Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 06:48

Жекендос жана баяндос


Иллюстрациялык сүрөт.

"Сөз дайра" рубрикабыздын бул чыгарылышында баштык, кара башыл, баяналуу ж.б. сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз.

Илгери начальник, жетекчи дегендерди “баштык” дешкен. Мисалы “Жер боюнча начальник” дегенди “Жер боюнча баштык”, “Бригада жетекчиси” дегенди “Бригада баштыгы” деп атаган.

Атка жем берген баштыкты “ат баштык” же “жем баштык” деген. “Чай салган” баштыкты “чай баштык” деп атаган. Кудалашкан кызын алып кетүү үчүн кайын-журтуна камдап барган баштыкты “күйөө баштык” дешкен.

Жомоктордо айтылуучу “көз баштык" деген да болгон. Көз деген топуракка гана тоёт, дүнүйөгө тойбойт деп коюшат эмеспи. Анын сыңарындай жомоктогу “көз баштык” эч качан толгон да эмес, “тойгон” да эмес.

Ал эми аш-тойлордон артып калган тамак-аштын калдыгын баштыгына салып алып үйүнө келген кедей-кембагал адамды да “баштык” деп коюшкан.

“Кара башыл” деген сөз адегенде башы кара дегенди билдирсе, кийин баштапкы маанисинен башка мааниге өтүп, кадимки эле киши дегенди билдирип калган. Мисалы: “Мен азыр кара башыл киши издеп жүрөм” дейт. Же дагы бир мисал: “Илгери байгеге мал тургай кара башыл кишини да сайып жиберчү” дейт.

“Баяналуу” деген сөз бар. Ыңгайлуу деген маанини түшүндүрөт. “Ырас баяналуу күнү келбедиңби?” деп кубанды” дейт.

"Баяндос" - деген перс тилинен кирген сөз бар. "Манас" эпосунда ал “көлдөлөң” дегенди билдирет. “Жекендос жерден алдырып, баяндос төшөк салдырып” дейт. "Жекендос” дегени - мамык жаздык деп берилген.

Ушул күндө Фергана өрөөнүндө жашап жаткан эл баяндос деп сыйлуу конок келгенде босого салынчу таарды, жекендос деп жер төшөктү атап жүрүшөт.

“Баяу жерде мал барбы, элеу жерде эл барбы?” деп койгон. Муну биз жалпыга түшүнүктүү кылып айтсак, “Көздөгөн жерде мал барбы, көрүнгөн жерде эл барбы?” дегенди билдирет.

Колунан бирдеме келип турганда тартуу кылган нерсени, малды же буюмду “бегилик” деп койчу экен. “Бээ баштаган беш тогуз бегиликке сойду” деп айтылат Манаста. “Бегилик кылсаң кечерсиң” деген да бар.

Кыргыз баалуу, кымбат буюмдарын сактаган баштыгын же сандыгын “бокчо” деп атаган. “Боз коёндон түлкү көп, бокчого жыйган мүлкү көп” деп койгон. “Бай айтат короодон кой берем деп, байбиче айтат бокчодон тон берем” деп деген да бар.

Дат баспаган темирди элибиз “болускей” деп атаган. Мына ушунун өзү эле кыргыздар байыркы убактарда металл эритип келген эл болгон дегенге далил боло турган сөз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG