Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Өзгөндө түнкүсүн ичкилик жана тамеки сатууга тыюу салынды


Өзгөн районунда түнкүсүн спирт ичимдиктерин жана тамеки сатууга тыюу салынды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай токтомго бүгүн район акими Аттокур Тажибаев жергиликтүү жетекчилердин дин кызматкерлери менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында кол койду.

Түндө спирт ичимдиктерин жана тамеки сатууга тыюу салуу демилгеси өткөн жылы райондук кенештин депутаттары тарабынан көтөрүлгөн.

Буга чейин район жетекчилиги той-ашта жана маркумду акыркы сапарга узатууда мал союп, себет алып барууга чек койгон. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG