Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Төрөбөгөнү үчүн күйөөсүнөн ок жеген Гүлсика


Гүлсика азыр сакайып калды, бирок дале аксап басат
Гүлсика азыр сакайып калды, бирок дале аксап басат

Күйөөсүнөн ок жеп жарадар болгон 20 жаштагы ооган келини Гүлсика азыр Кабулда аялдардын жашыруун жатаканасында дарыланып жатат. Аны өлтүрөм деген жолдошу камакта, жакын арада соту болушу керек.

Гүлсиканы ата-энеси күчтөп эле мурда кудалап койгон жерине күйөөгө берип салганда ал болгону 13 жаштагы секелек кыз эле. Күйөө менен жашаган алгачкы 10 күн гана тынч өткөн, ошондон тарта кыздын башы таяктан арылбады.

Арадан жети жыл өтүп, бүгүн Гүлсика Кабулда үйлөрүндө зордук көргөн аялдарга башпаанек берчү уюмдун жашыруун жатаканасында дарыланып жатат. Анын жолдошу өткөн айда өз жубайын атып өлтүргөнгө аракет кылган деп түрмөгө камалды, жакында соту болот.

Теги кандагарлык Гүлсика “Азаттыктын” ооган кызматына сүйлөп, күйөө аны эмнеге төрөбөйсүң деп мылтык менен атканын айтып берди.

- Ичеги-кардым чачырап, жерде сойлоп жатып калдым. Кайын энем ичимди кайра чүпүрөк менен ороп салды. Ал мага: “Кыйкырба, ыйлаба!”, - деп жатканы эсимде. Мен такыр эле дем ала албай калгам, - дейт ал.

Гүлсиканын окуясына мындан бир топ убактан кийин, Ооганстандагы Адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссия айта баштаганда гана көңүл бурула баштады. Ал комиссия бул тууралуу 15 жаштагы башка бир келиндин окуясы дүйнөдө кызуу талкуулана баштагандан соң айткан болчу. Жакында турмушка чыккан ал өспүрүм келинди күйөөнүн туугандары жертөлөдө кармап, бир нече ай сойкулукка зордоп, кыйнап жүрүшкөн экен.

"Аялдар үчүн коркунучтуу өлкө"

Бириккен улуттар уюмунун Аялдар кору билдиргендей, ооган аялдарынын дээрлик 90% өз үйүндө кордук көрөт. Ошондуктан бул өлкөнү фонд аялдар үчүн дүйнөдөгү эң эле коркунучтуу мамлекеттердин бири деп атаган.

Гүлсикага мүшкүлдүн баары өзүнүн бир тууган сиңдисин кайнисине турмушка берүүгө катышпай койгон учурда башталды. Кийинчерээк күйөө менен кайын энеси “төрөбөй жүрө бересиңби?” деп суроо жаадыра баштаганда көргөн күнү чыныгы тозокко айланат.

Эптеп карындашынын жүгүн жеңилдетиш үчүн Гүлсиканын бир тууган агасы аны догдурга да көрсөтүптүр. Бирок медиктер кыздын ден-соолугу жайында экенин, келин эмес, анын жолдошу догдурга көрүнүшү керек деп айтышкан.

"Дарыгерлер мени текшерип, УЗИден да өткөрүп көрүштү. Менин ден-соолугумда эч кандай проблема жок экен, - дейт ал. - Анан мен кайын энеме муну айттым, жолдошум көрүнүшү керек экен дедим".

Бул жаш келинди күйөө атып салганда врачтар анын өмүрүн араң сактап калышкан. Азыр эми дээрлик сакайып эле калды, бирок дагы эле аксап басат.

Ал азыр түрмөдө сотун күтүп жаткан жолдошу узак мөөнөткө камалышын каалайт.

- Мени эми өлтүрсө да, аларга кайтып барбайм. Мага алар эч качан жакшы мамиле кылышкан эмес, күн сайын эле уруп-сабашчу. Ушунун баарынан тоюп бүттүм. Эми эч качан эрге тийбейм, - дейт Гүлсика.

Дүйнөдө адам укуктарынын абалына көз салган абройлуу Human Rightd Watch уюмунун аялдар укуктары боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Жанет Уолш жакында “Азаттыкка” сүйлөп жатып, аялдарга каршы зомбулук менен күрөшүүдө өкмөттөрдүн, мамлекеттик органдардын аракети өтө маанилүү экенин айткан.

"Аялдарга каршы зомбулук ар бир эле мамлекетте кездешет. Маселенин баары алардын алдын алууда жана окуя болгондон кийин аны жөнгө салууда мамлекет жетиштүү аракет көрүп жатабы – ушунда, - дейт Ж.Уолш. - Изилдөөлөргө караганда, дүйнөдөгү аялдардын үчтөн бири өмүрүндө сексуалдык зомбулукка же ур-токмокко кабылышат. Айрым жумурияттарда абал өтө начар. Ошондуктан мында мамлекеттик органдардын ролу өзгөчө".
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG