Линктер

жекшемби, 18-август, 2019 Бишкек убактысы 21:02

"Аттын ачуусу кулагынан билинет"


Аксай, Нарын.

"Сөз дайра" берүүсүндө аяз, ажыт, айбалы ж.б. сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз.

“Адам” сөзү кадимки эле кишини билдирген сөз. “Адам бол” дейт. “Адам баласы” дейт. “Ал баары бир адам болбойт” дейт. “Адам үчүн эң кыйыны күн сайын адам болуу” деген эмеспи улуу Чыңгыз Айтматов.

Ушул эле “адам” сөзү киши сүйлөп аткандагы таң калганды, суктанганды билдирген эмоцианалдуу учурларда да колдонулат. Мисалы: “Адам-ээй, ал кыз америкалык болгон менен таза өзүбүздүн тилде сүйлөп жатканын карабайсыңарбы?” дейт. “Адам-эй, мен андан муну эч качан күткөн эмес элем!” дейт же “Адам-эй, акыры сени да көрөт экенбиз э, башыңа чөп сындырып койчудан экен” дейт.

Кыргыздын көп колдонулбай келаткан “ажыт” деген сөзү бар. “Ажыт деген - мааниси, маңызы дегенди билдирет. “Ажытын ача сүйлө?” дейт. Маанисин чыгара сүйлө дегени. “Алдап жүрүп алардын, амалын бүтүн үйрөндүм, ажытын ачтым дүйнөнүн” дейт. Айла-амалын жасап жүрүп, бүтүндөй сырларын үйрөндүм, болгон өнөрүнө ээ болдум дегени.

“Айбаалы” деген сөз бар. Мунун орусчасы - Богомол. Кыргыздар ошол Богомолду Айбаалы деп коет. Аябагандай арык кишилерди: “Олда бечера-ай э, тим эле айбаалыдай болуп эти сөөгүнө жабышкан арыктыгын карачы?” дейт.

Ал эми ушул эле сөздүн ортосуна эки “аа” эмес, бир “а” келип “Айбалы” десе, бул мөмө жемиштин түрүнүн бирин билдирип калат.

Кыргыз тилинде көп колдонулбай келаткан “Айдайкелдик” деген сөз бар. Кандай иш болсо дагы кайдыгер, кош көңүл, жүр нары мамиле жасаган адамга берилген сыпаттама. “Ага ишенбегин, айдайкелдиги бар неме” деп коет. Мындан улам:”Айдайкелден алтоо өлдү, көрөкелден көп өлдү” деген макал айтылып калган.

“Ачуу” деген сөз бар эмеспи. Мунун биринчи мааниси - даамды билдирет. “Тузун ачуу салып коюптур” дейт. Күндүн катуу ысып кеткенин билдирген “Күн өтө эле ачуу тийүүдө” дейт. “Ачуусу келди” десе жини келди дегенди билдирет. “Иттин ачуусу куйругунан билинет, аттын ачуусу кулагынан билинет” дейт.

Кыргыз табият кубулушун башкаларга караганда мыкты билген. Мындан улам кыштын аязын бир нече түргө бөлүп мүнөздөгөн. Түнү менен кар жаап, эртеси күн ачылып кетип, кычырап турган кышкы суукту—Темир аяз деп атаган. Мындай аяз темирди баса калгандай бети-башты каарып жиберген. Андан саал алсызырагын—Мүйүз аяз десе, андан да алсызын—Кийиз аяз деген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG