Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 23:33

“Мен үй салганда эле Ленин өлүп калабы?”


Эрнис Турсунов.

Эрнис Турсунов кыргыз окурмандарына акын, прозаик, драматург, котормочу катары белгилүү.

Кыргыз мамлекеттик университетин аяктагандан кийин жазуучу Памирде мугалим болуп иштеп келген. «Ленинге кат» аңгемесинин жазылышына ошол жерден уккан окуя себепкер болгон. Чыгармада карапайым адам менен бийлик ээсинин ортосундагы конфликт баяндалган.

Булут минген жол

Аңгемеде куулук-шумдугу жок карапайым адамдын турмушу чагылдырылган. Тагдырдын кайчы жолу менен бийик тоо арасына келип туруп калган бир үй-бүлөнүн урпагы Эргеш аке он беш жашынан жол боюндагы айдоочулардын үйүнө суу ташып, ошону менен оокат кылып келаткан киши.

Анын ата-бабасы мурда ушул жердеги кербен сарайда кызмат кылышчу экен. Эргеш аке менен Мургабга мугалим болуп кетип бараткан баяндоочу Кара-Көлдөгү жатaканада жолугушат.

Баяндоочуга жолдо көргөндөрүнүн баары жаңылык болчу. Жазуучу майда-чүйдө турмуштук деталдарга шашпай абай салып, Памирге Оштон кантип келгендигин чып-чыргасын коротпой айтып берет. «Булутка жеткен жол» атына ылайык, аяк-башы билинбеген узак, андан да оор болчу. Аны автор мындайча сүрөттөйт.

«Ашуулары типтик, көп кыялуу, бурулушу чукул, коогалуу, опурталдуу жол. Эң бийиги - Ак-Байтал, төрт жарым миң метр бийиктиктен автоколонналар өтөт. Төмөндү караган кишинин жүрөгү опкоолжуйт. Ашуунун таманындагы машина каргадай болуп араң эле көзгө илинет.

Сары-Таштан ары элдүү пункт сейрек кезигет. Жүз чакырым аралыкта ДЭУ пункту же жолчунун үйү бар. Жол жүрүү көңүлсүз, талыкшып уйкуң эле келет. Айрыкча, жайкысын чак түштө чакыйып тийген күндү карай жүрүп, мотор ысып-күйүп, машина «ыйлап-сыктап» баратса, кабинадан жерге түшүп, жөө басып алгың келет. Эки саат, үч саатта ашуунун кырына чыгып, аркыраган шамалга бет тосуп уйкуңузду ачасыз. Анан кайра жол. Бирде эңкейиш, бирде өр. Жол, жол, жол… узунду кечке жол…»

​Памирге мугалим болуп бараткан жолоочуга Кара-Көлдөгү мейманкана ээси Эргеш аке башынан өткөн тарыхын айтып берет. Ал тарых бир алдын кызык, экинчи жагынан социализм заманындагы курч окуяларга бай болуп чыгат. Ленин десе көздөрү жайнап, айтаарга сөз таппай аткан карапайым суучунун баяны акыйкатта да кунт коюп уга турган окуя экен. Эмнеликтен Эргеш акенин качанкы каза болгон жолбашчыга арыз-арманын айтып, кат жазышынын себеби кийин ачылат.

Суу бекер, бирок алыстан агып өтөт

Улуу Атамекендик уруштан кийин айылына келген Эргеш аке жолчуларга суу ташып, күн өткөрүп жүрөт. Ал жерде башка жумуш деле жок. Дыйкан же малчы болушка да шарты жок. Бийик тоо арасына электр энергиясы жете элек, катылып жаткан кендери жакшы иликтене элек, тек керектүү жүктөр Оштон Хорогго машине аркылуу ташылып турган учур. Эгин бышпаган, дарак өспөгөн жердеги күжүлдөгөн эмгек жолго байланышкан. Узак жолдон чарчаган айдоочулар келип эс алчу кичинекей мейманканага суу ташып, от жагып иштеп жүргөн жоош жигитке маяна төлөп берүү бир да жетекчинин оюна келбейт. Штатта жок деген шылтоону бетке тутуп, анын бекер ишин пайдаланып жүрө беришет. Айлык албаса деле Эргеш аке көнгөн ишин жасап, шопурлар эс алчу мейманканага суу ташып, чай кайнатып берип турат. Ал ошентип бекер отурганча адамдарга жакшылык кылганына ыраазы.

Башында үч чакырым жерден сууну жөө ташып келсе, кийин эки ат эски араба берип, ошого чоң бочкесин жүктөп күн сайын дарыяга каттамай анын милдети. Суу баарына керек, жолчулардын башчысы суу ташыгыч деген штат жоктугун айтып, Эргеш акеге акы төлөбөй койгон. Акча бербей койду деп Эргеш аке чоңдорго нааразы деле болбойт. Бирок убакыттын өтүшү менен анын алдында дагы бир турмуштук суроо туруп калат.

“Бой жашагандан жүдөдүм. Карасам, улгайып баратам. Ары-бери карап, антип-минтип күн өткөргөнчө, отуз бешке келип калыпмын. Үйлөнөйүн дедим. Ашканада идиш-аяк жууп, пол шыпырган келин жүрчү. Сууга жөнөгөн сайын, “сууңиз тугедими?” деп тийишип калчу. Экөөбүз ынак элек. Көңүлүмө жагып жүрчү. Бир күнү жүйөлөшүп сунуш киргизсем, каршы болгон жок. Ал да мен өңдүү жалгыз бой бечара экен. “Эгиз улакка айры шыбак” деп, ошого үйлөнүп алдым. Эки баш кишинин турмушу кадыресе өтө берет экен.

Жатып алып ойлондум: “Үйлөндүм. Эми аялымдын боюна болот. Анан төрөйт. Үй керек турбайбы. Бой кезимдей шопурлар менен аралашып жаткан уят. Кепе болсо да, үй салайын”, - деп адегенде эле ылай ийлөөгө кириштим. Аялым экөөбүз жумуштан кийин ылай тепсеп, там сого баштадык..

Эки бөлмө үйдү эки киши бат эле бүткөрөт экен. Бир айдын ичинде керегесин тургузуп койдук. Топурак, кум, таш, суу жерден алынат. Жыгачты, шыйпырды, айнекти кайдан алдык? Сураштырсак, жолчуларга курулуш муктаждыктары кезексиз берилет экен. Бирок ага акча кайда? Экөөбүз тең бекер иштейбиз. Эмгек акыма жыгач, шыйпыр сурайын деп, бир күнү Таранчийипке кайрылдым. Жооп берген жок. Экинчи ирет кайрылдым. Ал обулуска кетип жарым айда келди да:

- Маа экинчи жазба. Ошояк менен жооптош,- деп кагазымды кайра карматты колума.

Ошентип, үйүбүздүн курулушу токтоду. Жалаңдап кыш кирип келди. Эмне кыларымды билбей башым катты. Саат басканда үйлөнбөй эле койбой. Таңдан кечке ташыганым суу. Аялым ашкана тазалайт. Жатакана шыпырат. Идиш-аяк, шейшеп, сүлгү жууйт. Койчу, бир саат жаныбыз тынбайт.

Аялым экөөбүз жатакананын бир бурчунда жатчубуз. Таранчийип бир күнү оңураңдап келип бир тийди.

- Жатакананы бошоткула! Мынабу жуурканыңар эртең бул жерде болбосун! – деп, эки жуурканыбызды булкуп ыргытты.

Айла кетти. Үйүбүз төбөсү ачык бойдон турат. Дагы арыз жаздык, эчтеме чыккан жок. Текшерип келген кишиге тетири туюнтуп, коноктоп кое берди. Мени “арызчы” атка кондуруп сөөмөй кезей күпүлдөдү:

-Көч!

-Кайда?

-Кайда барсаң, анда бар! Иштатта жоксуң. Кара-Көлдө жолчулар жашайт.

-А менчи?

-Сен жолчу эмессиң.

-Э, ботом, туулган жерим ушу болсо, кайда көчөм? Өлсөм Кара-Көлгө коюлат.”

"Ушбу кушкат Ленинге"

Баштап алган үйү бүтпөй, аялы экөө бекер иштеп атканына жаны күйгөн Эргеш аке Таранчиевдин опузасына баш ийип отуруп калбай, кадимкидей айтыша кетет. Жол чарба башкармасы экөө бирин-бири “мите” дегенге чейин барышат. Эргеш акеге баарынан да жетекчисинин “көчүп кет” дегени катуу тиет. Ал какыраган таш болсо да Кара-Көлүн гүлбакчага бергиси келбеген, киндик каны тамган жеринен карыш жылгысы келбеген адам. Башка жерде турмуш өткөрүүнү элестете да албайт.

Төрөлгөн жеринен бир чоң келип кууп атканына жини келип, демейде жоош суу ташыгыч кадимкидей айтыша кетет. Ошол талаштан аз өтпөй ал чоң көпүрөнүн боорундагы: ”Ленин – тирүүлөрдүн тирүүсү! Ленин – түбөлүк биз менен!” деген жазууну көрүп, ичи жылып үмүттүү карап калат.

“Эмне оюма түшкөнүн билбейм, өзүмөн өзүм эле ичим жылып, Ленин менен тиктешип калдым. Көзүмө алда кандай мээримдүү учурады. Эзелки таанышыман бетер шапкесинин астынан жылмайып, мени эле карайт. Кол алышчудай жайдары тиктейт. Ичимден шыбырадым: “Кеменгерим! Кембагалдардын атасы! Арка-тирегим! Менин минтип акымды жедирип, куурап жүргөнүмдү билесиңби? Менде үй-жай да, отун-суу да жок. Кара башым, как чокум, кара күчүм, анан аялым гана бар. Эмне жардамыңыз болот? Абалымды Сизге билдире албадым. Сизге жете албадым”.

Мургаб
Мургаб

​Аңгыча жаман мээме бир ой кылт десе болобу! “Куш тилиндей кат менен Сизге кайрылсам кантет? Сиз дайым эмгекчи эл мененсиз. Сиз – тирүүлөрдүн тирүүсү! Жаза жүргөн жаным Сизге жазайын”.

Бүттү анан, үйү бүтпөй, чоңунан тил угуп, капаланып турган суу ташыгыч жолбашчыга кат жазууну чечет. Мейманканага келсе тааныш шопуру Жашке келип калган экен, экөөлөп Ленинге кат жазууга киришет. Кат памирликтердин салты боюнча “Кымбаттуу, жандан артык көрүүчү кеменгерибиз, бүткүл дүйнөдөгү кембагалдардын атасы, улуу Ленинге тийсин” деп башталат.

“Бу кайдан чыккан датка?"

Башында сөз таба албай кыйналып аткан суу ташыгыч буга чейин топтолгон арыз-арманын улуу Ильичке багыштаган “кушби катына” төгүп салат. Кыйладан бери үйлөнө албай жүргөнүн, анан минтип аял тапса үй сала албай кыйналганын, бекер иштерин, айлык бериштин ордуна “ачендиги” Таранчиев аны тууган жеринен кодулап кууп жатканын – баарын жашырбай кагазга чүргөйт.

“Бу кайдан чыккан датка? Аны бизге ким начендик кылган? Деги күн көрсөтпөй кууратты. Күн баарыбызга тегиз тийиш керек да”, - дейт.

Карапайым адамдын арыз-муңун укпаган алкы бузук жетекчи текшерип келгендерди паралап, баарын жаап, тоо ичинде өзүм билемдик кылып жүргөнүн жашырбай ортого салат. Болбосо бул жер кенге бай, сууга бай экени, электр станциясын куруп жаркыратып койсо болорун жазат.

Кеменгер Ленинге паракор жетекчини жазалап, Памирге кен иликтөөчүлөрдү жиберүүнү суранат. Жалгыз өзү эмес жаамы памирликтердин көйгөйүн алдыга жайган “ушбу куш тилиндей кат урматтуу Ленинге тийсин” деп суу ташыгыч Эргеш аке, анан досу Жашке, аялы Дүрдана кол коюшуп кат жөнөтүлөт.

Катка качан жооп келерин Эргеш аке аябай күтөт. Бул анын акыркы ишеничи болчу. Буга чейинки кайрылуулары жоопсуз калып, жогорто отургандарга кат жазуудан майнап чыкпасына капа болгон карапайым жолчуну бир күнү эле “начандик Таранчийип” чакырып калыптыр.

“Ачендиктин” ачуусу аябай келген келген. Анын Памирдеги жыргал жашоосуна кайдагы бир арызчы, акыл-эси жайында кишинин деле оюна келбеген качанкы өлгөн Ленинге кат жазып отурушу куйкасын куруштурат. Ушундай да болобу, Ленинге кат жазат деген эмне шумдук! Билимсиз суу ташыгычка ал көчөдө илинген сүрөттүн чоо-жайын түшүндүрө кетет.

“- Ал ураан! Плакат деген болот!

- Мен тирүү деп жаздым!

- Эмесе көрүңдү каздың!

Ушу жерден кыжырым кайнап, бетке чаба айттым.

- Эмне?.. Мен үй салганда эле Ленин өлүп калабы? Мага шыйпыр керек болгондо көрүм казылып калабы? Ленин өлбөйт! Керек болсо аялым экөөбүз ээрчишип алып Лениндин жаткан жерине барабыз.

- Лениндин арбагын шылдыңдагың барбы? Соттолосуң эшектин мээсин жеген акмак!

“Соттолосуң” дегенде жүрөгүм шуу дей түштү. “Туура эмес кылдымбы?”

Туура эле кылган экен. Ал кезде Маскөөгө жазылган арызга сөзсүз жооп болчу, карапайым адамдын арыз-арманы бийликтегилерге жетчү. Эргеш акенин көпүрө боорундагы Лениндин сүрөтүн көрүп ага арыз-арманын жазып ийбесе минтип облустан комиссия келмек беле. Эргеш акени опузалап “арбакты шылдыңдадың” деп бууракандап аткан Таранчиевдин былыгы чыгып, үйү текшерилип, буга чейин чогулткан өлүү дүйнөсү ачылып, камакка алынат. Кичинекей жолду тейлөө башкармалыгын өөнөп жеп отуруп, сызга отургузган ал эргул ошол бойдон Памирге кайтпайт.

Куш тилиндей катын Москвадагы Ленинге жолдогон Эргеш Жоробаевдин өтүнүчү канааттандырылып, бүтпөй жаткан үйүнө керектүү материалдар бөлүнөт. Айылга электр жарыгы келип, суу чыгарылат, кенчилер тоо арасында иликтөө иштерин жүргүзүп жатышканы кабарланат. Мунун баарын Эргеш аке Ленинге жазган катынын шарапаты деп билет. Асман тиреген ашууларды ашып, бийик тоо арасындагы калк турмушун өзгөртүү аракети ушундай аракеттерден, карапайм калктын социалдык активдүүлүгүнөн жаралары “Ленинге кат” аңгемесинде дагы бир ирет ырасталат.

Бийлик менен карапайым калктын ортосундагы байланыш мына ушундай кат, кайрылуу, өтүнүчтөргө жооп берилгенде, талаптар аткарылганда гана өлкөнүн өркөнү өсөт. Бийик тоо арасында тууган жерин таштабай, колунан келген ишин жасап келаткан жөнөкөй эмгекчил адам турмуштук каалоо-тилегине биртоп тоскоолдуктардан кийин жетет.

Эрнис Турсуновдун ыр, кара сөз, драмалык чыгармаларын, котормолорун санап чыгуунун өзү эле кыйла убакытты алар эле. Жазуучунун чыгармачылык түшүмдүү жылдары Кыргызстан эгемендикке жетишкенден кийинки мезгил болду окшойт. Анын көлөмдүү романдары, драмалары, ыр китептери жыл кур эмес басылып, театр сахнасында коюлуп, окурмандар менен көрүүчүлөрдүн мактоосуна арзыды.

Айрыкча Александр Сергеевич Пушкиндин “Евгений Онегин” романын мыкты которгонун белгилей кетели.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG