Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 16:53

"Учталган сайын кыскардым..."


Ысык-Көлдөгү күүгүм

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин турмуш тууралуу ой толгоолорунан.

“Кудайдын бир жандыгын кыянаттык менен жоготконубуздун каргышы кайтып келип бизге миң кесел болуп тийерин, кийин аты шумдук оорулар көбөйгөндө билдик. Жылан жоголору менен адамдарды ач көздүк дарты каптады. Миң жылдап тим жаткан жерди казып, жыландарды өлтүрүп, алтынын тартып ала баштадык. Жыландар жок болору менен артынан бака жоголду. Бака жоголору менен адамдагы йод жоголду. Йод жоголору менен богок оорусу каптады”.

“Жашоо түбөлүктүү болгон менен өмүр убактылуу. Бирок биздин ата-бабалар убактылуу өмүрдү түбөлүктүү жашоого айлантып жашап өткөн. Биз антпей жашап калдык. Бизде бүгүн баары убактылуу жашап жаткансып сезилет, президенти да, өкмөтү да, парламенти да, карапайым кишилери да...”

“Жамандыктан баары качат. Анткен менен жамандыктын да жакшы жактары бар. Жакшылыкта бирикпеген эл жамандыкта биригээрин көрдүм.”

“Мен да кезинде жапжаңы сатып алган карандаштай бүтүн, жапжаңы, эч жерине бычак тиелек, учталбаган бойдон элем. Анан бир күнү:

Кайгысын тартып кыздардын,

Карандаш болуп учталдым.

Учталдым, бирок аттиң ай,

Учталган сайын кыскардым...” деп өкүндүм.

“Жүрөк дегениңдин өзү да жамандык-жакшылыктын баары өтүп турган кан жолго окшош болот экен. Ал далай ага-ини, досторго ниеттеш, сапарлаш болсо, далайларына мүрзө болду. “Антташкан сөзгө карабай, акырет достор айрылат, башыңа мүшкүл түшкөндө куда-сөөк гана кайрылат” дегенди кыргыз эбак эле айтып салган..

Тизмелерин кимдер түзөт жоктордун,

Тирилте албай койдум “өлгөн” досторду.

Тили сайрап турган менен күнүгө,

Тирүү туруп жүрөгүмдөн жок болду”.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG