Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:55

Бөтөлкөнү сындыруу менен аракечтик жоюлбайт


Таштандыга ыргытылган ичимдиктер. Жапалак, Ош
Таштандыга ыргытылган ичимдиктер. Жапалак, Ош

Жапалакта үч машине аракты жок кылды деп элдин баары дуулдашты. Албетте молдекелер "иншаллах" деп кубатташты. Айрым интеллигенция өкүлдөрү "доңузду дөбөгө чыгарып атабыз" деген кооптонуусун билдиришти. Ичип жүргөндөр бул иш-чарага кандай реакция кылганын сураган жан болбоду...

Үч машине ичимдик жок кылынардан бир күн мурда айыл өкмөттө жыйын өткөн. Анда молдокелердин бул аракетине сын айткан адамды сүйлөп бүтө электе эле "Токтот! Жогол!" деп залдан чыгарып коюшкан.

Андан кийин жыйын советтик форматта уланган. Ичимдик саткандарга айып пул салууну сунуштаган айыл өкмөтүнүн демилгеси колдоо тапкан. Каршы менен калыстын оюн сурап, добушун санаган киши болгон эмес. Добуш берүү алдында Ош шаарынын казысы чыгып, адаттагыдай эле бир ойду он башка сөз менен шөкөттөп, арак-шарапты куюлуштура каргаган болчу.

Жапалакта жок кылынган үч машине ичимдик
Жапалакта жок кылынган үч машине ичимдик

Негизинен аракечтикке мен деле каршымын. Ичкилик айынан болуп жаткан кылмыштар жүрөгүмдү оорутат. Алагүү болуп машине айдаган жапалактык балдардын айынан автокырсыкка да кабылгам. Жинди суунун кесепетинен болгон жол кырсыктарын көргөм. Жашырганда эмне атам ичкен арактын азабын далай тартканбыз. Буларды эске алганда каршылардын сап башында мен турсам куп жарашат.

Бирок маселе аракта эмес да. Дүйнөдөгү бардык бузукулук ушунун айынан эле болсо гана. Бирок адамзат кээде соо туруп эле үрөй учурган иштерди жасарын кантип танабыз?

Айталы, ошол айт намаздарда алдыңкы катарда отурган аткаминерлерибиз алкымын тыйса эмне... Менимче алардын паракорлугу коомго чоң зыян келтирип жатат. 10 миң сом айлык алган аткаминер 6 миллион сомдук машине тепкенден уялбай, элден жазганбай калды. Эгер ак иштесе, маянасы ал көлүктүн майына да жетмек эмес.

Жалгыз жүзүн молдокелерге бир сатып, ооматтуу партияларга бир сатып, миграция менен жан баккан мекендештерине бир сатып, алдамчылыктын алдыңкы үлгүсүн гана көрсөтүп келатышпайбы. Эгер эл алдында жүргөн уулдарыбызда уят болсо өлкө үчүн иштеп, экономиканы өнүктүрүп коет эле го. Молдокелер өздөрү айтмакчы “жүда” болмок.

Ичкилик айынан кылмышка барып жатат деген жаштарыбыз дүркүрөп иштеген завод, фабрикалардагы жумушунан чарчап келип уктабайт беле ошондо. Арак менен дос болбой, келечегине ишенимдүү карап, алдына бийик максаттарды койсо жарашат эле го.

Албетте, мен бөтөлкөнүн түбүнө түшкүчө ичкендерди актагым келбейт. Бирок алардын көбү буга жумушсуздук, коомдогу руханий кризистин айынан барганын да тана албайбыз.

Казынаны капшырып жаткан чоңдор өз кызыкчылыгын жыйыштырып, мамлекетти көтөрүүнү алдыңкы планга койсо аракечтик акырындап жоюлмак.

Андай болбогон соң имам-казылар менен аткаминерлердин бири-бирин мактап, биринин айыбын бири көрмөксөнгө салып, калп эле элди ыйманга чакырганынан эмне пайда?

Кылмыштын баарын аракка шылтайбыз. Андай болсо мурдагы муфтий Мураталы Жуманов киши колдуу болгону айтылып келет. Эмне ал кылмышты мастар жасады беле? Андан кийинки муфтийдин уят видеосу тараганы калппы? Же аны да аракечтер тартып чыгардыбы?

Менимче азыр бизге мекенчилдик абадай керек болуп турат. Бирок аны араксыз жашоо гана пайда кылат десек жаңылышабыз.

Азаптын баары ичкиликтен деп аны тыйып салалы. Бирок "араксыз коомдо" кылмыштуулук азаярына молдокелер кепилдик береби? Байкуш кыргызды мыкчып турган коррупция чеңгелин бошотобу ошондо?

Советтер союзунун тушунда Андропов аракты тыям деп миңдеген гектер жүзүм бактарды кыйдырган экен. Бирок анын ордун самагон, техникалык спирттер басып кеткен дешет. Эртең бизде да баңгилик жайылып кетсе кантебиз? Аны ойлогон жан барбы?

Азыр молдокелер үлгү көрсөткөн ошо араб мамлекеттеринде кылмыштуулук аз бекен? Ошол эле молдокелер арасында алдамчылыкка жана мыкаачылык кылмышка баргандар жокпу? Айрымдарынын жоругун угуп жерге түкүрүп жатабыз го...

Ошол эле биз жаман көргөн батышта, айрыкча Чехия менен Германияда сыра кечки тамакта чай ордуна ичилет. Кадам сайын сыракана. Бирок көчөдө мас адамды жолуктуруу кыйын. Кылмыштуулуктун саны бизге салыштырмалуу абдан аз.

Таштандыга ташталган ичимдиктер бульдозер менен тебеленген. Ош
Таштандыга ташталган ичимдиктер бульдозер менен тебеленген. Ош

Биз эмне үчүн башкалардын тажрыйбасынан сабак албайбыз же алгыбыз келбейт?

Аракты билим, маданият, тарбия менен тыят. Жаштарга сапаттуу билим берип, алдыңкы технологиялар менен иштөөнү үйрөтүү керек. Аткаминерлер алкымын тыйышы абзел. Билермандардын бийлигине бедели төп келип, айткан сөзү элге үмүттүн отун жагып турушу керек.

Куудулдарды соттобой, тамашага күлө билели. Бийлеген жаштарды жерибей искусствону баалайлы. Эрежесиз эр урушка үгүттөбөй бак аралап, көчөнү айланып чуркаган элдик спортко өтөлү. Музыканы өчүрбөй мээни сергители. Сүрөттү, адабиятты чанбай китеп окуйлу. Акылды толтуралы, көрөңгөнү багалы. Ошондо аракка эч кимдин күнү түшпөйт.

Бүт тууган-урукту түйшүккө салып, тоздурган тойлорду кыскартып, саякаттап эл көрүп, жер таанып картайсак эмнеге болбосун? Ошондо биздин жаштар ичкиликти өздөрү эле чанып кетер. Арак-шарапты тыйып, бирине айып салып, бирин көчөдөн токмоктогон агрессиялуу жүрүм-турум түбү жакшылыкка алып барбайт.

Андыктан паракор чоңдорду баатыр, чала молдолорду идеолог кылганды токтотууга мезгил жетти.

"Азаттыктын" архиви: Жапалакта үч машине ичимдик жок кылынды. 21-июль, 2017-жыл
Ош: үч машине ичимдик жок кылынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG