Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Манас бар жерде Абыке-Көбөш болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таланттар дайым эле келе бербейт. Алар деле бардык адамдар сыяктуу талантсыздар менен чогуу келип-кетет.

Ырдагандар көп, бирок ырчылар аз. Мыскал менен Мусадай, Атай менен Бектемир Эгинчиевдей, Болот Миңжылкиев менен Токтоналы Сейталиевдей, Гүлжан Сейиткулова менен Гүлмайрам Момушевадай үнүн музыкалык окуу жайы эмес, Кудай берген ырчылар аз.

Жазгандар көп, бирок таланттуу жазуучулар аз. "Акынмын" дегендер көп, бирок нукура акын аз. Аял көп, бирок акылдуулар менен сулуулар аз. Аттар көп, күлүктөр аз.

Манас болгон жерде сөзсүз Абыке-Көбөш болот. “Манас” эпосу болгон үчүн аны жаманатты кылган, жалган жалаа жаап, тынбай ушактап жазган Самаганов, Нуров, Балтин аттуу филология илимдеринин кандидаттары аталган илимпоз сөрөй “балтиниттер” болгон.

Моцарт болгон үчүн Сальери болгон. Бул да бекеринен эмес, Кудай да атайылап таланттуу адамдардын “балакет-мээнеттерин” ушундайларга тазалатып туруш үчүн жараткан. Бир кызыгы - таланты жокторду эч ким, эч качан жаманатты кылбайт экен. Ушак-айың жалаң гана таланттуу адамдардын артынан сая түшүп алат экен... Таланттар жашасын!

АТАЙ

Айтып-деп кимдер түткөрөт,

Атайдын айтсак талантын,

Айрымдар аны түш демек.

Акылсыз эмес, баштагы,

Акылдуу мээге күч келет.

Атайды баалап алганга,

Атайдан ашкан күч керек.

Буурул таң менен жолукчу,

Буйруптур Кудай добушту.

Бук болуп бүгүн Атайсыз,

Бул дүйнө өзүн соолутту.

Булбулду андай ким табат,

Бут менен черткен комузду?

Атай Огонбаев.
Атай Огонбаев.

Жок жерден кирип жанды алаар,

Жомок үн андай кайда бар?

Жоргосун салып Таластан,

Жорткондо ыр-күү дайрадай.

Жол бойлоп баскан кыз-келин,

Жоготуп өзүн жайма-жай.

Жоодурап туруп берчү дейт,

Жоолугун байлап-байлабай...

Каныңдан кирип жанды алаар,

Кайран үн андай кайда бар?

Каптап тур азыр асманды,

Каркылдап жалаң каргалар.

Каркылдай берсин мейли эми,

Какшыган суусуз сайга алар.

А бирок эч ким бузалбайт,

Атай күү сиңген канды алар!..

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG