Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:21

Өзбекстанда мугалим "Мухаммед пайгамбарга акарат келтирди" деген кине менен 12 күнгө камалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстандын Самарканд облусунда 21 жаштагы тарых мугалими Телеграмдагы каналдардын биринде Мухаммед пайгамбардын ар-намысына акаарат келтирген билдирүү калтырганы үчүн 12 суткалык административдик камак жазасына тартылды. Бул тууралуу Gazeta.uz басылмасы жазды.

Тергөө материалдарына ылайык, комментарий 30-декабрда жарыяланган.

7-январда социалдык тармактарда бул билдирүүнүн авторун жоопкерчиликке тартууга чакырган билдирүүлөр тарай баштаган.

9-январда милиция кызматкерлери мугалимдин телефонун текшерип, комментарий анын аккаунтунан калтырылганын аныкташкан. Ага карата Өзбекстандын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 184-3-беренеси ("Улуттук, расалык, этностук же диний кастыкты үгүттөгөн материалдарды даярдоо, сактоо же жайылтуу") боюнча протокол түзүлгөн.

Ошол эле күнү Пахтачи райондук соту ишти караган. Жергиликтүү медиа каражаттары жазгандай, сот чечимине ылайык, айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган. Сот аны 12 суткага камоону өкүм кылды.

Мугалимдин же анын адвокатынын пикирин алуу мүмкүн болгон эмес.

Мындан тышкары, сот комментарий жарыяланган уюлдук телефонду жок кылуу чечимин чыгарып, «кайра укук бузууга жол бербөө максатында» анын Телеграмдагы аккаунтун колдонууга чектөө койгон. Ошондой эле соттолгон адам камакта кармоо чыгымдары үчүн 741,6 миң сум (5300 сомдой) төлөөгө милдеттендирилди.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG