Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:32

“Кызгандым... өлтүрдүм”


Жетекчиликтен СМС кат. “Стамбулдун баланча районунда адам өлтүрүү факты катталды” деген бир гана сүйлөм. Муну угаар замат "куралданып", кылмышкерди кармачудай болуп, окуя болгон жерге шашып жөнөйбүз.

Мындай окуялар бир күндө көп болгондуктан көнүп деле калдык. Барсаң баягы эле окуя. Өлгөн адам менен кылмышкер гана башка. Анткени кылмыштардын себеби бир: “аялым менин көзүмө чөп салды”, “кызгандым”, “өзү жиниме тийген” өңдүү актануулар. Ооба, дал ушундай себептерден улам акыркы он жылда түрк аялдардын жаны кыйылып, бир күндө бир нече наристе жетим калууда.

Ошентип бир күн ичинде жазылган кабарлардын ичинен кеминде экөө аял өлүмү тууралуу болот. Алардын көпчүлүгү бычакталып же болбосо тапанча менен атылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Эң өкүнүчтүүсү - 1-10 жаш курагына чейинки балдар мындай трагедиялардын күбөсү болуп калууда. Мисалы, 31 жаштагы адам 19 жаштагы аялын 5 жана 1.5 жаштагы балдарынын көзүнчө 47 жолу бычактап өлтүргөн. Ал эми экинчи окуяда акча маселесине байланыштуу үй-бүлөлүк чыр, денесинин 7 жерине ок тийген аялдын өлүмү менен аяктаган.

Албетте мындай окуялар күндө кайталанып, гезиттердин башкы бетине чыгышы чет өлкөлүктөр үчүн жат көрүнүш. Бир да гезиттен “аялы күйөөсүн өлтүрдү” деген макала окуй элекмин. Жергиликтүүлөр да “таң калбай эле кой, бул - Түркия” дегендери менен бул көрүнүш Түркия үчүн олуттуу көйгөй экенин жашырышпайт. Ал тургай үй-бүлөлүк зомбулук жана аял өлүмү маселеси өлкөнүн парламентинде да талкууланып, акыркы он жылдан бери өкмөттүн баш оорусу болуп келет.

Түркиянын Адилет министрлигинин маалыматы боюнча, 2002-жылы 66 аял өлтүрүлгөн болсо, 2009-жылдын алгачкы жети айында 953 аял өлүмү катталган. Ал эми 2010-жылдан бери бул сан миңдин кырын ашкан. Демек бир күндө орто эсеп менен 4 аял өлтүрүлөт.

Ошол эле учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан ажырашуу арызын жазгандардын саны да өстү. Мындан сырткары Адилет министрлигинин Стамбулдагы “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана аялдардын укугу” бюросуна бир жылда 300дөй аял жардам сурап кайрылган. Бул го Стамбулдагы гана сан, ал эми Түркиянын башка аймактарындачы?!

Түркиядагы аял өлүмдөрүнүн себептери: ажырашуу, кызганыч, алдоо. Айрым эркектер аялын кызганып, көп учурда кызуу кандуулукка алдырып коюшат. Маселенин чын-төгүнүн эч териштиришпейт. Кээ бирөө бир нече жыл өтсө да ажырашкан аялын аңдып, жаңы турмуш курууга тоскоол болушат. Коркутуп, сабап гана тим болбостон өлтүрүп коюшат. Айрым учурда кордукка чыдабаган аял жанын кыят. Мындан тышкары энесин, кыздарын да кордоп өлтүргөндөр да бар. Угуп отурсаң төбө чачың тик турат.

Айпери Сейитбекова, Стамбул
XS
SM
MD
LG