калган учурлар болдубу?

Мусалы Иманалиев: Андай учурлар болду, азыр көчөдө жүрүшөт, көпчүлүгү каза болуп калды.

Шайлообек Өмүралиев: Наркологияда аксап аткан себебибиз, денени жакшы изилдедик, анатомия, биохимия, физиология, психологияны окудук, ал эми жан жөнүндө илимди бизге окуткан эмес, ушул жагы аксап атат.

Жан дүйнө жабыркап турганда...

“Азаттык”: Эркекке караганда аял көбүрөк ичкиликке алдырат, аны айыктырууга мүмкүн эмес деген пикирлер айтылып жүрөт. Бул канчалык иш жүзүндө чындыкка жакын?

Шайлообек Өмүралиев: Эгер 100 аялдын канын изилдеп көрө турган болсок, аракка туруштук бере турган эки фермент 0, же абдан аз. Эркектерге караганда аялдар тезирээк берилип кетет.

Мусалы Иманалиев: Айыкса болот экен, ал үчүн ишеним керек.

“Азаттык”: Ичкилик ичкендердин жаш курагы кандай?

Мусалы Иманалиев: 35тен 55-60 жашка чейинкилер.
Кыздардын, аялдардын арасында аракечтик көбөйүп баратат. Менин практикамда аракечтик менен ооруган 19-20 жаштагы кыздар бар.

Шайлообек Өмүралиев: Ичпей жүрүп бир күнү ичкенде бир айга чейин ичип кетет, анан кыйналып атып араң чыгат, анан 1-2 айдан кийин кайра ичет. Булардын баары галстукчан, интеллигент, маданиятуу аракечтер. Алар өтө көп. Ушуларды токтотуш керек биринчи кезекте.

“Азаттык”: Коомду кантип ичкиликтен тазалаш керек?

Шайлообек Өмүралиев: Кыргыз эли өтө нарктуу, түптүү, намыстуу калк. Орто Азия элдеринин ичинен кыргыз эли өтө зээндүү. Кыргыз эли патриот болуп эки президентти кууп чыккандан кийин кыргыз элинин жоосу тамеки менен аракты кууп чыгат деп ойлойм.

Мусалы Иманалиев: Азыр тамеки менен ичкилик элибизди талкалап баратат. Адам оюна келген планын аткарса, ошону карап туруп эс алат экен. Кудай маңдайыма жазып койду деп айтышат, бул туура эмес. Анын жакшы келечеги бар. Мен арагын таштап, бутуна туруп кетсе, ошону көрүп аябай эс алам, алар менен азыр деле катышып турам.

Мусалы Иманалиев
“Азаттык”: Айласы кеткенде ичкендер наркологиялык борборго кайрылышат. Бирок андан көңүлү кайткан учурлар абдан көп болот экен, айыкпай калгандар, өлүм менен аяктаган учурлар көп болот экен, ичине ташып ичкендер же сыртка чыгаары менен эки күндөн кийин ичип алган учурлар болот экен. Бул медициналык жардамдын алсызданып калганыбы?

Шайлообек Өмүралиев: Нааразычылык көп. Аракечтик дары берсе басылып калгандай оору эмес. Бул денеси, аң сезими, руху бузулат. Биринчи кезекте канын тазалап, тамакка табитин, уйкусун калыбына келтирип, адамдын көңүлү көтөрүлгөндө ушуну менен дарылоо бүттү деп ойлойт. Андай эмес, дарылоо эми башталат. Анын мээсин тазалаш керек. Андан кийин рухун тазалаш керек. Аракечтик – үй-бүлөнүн оорусу. Мында бүт үй-бүлө, коом кыйналат.

“Азаттык”: Мусалы мырза, бата менен дарыласа болот деп атасыз. Бата менен кантип айыкса болот?

Мусалы Иманалиев: Бизде көп улут бар. Мен алардын динине, улутуна карап мамиле кылбайм. Кудай теңирибиз бизди жараткан соң ал бардык тилди түшүнөт экен. Кудай жүрөктү көрүп, эмне деп ойлоп турасың сезип турат экен. Качан, кимге керек болгондо ошондо сыйынам. Кудай конок деп коет, аны төрүнө отуруп бапестейт. Кудай конок дегенди бизде абдан сыйлайт.

“Азаттык”: Рахмат.

"Азаттыктын" архивинен: “Биз жалгыз эмеспиз”

Бишкек шаарынын чет жакасында жайгашкан Кызыл-Туу айылынын тургуну Муса Иманалиев алты жылдан бери үй-жайы жок, көчөдө калган адамдарга жылуу төшөгүн, ысык тамагын берип багып келет. MiT

“Биз жалгыз эмеспиз”
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:00 0:00
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG