Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Гүл али соолуй элек


Жалал-Абаддагы «Каниет» кризистик борборунун психологдору сексуалдык зомбулукка кабылган кыздын жүрөк титиретээрлик окуясын айтып беришти.

Бул Кыргызстандын кризистик борборлор Ассоциациясы гендердик зомбулукка каршы БУУ-Аялдар глобалдык өнөктүгүнүн алкагында сунуштаган баяндардын алгачкысы.

(Каармандардын аты-жөнү этикалык себептен улам өзгөртүлдү).

Кризистик борборго кайрылган Таалайгүл 19ка чыккан, бирок сыртынан караганда улуурак көрүнөт. Таалайгүл 13кө чыкканда апасынан айрылган экен. Каралаша турган же асырап ала турган жакындары да, туугандары да жок, секелек кыздын коколой башы калган.

Тоголок жетим эмне кылмак, кара жанын багыш үчүн иштөөгө мажбур болот да. Секелек кызга иш чыгышы кыйын эмеспи, такай жумуш болбогондуктан, туш келди жумуш менен алектенип, жанын багып келген.

Ошентип, кайсы бир күнү арзанырак кафеден туруктуу иш чыккандай болду. Кафенин кожейкеси 14 жашка эми чыккан Таалайгүлгө адегенде жакшы мамиле кылып жүрдү. Анан эле бир күнү үрөй учурарлык окуя болбойбу - кожейкенин күйөөсү секелек кызга тийишип жүрүп, бир күнү зордуктап салганы. Бул окуяны билип калган кожейке күнөөнүн баарын кыздан көрүп, ичинен кекенип калат.

Кыскасы, кожейке ал тегеректеги эркек атпайдан баарына Таалайгүлдү салып бермекчи болот. Мындай кыянатчылыкты күтпөгөн кыз ал жерден качып чыгып, Ошко баса берет.

Бирок бул калаада да жолу оңунан чыкпады. Же документтери жок, же каттоосу жок, же балалыгына караппы, айтор, сатуучунун же официанттын жумушу табылбай койду.

Акыры менчик мейманканага барып, эч куру дегенде үй жыйнагыч кылып алгыла деп жалбарды. Мейманкана деп аталган бул үйдүн кожейкеси чынында сойкулардын “жеңеси” болуп чыкты, ал келген-кеткен эркектерге Таалайгүлдү салып бере баштады.

Секелек кыз качып кете алмак эмес эле, анткени, күнү-түнү сыртынан кулпулап коюшат. Ал эми күзөтчүлөр көздөрүн албай кайтарып, кардарларга салып берээрде гана сыртка чыгарып турушкан.

Мына ошону менен беш жыл көз ачып-жумганча өтүп кетти! Ошол мезгил бою мейманкананын кожейкеси Таалайгүлдү күчтөп эркектерге салып берип келди. Беш жыл үзбөй сексуалдык зомбулукка кириптер болгону аз келгенсип, ал жерде иштеген зөөкүрлөрдөн запкы жеди.

Акыры ушунча зомбулук кыздын ден соолугуна доо кетириптир. Эмне гана ооруга дуушар болгон жок? Бир эле жыныс оорулары өтүшүп отуруп, акыры жатынын алдырууга туура келди.

Таалайгүлдүн жан-дүйнөсү да жабыркады, ал дайыма бу жарыкчылык менен кош айткысы келе берчү, анткени кайсы жерде болбосун уруп-согуулар менен сексуалдык зомбулуктан башы арылбачудай сезилер эле. Бирок кудай жалгап, Таалайгүл «Каниет» кризистик борборуна келип түшөт.

Бул жерден аны психологиялык жактан сакайтышты, бирок Таалайгүл али толук кандуу турмушка түшө элек. Анткени, зомбулуктун залдары сөөгүнө чейин сиңген экен. Азыр кыз медициналык жардамга муктаж. Тилекке каршы, саламаттыгын оңдоп, кадыресе турмушка кайтып келиши үчүн Таалайгүлдүн бир да тыйыны жок…

"Азаттык" үналгысынын гендердик теңчилик жана аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотууга арналган атайын интернет барагына баш багыңыз.

XS
SM
MD
LG