Жайыл районунун Полтавка айлынын 45 жаштагы тургуну энесин өлтүрүүгө аракеттенген деген шек менен кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Ага ылайык, милицияга шектүүнүн бир тууганы кайрылып, ал 29-декабрь күнү 75 жаштагы энесин уктап жаткан кезинде жаздык менен муунтууга аракет кылганын, ал каршылык көрсөткөн кезде сабаганын билдирген.
Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 138-беренеси "Уруп-сабап кыйноо" менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалган. Жайыл райондук соту аны эки айга камакка алды.
Милиция шектүү жубайы менен Watsapp жазышкан учурда апасын өлтүрүүнү көздөгөнүн жазганын маалымдады. Бул иш боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланууда.
Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп. (ZKo)
Шерине