Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:22

Мальтада эс алып жүргөн кыргызстандык жаран деңизге чөгүп каза тапты


Мальтадагы деңиз жээги. Иллюстрациялык сүрөт.
Мальтадагы деңиз жээги. Иллюстрациялык сүрөт.

Мальта мамлекетинде деңиз жээгинде эс алып жүргөн кыргызстандык аялды толкун алып кетип, каза болгонун, экинчиси жаракат алганын жергиликтүү Times Of Malta басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, 11-январь күнү 48 жаштагы кыргызстандык аял Сент-Жорж булуңунда толкунга тартып кеткенден кийин каза болгон. Анын жанындагы 23 жаштагы кызы жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Жергиликтүү полициянын билдирүүсүнө ылайык, окуя тууралуу маалымат саат 12:40 чамасында түшкөн. Алгачкы иликтөөлөрдө деңиз жээгинде жүргөн бир нече адам эки аялды суудан чыгарып, жардам көрсөтүшкөнү аныкталган.

Кийинчерээк медициналык кызматкерлер жана Жарандык коргоо кызматкерлери келип, аялдарды Тез жардам менен Матер Дей ооруканасына жеткиришкен.

11-январда социалдык тармактарга Мальтада каза тапкан аялдын жакындары жардам сурап кайрылуу жарыялашты. Алар маркумдун телефондору жана документтери сууга агып кеткенин белгилешип, ал жактагы кыргызстандык жана казакстандык жарандардан жардам сураган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги азыр бул кырсыкка байланыштуу Италиядагы элчилик иштеп жатканын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" учурда бардык тиешелүү деталдар такталып жатканын кабарлады.(ZKo)


Шерине

 

XS
SM
MD
LG