Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Исакунова: Үй-бүлөдөгү зомбулукка кайдыгер болбойлу


Кыргызстанда үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөндөрдү жазалоо жаңы чара менен толукталды. Эми андай тартип бузуучуларды милиция беш күнгө камап коё алат.

Бул тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна гендер маселелери боюнча эксперт, Ички иштер министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Таалайгүл Исакунова жооп берет.

“Азаттык”: Административдик кодекске киргизилген жаңы чара үй-бүлөлүк зомбулуктан кордук көргөндөрдүн көйгөйүн чечүүчү кардиналдуу кадам деп айтсак болобу?

Исакунова: Бул милиция тарабынан ушул маселеге өзгөчө көңүл бурула баштаганынын гана белгиси. Үй-бүлөлүк зомбулукка карата чаралар Административдик кодексте мурда эле бар болчу. Мисалы, 500 сом айыппул, убактылуу кармоо ордери. Эгер күнөөлөнүп жаткан адам милициянын убактылуу кармоо ордеринин талабын аткарбаса, аны да административдик айыпка тартчу.

Зомбулукка кабылган адам, албетте, милицияга кайрылат. Бирок бул жерде милициянын да, соттун да “колу кыска” десек болот. Себеби мурда деле үй-бүлөдө зордук көрсөткөн адамды сот 10-15 суткага камачу. Бирок үй-бүлөдөгү зомбулук деген берене менен эмес, бейбаштык деген боюнча.

“Азаттык”: Административдик кодекске өзгөртүүнүн кириши менен кандай өзгөрүү болот анда, милициянын иши жеңилдейби?

Исакунова: Эч кандай жеңилдик болбойт. Бул чара үй-бүлөлүк зомбулук боюнча чыныгы статистиканы бөлүп чыгууга гана багытталган.

“Азаттык”: Статистиканын зарылчылыгы эмнеде?

Исакунова: Милицияда жылына “бейбаштык” деген берене менен он миңдей факт катталат. Анын токсон пайыздайы дал ушул үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу деп ойлойбуз. Эгер ушундай статистика аныкталып, расмий түрдө ачыкка чыкса, албетте, мамлекет бул проблемага көңүл бурууга мажбур болот. Мамлекеттик органдар үчүн бул чоң коңгуроо кагылгандай болот.

“Азаттык”: Аялын сабаган адамды милицияга камап койсо, беш күндөн кийин ал баары бир чыгып келет да. Анын ачуусу ого бетер күчөбөйбү?

Исакунова: Албетте күчөйт. Ошондуктан мен айта кетким келет: бизде азыркы кезде үй-бүлөсүнө карата зомбулук кылгандарга карата чара көрүүнүн башка да жолдору бар. 2003-жылы кабыл алынган “Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо” деген мыйзам жергиликтүү бийликке, сотко, саламаттыкты сактоо жана башка органдарга буга таасир этүү укугун берет. Максаты – жогоруда айтылгандай терс көрүнүштөрдү алдын алуу.

“Азаттык”: Кандай жол менен?

Исакунова: Мисалы, ар бир адам үй-бүлөдө зордук-зомбулук болуп жатканын көрсө кошунасындабы же туугандарындабы, ошол тууралуу милицияга айтканга укугу бар. Ал эми милиция андай арыздарга көңүл бурууга милдеттүү. ИИМде бул тууралуу атайын буйрук бар. Себеби дүйнөлүк практиканы алып карасак, үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгондор укугумду коргоп бергиле деп өз ыктыяры менен кайрылбайт.

XS
SM
MD
LG