Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

Үй-бүлөдө кордук көргөн аялдар көбөйдү


Кыргызстанда аялдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук алдын алынбагандыктан, анын аягы аялдардын өлүмү менен бүтүп жатат.

Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында кризистик борбордун өкүлдөрү айтып чыкты. Алардын маалыматында, акыркы айларда эле күйөөсүнөн көргөн кордуктун кесепетинен каза болгондордун саны өскөн.

“Сезим” кризистик борборунун өкүлдөрүнүн айтымында, үч күн мурун Бишкектеги Ахунбаев көчөсүндө үрөй учурган кылмышта каза болгон аял үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон.

Мурдагы күйөөсүнүн колунан кесиптеши менен бирге ажал тапкан 47 жаштагы Шолпан Дукесова ушул жылдын феврал айында “Сезим" кризистик борборуна кайрылган. Ал күйөөсү уруп-согуп, бир нече ирет өлтүрүүгө аракет кылганын айтып, кризистик борбордо кызы менен бирге реабилитациядан өткөн экен.

Ошол учурда Дукесова күйөөсү менен ажырашууга арыз берген. Бирок сот жараяны бир нече айга создугуп, каза болгон келиндин күйөөсүнүн психикалык абалын текшергиле деген өтүнүчү канааттандырылган эмес. “Мына ушундай зомбулукту алдын-албоо аялдардын өлүмү менен аяктады” дейт кризистик борбордун юристи Качыкеева:

- Бул сот процесси 4 айга созулган. Сот улам эле элдешүүгө убакыт бере берген. Ал учурда Шолпан Дукенова ажырашып, кызын өзүнө каттатып ала албаганы үчүн Бишкектен кете алган эмес. Эгер ажырашса эле Казакстанга туугандарына кетмек экен. Эгер бул маселе эртээрек чечилгенде Шолпан да, анын кесиптеши да балким аман калышмак. Бизде ушундай зордук-зомбулукка туш болгондорду алдын-алуу үчүн системалуу мамиле кылуу деген жок. Маселен, Шолпан бир нече жолу Октябрь РИИБсине кайрылса, бул үй-бүлөлүк чыр-чатак деп көңүл бурушкан эмес.

Кризистик борбор өкүлдөрүнүн маалыматында, үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен өз өмүрүн кыйгандар да көп кездешет. Маселен, 27 жаштагы Кебекбаева Чолпон күйөөсүнөн көргөн зомбулугуна чыдай албай, июлда асынып алган.

Чолпондун энеси Гүлжамал Кебекбаеванын айтымында, кызы 2010-жылдан бери бир нече ирет кризистик борборго кайрылып, баш калкалап да жүргөн. Бирок балдарын кыя албай күйөөсү менен жашоого макул болгон. Чолпон өз жанын кыйды деп айтылганы менен анын энеси буга ишенбейт:

- Уруп-тепкилеп, аябай эле кордочу экен. Бирок ал жашырып, бизге айтчу эмес. Анан 2009-жылы аябай сабап, мээси чайпалып, мурду сынган соң ачыкка чыккан болчу. “Ажыраш” десем "балдарды кантип таштайм" деп көнгөн эмес. Үч баласы бар. Күйөөсү бермек эмес. Анан быйыл 17-июлда эле муунуп өлдү деп айтып жатышпайбы. Бирок муунуп өлдү дегенге деле биз ишене албай жатабыз.

ИИМдин маалыматы боюнча быйыл жыл башынан бери үй-бүлө чыр-чатагы боюнча 2000ге жакын зомбулук факты катталып, 198 кылмыш иши ачылган.

Ар бир экинчиси...

“Сезим” кризистик борборунун төрайымы Бүбүсара Рыскулованын айтымында, жыл өткөн сайын үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарынын саны өсүүдө. Кризистик борборго күн сайын орто эсеп менен ондон ашык аял ур-токмокко кабылып кайрыларын билдирген Рыскулова зомбулукка тушуккан аялдардын көбөйүшүнүн себебин мындайча түшүндүрдү:

- Азыр коомдогу социалдык-экономикалык абалдын начарлашы үй-бүлөлүк чатакты пайда кылат. Чатакта болсо аялдар жабыркайт. Анан аракечтик, баңгилик сыяктуу илдеттин баары эле аялдардын башына түшүп жатат. Анын үстүнө миграциянын айынан да үй-бүлөлөр бузулуп, анда аялдар запкы көрүшүүдө. Маселе мындай өрчүгөнүнө карабай, мамлекет муну алдын-алчу чараларды көрбөй жатат.

Анткен менен мамлекеттик органдар зомбулукту алдын-алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдиришүүдө. Маселен, быйыл ИИМдин сунушу менен үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөндөрдү жазалоо чаралары күчөтүлүп, Жогорку Кеңеш административдик кодекске өзгөртүү киргизген. Бул өзгөртүүлөр тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева төмөнкүлөрдү билдирди:

- Биз ИИМдин сунушу менен зомбулук көрсөткөндөргө чектелчү жазаны күчөткөн мыйзам кабыл алдык эле. Ага ылайык, мамлекеттик кызматта иштеген эркектер жубайларына кол көтөрсө, аны жазага тартуу, 15 күнгө чейин абакка кесүү жана мындай адамдарга салынчу айып пулдун көлөмү көбөйгөн.

Буга чейин Кризистик борборлор ассоциациясы өз иликтөөсүнө таянып, Кыргызстанда ар бир экинчи аял күйөөсүнүн ур-токмогуна кабыларын жарыялаган. Бирок зордук-зомбулуктун бардык эле түрлөрүнө кабылган кыз-келиндер тартип коргоо органдарына кайрыла беришпейт. Ошол себептүү жоопкерчиликке тартылган учурлар абдан эле аз.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG