Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:43

ИЗИЛДӨӨ: Ооган аялдардын жашоосу эң кыйын


Паранжычан жакыр ооган аялы балдары менен бирге тилемчилик кылып отурат. Кабул шаары. 14.5.2011.
Паранжычан жакыр ооган аялы балдары менен бирге тилемчилик кылып отурат. Кабул шаары. 14.5.2011.

Дүйнөдө аялдар үчүн эң коркунучтуу өлкө болуп Ооганстан саналат. Бул тууралуу эл аралык Трастлоу (TrustLaw) уюмунун жаңы баяндамасында айтылат. Мындай жыйынтык зордук-зомбулук, саламаттыкты сактоонун начар шарттары жана жакырчылык боюнча адистерди сурамжылоо жолу менен чыгарылган.

Сайра Шариф ооган парламентинин мүчөсү. Хост дубанынан шайланган депутат 14-июнда Кабулда Энелер күнүндө сүйлөдү:

- Согуш кырдаалдарын эске алганда, аял ар дайым ага-инисинен, атасынан, уулунан айрылат, бул боштукту толтуруу да аялдын мойнунда. Өткөн он жылда Ооганстанда мыйзамдуу бийлик орноду деп жатабыз, өкүнүчтүүсү аялдардын маселесине толук көңүл бурулган жок. Аялдардын маселеси өкмөт менен чет элдиктер саясий максатта гана пайдаланышат. Ал эми айылдарда биздин аялдарды адам катары да санашпайт.

Сайра Шариф сүйлөгөндүн эртеси Эл аралык Трастлоу жарыялаган баяндама Ооганстандагы кырдаал оогандык депутат күйгөнчөлүк бар экендигин ырастагандай болду.

Дүйнөнүн булуң-бурчунан сурамжылоого катышкан адистер Ооганстанда аялдардын өлүмү зор масштабга жетип, дарылануу мүмкүнчүлүгү чектелүү, аялдардын экономикалык укуктары жокко эсе экендигин айтышкан. Ооганстанда 11 аялдын бири төрөткө байланышкан себептерден көз жумат.

10 мамлекет кирген тизмеде Демократиялык Конго Жумурияты аялдар үчүн эң коркунучтуу экинчи өлкө деп аталды.

Бул өлкөдө 1998-2003-жылдардагы согушта жана андан кийинки зордук-зомбулуктарда 5 миллиондон ашык кишинин өмүрү кыйылган. Өлкөнүн мыйзамсыздык өкүм сүргөн чыгышында сексуалдык зордук акылга сыйбаган деңгээлге жеткен.

Америкалык окумуштуулардын соңку изилдөөсүнө ылайык, 2006-2007-жылдары 12 ай ичинде 15тен 49 жашка чейинки 400 миң аял зордукталган.

Кара тизмедеги үчүнчү өлкө - Пакистан

200дөн ашык адис бул өлкөдө аялдар жүзүнө кислота чачуу, бойго жете элек кыздарды күйөөгө берүү, мажбурлап үйлөндүрүү, таш бараңга алып жазалоо өңдөнгөн зордукчулукка туш келээрин белгилешкен.

"Азаттыктын" пакистан кызматы менен маегинде Пешавар шаарындагы аялдардын "Ауран" Корунун өкүлү Шакеела Хан жакында Хайбер Пахтунхва дубанында орун алган зомбулук тууралуу айтып берди:

– Харипус шаарында бир үй-бүлө бар. Күйөөсү өзүнүн досу аялы менен жыныстык байланышка болгонун билип калат. Ошондо ал аялы менен ажырашып, берки кишинин айлына ага-инилери менен барыптыр. Ал кишинин энесин жылаңач чечиндирип алып, айылдын көчөсү менен бастырыптыр.

Пакистандын Көз карандысыз Адам укуктары комиссиясынын эсебинде, өлкөдө жыл сайын бир миңдей кыз-келин «үй-бүлөнүн абийирин кетирди» деген себеп менен өлтүрүлөт.

Кыздарды туула электе бойдон алдыруу, ымыркай кыздарды өлтүрүү жана адам аткезчилигине байланыштуу Индия төртүнчү орунда аталды.

Бириккен Улуттардын эсебинде, өткөн 100 жыл ичинде Индияда 50 миллион кыз ымыркайында өлтүрүлүп, же төрөлө электе бойдон алдырылган.

Индия бийликтеринин 2009-жылдагы эсеби боюнча, жыл ичинде 100 миллион адам, негизинен кыздар жана аялдар адам аткезчилигинин курмандыктары болуп калган.

Энелер арасындагы өлүмдүн көптүгү, зордуктоо, кыздардын жыныстык органдарын барчалоо, билим, саламаттык, экономикалык ресурстардын тартыштыгы боюнча Сомали бешинчи орунда аталат.

Калган беш орунду Судан, Гаити, Саударабстан, Нигерия жана Бангладеш ээлеген.

XS
SM
MD
LG