Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:07

"Киши кийик" тоодон түшпөйт


Кадыркул Өмүркуловдун чыгармалар жыйнагы.

Кадыркул Өмүркулов окурман журтуна кара сөз чебери катары таанымал. Ал элет турмушун, бийик тоо арасындагы айылдыктардын бир калыптагы жашоо-тиричилигин, жайлоо идиллиясын даңазалаганды жакшы көрчү.

Бул ирет жазуучунун каламынан чыккан мыкты аңгемелеринин бири “Билерманды” чогуу окусакпы деп турабыз.

Алабаштыктарды аптыктырган окуя

Бийик тоону улай жайгашкан алабаштыктардын эки сөзүнүн бири киши кийик болуп, айылдыктар уу-дуу, кимисинине ишенерин билишпей, узун кептин учугу узарып, жаңылыкка кулак түрүп отурчуларга той түшүп эле калбаспы. Киши кийик жайындагы аңыз кептин алоолоп кетишине айылга шаардан атайын илимий экспедициянын келиши шыкак болуп, алар эртең эле киши кийикти дегдеңдетип жетелеп келишчүдөй болуп дегдешкеничи.

Аңыз кептин алгачкы жыргалын Алабаш айылындагы Керез эне көрдү. Алтымыш жыл жасап келаткан чоң казан толо жармасын керки-чотун көтөрүп, сакал-муруттарын болушунча коё берген илимий экспедиция мүчөлөрү шыпкап ичип берип кемпирди абдан сүйүнтүшпөдүбү. Үңкүргө барчу жолду да шаардыктарга ошол эне көрсөтүп берип, кайтып баратышканда үйүнө кирип даам сызып кетишин айтыптыр.

Мындай жармакор коноктор ай сайын же жыл сайын эле бул айылга келип туруптурбу. Киши кийик болбосо тоо арасында унутта калган бул кичинекей айылга ким келмек? Сурагандардын кызыкканы шаардан келген илимий экспедиция эмес, киши кийик болуп жатпайбы. Керез эне аларга колунан келишинче тоо ичинде пайда болгон укмуштуу жаныбар тууралуу уккандарын божурайт:

“— Бизге окшогон эле киши дейт ал.— Керез эне булардын таң калганын туюп, билгенинче түшүндүрө баштады. — Бою биздикинен бийигирээк келет дешти балдар. Анан энеден туума - жылаңач жүрөт имиш.

- Ок-к!— деди четтеги бүкүр кемпир, аяк-башын кымтыгылап. Анан кулагын жоолугунан чыгара, эңкее берди. — Ой тобоо, и?

- Тобологонуңду койчу ай, бай болгур,— Керез эне мыскылдамыш этти. - Мен эмне, оюман чыгарып атыпмынбы. «Уккан кулакта жазык жок», укканымды айтпаймынбы.

- Биерде жашаганыбыз канча, бирок мындай шумдукту ким угуп, көрүптүр…

- Кой-э! — деп калды аңгыча колунда жаш баласы бар кызылдуу, чымыр келин. — Өгүнү Чаар таштын өйдө жагындагы бөксө менен келатып, чарчаганыман бир аз эс алып алайын деп жонумдагы көтөргөн куурайымды жерге коюп отура кеттим. Бир убакта карасам эле, тээ алды жакта далдайган эле бирөө турат. Бүткөн боюм чымырап, далдаарый түштүм…

- Оюңда ошондой далдайган немени көрсөм деп жүргөнсүң да…

- Кыязы, чарчаганыңдан улам го, - деди мээрман Керез эне. - Эмчекте балаң бар… А киши кийик болсо тиги жогору, ак кардуу тоо, мөңгүлөрдө жашайт имиш.

- Жаткан-турган жери кар болсо, же кийген кийими жок үстүндө, а байкуш кантип чыдайт болду экен?

- Ал айбан сымал түктүү дейт.

- Ой тобо, тоб-боо…”

Тоодон табылган киши кийикти таап келүүгө атайын экспедициянын келиши айылдыктардын кызыгуусун андан бетер арттырып, баары болор окуянын жандырмагы кантип чечилерин күтүп калышат. Анын себебин бир билсе Байтерек гана билет. Бирок Байтерек айылда эмес, жайкысын топозу менен тоодо болчу. Эми ал айылга качан келет?

Байтеректин баёо кыялы

Билерман Байтеректин айтканы төп келип, анын көзү ачыктыгына айныксыз ишенгендиктен бүт айыл түрүлүп бир кишини күтүп отурушпайбы. Байтеректин жөн салды кеби деле туура чыгып, башында аны тамаша катары кабыл алып келгендер бир-эки окуядан кийин эч күмөнсүз ишенип калышчу болгон. Болгондо да отурушта айтылган сөз чын чыгып, ошондон кийин баары анын оозун гана карап калышкан.

“Кайсы бир олтурушта… Согуштан кийинки жылдары… Андай олтуруш чанда-чанда эле болчу эмес беле ал убакта. Байтеректин бармактайынан бирге окуп, бирге чоңойгон Мөңгүбай деген жолдошунун келинчеги ай-күнүнө жетип турган кези. Мурдагыларынын баары эркек балдар болчу. Отуруп-отуруп Байтерек:

- Мөкү, Сакишиң, куда кааласа, кыз төрөп берет экен, - деди жайынча эле. - Айтты, айтпады дээрсиң, кыз…

- Эй-гээ, муну кара-ой. Көзү ачык ко ыя!?, - деп калды кимдир бирөө. Калгандар аны коштой дуу-дуу түшүп калышты.

- Андай эле көзү ачык экенсиң, мага жоручу?, - деди экинчи бирөө.

- Сен уулдуу болосуң! - деди Байтерек токтолбостон. Анан берки олтургандарга айланта карады.

- Сеники, аркы Жумагулдуку да уул болот.

Айтор, Байтерек баарын бактылуу кылгысы келген, баарынын көңүлүн көтөргүсү келген.

- Тобо! Кийин баары Байтерек айткандай болуп чыкпаспы!…”

Ошондон кийин Байтерек жөн киши эмес көзү ачык, билерман болуп, айткан-дегени айылга дүң болуп, ар бир сөзүнө маани берип калышкан.

"Быйыл кыш катуу болот"

Табияттын белгисин Байтерек атасынан үйрөнгөн, жер айдап аштык сепкен ал киши баарын байкап, баам сыртында калтырбай эсинде сактап калган окшойт. Байтерек да жаздан тарта кеч күзгө дейре топоз артында жүрүп, жер уңгусун мыкты билет. Табият деген табият, элдин баарын таң калтырган көзү ачык деле “канча жолу көчкүдө калды, канча жолу бутун үшүккө алдырды” бирок көнгөн ишин таштабай келатат.

Анын жөнөкөй айткан сөзү деле башкаларга укмуш сезилип, анысы элге жетип, таасири күчөп, ойдо жок жерден Байтерек көзү ачык деген кошумча атты алып жүрүүгө аргасыз болот. Бир ирет мектептеги уулу ай тутуларын айтып келсе, табышмактуу табият кубулушун көрмөккө Байтерек сыртка бак арасына төшөк салдырат. Айткандай эле ошол түнү ай тутулат, бирок анын артынан жер титирейт. Байтеректи көрүп сыртка жаткан эл жер титирөөнү айылдаштарын аяп айтпай койгон деп чечишет.

“Мына ошондо гана Байтерек эмне десе да, эч нерсе чыкпасына түшүндү. Ак пейил айылдаштары анын ар бир айткан сөзүн өздөрү каалагандай жоруйт, ошону билди. Мына ошондо гана ал аз сүйлөп, көбүнесе унчукпай жүрүүнү чечти. А болбосо ал эмне айтса деле аны буруп алышып атпайбы.”

Киши кийик издеген илимий экспедиция тоодогу Ак-Үңкүрдү таап, ичине киришсе илең-салаң күйүп аткан отко улам бир чырпык таштап коюп бирөө олтурат, шаардан келгендер менен жай сурашып, чай үстүндө экспедициянын максаты айтылат.

“- Эгер биз аны тапсак, оо анда ал бу кылымдагы чуу көтөрүүчү бирден бир окуя болот. Чоң окуя. Илим, адамзат биздин те түпкү ата-бабабыз туурасында баа жеткис маалымат алат.

- Укму-уш! Ошондой де…

- Аны ушул Муз-Адыр айланасынан көрүшүптүр.

- Муз-Адыр мындан саал өйдөрөөк. Аерде менин Мөңгүбай деген жолдошум бар. Ал дагы топоз багат. Баса, жаңкы киши кийигиңердин түр-түспөлү кандай өзүнүн? Кадимки эле кишидейби? Же…

- Ооба, киши сымал, бирок бою селегей, түктүү. Жылаңач жүрөт.

- О кокуй де! Мен да алиги көргөнү ошо Мөңгүбай болуп жүрбөсүн десем… Байтерек бир саамга үн катпай олтурду, - Аныңардын биякта эмнеси бар?

- «Эмнеси бар…» Жашабайбы.

- Жыйырма жылдан бери топоз багып, ушердемин. Бирок андайыңарды көргөн эмесмин. Мөңгүбай деле ошо. А болбосо, айтат эле го бир ооз.

- Башкалар көргөн турбайбы.

- Ким экен ал?

- Мергенчи Жангазы.

- Ээ-э, жолу болсун, айта берет ал. Бир жолу а түгөнгүрүң илбирс кармадым деп, көрсө анысы суур экен. «Ой, наалаты, кудайды карап бир ышкыртсаң боло…» деп уяткарсаң, «эмнени ышкыртканы, мага ошондой көрүнгөн» - деп кутулуп кеткен. А балким, Жангазыңар Мөңгүбайды, же мени чаташтырып алып жүрбөсүн? Дагы киши кийик деп, бизди атып албаганына шүгүр”.

Айылдыктар күтүп атышкан Байтерек атайын шаардан келгендерге чынын айтса да алар да ишенбей, бир ай тоону аңтарып издешинен эч нерсе чыкпай экспедициячылар куру кол артка кайтышат. Ал эми Байтеректи болсо тамаша-чындап айткан сөздөрүнө айылдаштарынын айныксыз ишенип алышы чочулата баштайт. Аны менен эле тим болушпай кийин андай кооптоно башташкан.

“Анын көзүнө чалдыгуудан сестенишип, кокусунан алдыларынан чыгып калса, бура басып кетүүчү болду”. Себеп дегенде, айыл арасында Байтерек жамандыкты да күн мурунтан билет экен, деген миш-миштер жайылып кеткен. Жамандыктын качан келерин ким эле эртелеп билгиси келсин.

Алабаштыктар “көзү ачыктан” кутулууну чечишет. Аксакалдар кеңешип коңшу айылдан ага алысыраак таякесин таап чыгышып, жакын туугандар бир болсун дешип аны көчүрүп ийишет. Автор айтмакчы, “Ошентип Алабаш айылы тынчыды да калды…”

Балээнин баарын Байтеректен көрүп, ал кетсе эле айыл турмушу өзгөрүп кетчүдөн бетер өзөлөнгөндөр биртоп убакыт өткөн соң бир боштукту байкашат. “Күн караңгы түнгө, түн күнгө алмашылат. Күз келди. Кыш өттү. Бирок эмне үчүндүр, Алабаш айылындагыларга алда бирдеме жетпей бараткандай… «Эмне?»

Бул суроого жоопту убакыт таап берет, көрсө ар бир айылда бири экинчисине окшобогон кайталангыс адамдар болушу керек экен. Көзү ачыгы, алабарманы, ууру-кески, акылгөйү дагы башкасы. Байтеректи кошуна айылга көчүрүү амалын тапкан Ыбрай чал ал кеткени Алабаш “асмандагы Жетигендин бир жылдызы өчкөндөй болуп” калганын айтып, “көзү ачыкты” кайтарып алып келгени жолго аттанат.

“Айыл аксакалдарына: «Аны апкелмейинче келбеймин» дептир ал. Бул кабар биердегилерди анчалык таң калтырган жок. Анткени, ооз ачып айтпаган менен, ар киминин көөнүндө ушул ой жүргөн. Алабаштыктар Байтеректи күтүп атышты.”

"Азаттыктын" архиви: Кадыркул Өмүркуловдун жубайы Бүбүсара Рыскулова менен маек.

Бүбүсара Рыскулова: Жазуучу болсом жазат элем, аттиң...
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:21 0:00
Түз линк

Кадыркул Өмүркуловдун көпчүлүк чыгармаларында өзгөчө бир ынтаа менен макталган айыл турмуш жыргалы ушундай. Жазуучу бир калыптагы бейгам тириликти ичтен кармап турган сюжеттик кызыл жипти көбүнесе кары адамдардын образы аркылуу ачып берет. Алардын өткөн чагына кайрылуусу аркылуу үлкөн адеп-ыймандык маселелерди ортого алып чыгып, окурмандын талкуусуна коёт. Улуу адамдар аркылуу унутта калып бараткан элдик жашоо-турмуштун маанилүү жактарын алдыга жаят.

Кадыркул Өмүркулов апасы Нуркамал Жетикашкаева менен.
Кадыркул Өмүркулов апасы Нуркамал Жетикашкаева менен.

Сөз соңунда Кадыркул Өмүркуловдун өмүр баяны, чыгармалары тууралуу кыскача маалымат. Жазуучунун ата-энеси белгилүү театр ишмери Өмүркул Жетикашкаев менен акын Нуркамал Жетикашкаева болушкан. Москвадан жогорку билим алып, бир топ жылдар кино, телекөрсөтүү, журналистика тармагында иштеген.

Совет заманында “Жаңылык басылмалар агенттигинде” - АПН кабарчысы, билим берүү тармагында эмгек өтөгөн. Анын сценарийлери боюнча «Ак куулар конгон айдың көл», «Эски тегирмен», “Акжолтой”, “Бурма” ж.б. кинофильмдер тартылган. Кадыркул Өмүркулов “Жылдыздуу түн”, “Жер касиети”, “Акжолтой”, “Миң булак” сындуу китептердин автору.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG