Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

"Ободогу жылдыздай кошула калышты"


Эчкили-Таш, Ысык-Көл.
Эчкили-Таш, Ысык-Көл.

Обо - Асман, Көк дегенди билдирген сөз.

“Обо мелжиген жылдыздар” дейт. “Асман мелжиген жылдыздар” дегенди билдирет. “Ободогу жылдыздай кошулуша калды дейт”. Эпостогу саптардан.

“Ободон сүйлөйбүз” дейт. Муну түз маанисинде “Асмандан эмес, баарынын үстүнөн сүйлөйбүз, баары уга тургандай жерден сүйлөйбүз, бийиктен сүйлөйбүз” дегендей түшүнүү керек.

Ал эми “Ободо” деген сөз Тянь-Шанда кадимки эле “шырдак” дегенди да билдирет. “Ободону күбүп койсоңор болбойбу?” дейт.

Түштүк тарапта болсо эски-уску кийим-кечени же дагы ушул өңдүү эскилиги жеткен буюм-тайымды “оводо” дешкен.

Ал эми “Ободой” деген сөз - сараң дегенди билдирген. Соргок дегенди да түшүндүргөн. “О, ободоюң куруган ит!” деп, кыргыз тойбогон, соргок адамдарды тилдеген.

“Обоз” “добуш, үн” деген маанидеги сөз.

“Обоздо” десе “үн сал”, “кыйкыр” дегенди билгизет.

“Оболо” деген “көкөлө” деген мааниде.

“Кыргызстандын Кызыл Туусу оболоп көтөрүлдү!”, - дейт.

“Оболу” деген “Мурда” деген мааниде. “Оболу сен ич, андан кийин мен ичейин” дейт.

Эми “Обочо” деген сөздү чечмелейли. “Обочо” деген баштапкы маанисинде - дөбө, булуңдун тумшугу, коргон - деген маанини туюндурган. Бара-бара үйлөрдөн алысыраак барып отурукташкан үйдү, салынган тамды, тигилген боз үйдү түшүндүрүп калган.

“Ал боз үйүн бизден обочого барып тикти” дейт. “Атты үйдөн обочороок байлагыла!” дейт. “Коңшу мамлекеттер да бизден обочолой баштады” дейт. “Коңшу мамлекеттер бизден алыстай баштады” деген мааниде.

“Обочолонду, обочолонуу” десе алыстай баштады, ымала түзбөй калды дегенди билдирет.

“Ал өзүнөн өзү эле менден обочолой баштады” дейт. “Чет элдик инвесторлор биздин өлкөдөн эмне себептен обочолой баштады?” дейт.

“Обут” деген сөздү да азыр ар кимдер эле биле бербейт. “Обут” деген орус тилиндеги “пруд” дегенди билдирген сөз.

“Айлампалар менен обуттарда балыктар аябагандай көп экен” дейт. Азыр Кыргызстанда барган сайын балык чарбалары көбөйүүдө. Баары эле орус тилиндеги “пруд” леген сөздү колдонушат. Ошондуктан өзүбүздүн эне тилибиздеги эле алданемедей болгон “Обут” деген сөздү колдонууну сунуш кылар элек.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG