Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Намыстан өз перзенттерин өлтүргөн ата


Мухаммад Шафия (оңдо) аялы Тооба жана уулу Хамед менен сотко алынып келди. Канада, 26-январь, 2012.
Мухаммад Шафия (оңдо) аялы Тооба жана уулу Хамед менен сотко алынып келди. Канада, 26-январь, 2012.

Канадада сот ооганстандык үй-бүлөнүн үч мүчөсүн башка үч мүчөсү өлтүргөн деп таап, аларды өмүр бою түрмөгө кести.

Ооганстандык бизнесмен Канадада эки аялы, төрт перзенти менен жашап жаткан. Мухаммад Шафияны, анын жубайы Тообаны жана уулу Хамедди Канадада сот өткөн жекшембиде 25 жылга түрмөгө кести. Алар мунапыс алганга укугу болбойт

Прокурорлордун ишениминде, үй-бүлөнүн атасы Мухаммад Шафия кыздары Зайнап, Сахар жана Гиитинин жүрүш-турушунан уялып, алардын автокырсыктагы өлүмүн алдын ала пландаштырып уюштурган. Кырсык 2009-жылдын июлунда болгон эле.

Соттолуп кесилген үй-бүлө мүчөлөрүн Шафиянын биринчи никедеги аялы Рона Амир Мухаммадды да өлтүргөн деп табышты. Тергөөнүн айтымында, аны “бейтартип кыздардын коргоочусуна айланып алды” деп өлтүрүшкөн.

Башкы тергөөчү Крис Скотт соттун өкүмү уктурулгандан кийин жекшембиде журналисттерге сүйлөп жатып, азыр курмандыктарды эскере турган учур деди.

- Билесиздерби, мен бул адам өлтүргөндөргө башка сөз бергим келбейт. Азыр өздөрүнүн жакындарынын колунан өлгөн Ронаны, Зайнапты, Сахар менен Гитини эскере турган, алар жөнүндө сүйлөшө турган учур. Калгандар жөнүндө сүйлөбөшүбүз керек.

Соттун төрагасы өкүмдү окуп жатып, “мыкаачы, ташбоор киши өлтүргүчтөр” “куру намыстын болгондо да эң жырткыч формасы менен” кыздарын өлтүргөн деди.

Канададагы гезиттерде полиция Шафия менен жүргүзгөн интервью басылган болчу. Анда ал өзүнүн кыздарын “сойкулар” деп сөгүп, “мен үчүн намыстан өткөн кымбат нерсе жок” деген.

Антсе да адвокаттар акыркы күндөргө чейин кыздар жана өгөй энеси кырсыктан өлгөнүн айтып келишкен. Баштап кырсыкта көз жумган аял чынында Шафиянын биринчи жубайы экенин, ал экинчи аялы менен бирге жашап жүргөнүн эч ким билген эмес. Непада муну жергиликтүү бийликтер билип калышканда, анда аларды депортациялашмак.

52 жаштагы Рона Амир Мухаммад турмуш куруп, бала көрө албай турганы, төрөй албай турганы анык болгондон кийин күйөөсү Тооба Яхияга үйлөнгөн.

58деги бизнесмен Мухаммад Шафия үй-бүлөсү менен Ооганстандан 1992-жылы көчүп кеткен. Канадага 2007-жылы көчүп келгенге чейин Пакистанда, Австралияда жана Дубайда жашаган экен.

Кырсык болгонго бир нече ай калганда, негизи Шафиянын үй-бүлөсүндө абал тынч эмес болчу. Жашы 19дагы улуу кызы Зайнап пакистандык жигит менен сүйлөшүп жүргөнүн угуп, атасы мектепке да бир жылга бербей койгон эле. Ортоңкусу Сахар денесин көрсөткөн кийимдер менен сүрөткө түшкөнү үчүн канча тил укканын сотто айтышты. Кенже кызы Гиити мектепте атасынын зөөкүрлүгү тууралуу айтып, жардам сураганы айтылды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG