Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:35

Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин саратанда жазылган ырларын сунуштайбыз.

Ат-Башынын ак кар, көк муз жамынып, жети ай бою ызгаары ырдап, бороону боздоп турган аязын аралап, кызын кыздай, кышын кыштай сүйүп өскөн мени тагдыр бир күнү кыргыздын дагы бир керемет жери болгон Кетмен-Төбөгө - кайнаган ысыкка алпарып ыргытты. Аптап деген эмне экенин ошондо чындап түшүндүм.

* * *

Толуктун тоолору... Далылары кара күрөң болгончо күнгө күйгөн балдар... бетмай сүйкөнгөндөрүнө карабастан беттери кесилген кыздар... чөп... чөмөлө... дем алыш күн... чатырдын көлөкөсүнө жатып алып жазган ырлар... студенттик жыргал кездер...

* * *

Аптап тууралуу кийин да жаздым. Мени ыр дүйнөсүнө чындап алып кирген ошол кымбат күндөрдү кайрадан эстеп, сагынып, кыргыздын кымыз жыттуу жайын көз алдыман кайрадан чубап олтурам...

* * *

Кетмен-Төбөм!

Күүлөрүң бар менден бөлөк укпаган,

Күндөрүңдү жылытсам деп муздаган.

Жылгадагы чөптөрүңдү сыладым,

Жылкылардын туягында уктаган...

* * *

Токтогул. Толук. Толгон жай,

Топудай жерде чөмөлө.

Ак мөңгү тоолор - тоңгон май,

Аңыздын баары - чөбөгө.

Араба, чийне агылган,

Адырда жатат жол түтөп.

Жарк эткен чалгы - чагылган,

Жаныңа жашыл сол түшөт.

Козу түш, күчөйт чөп чабык,

Чама жок чалап жутканга.

Күн эрип келет өрт тамып,

Талаага, гүлгө, кыздарга.

Булутсуз асман, теребел,

Боз закым басып ныкталат.

Ашпозчу бийкеч, беде, жел,

Беде эмес, кесме жыттанат.

Чарчашты чалгы чапкандар,

Чарчады көктө Күн дагы.

Чапжондо жалгыз атчанга

Чапкылап барат бригадир.

* * *

Оо бул жакта аптап кетпей айланып,

Шамал ысып, ысык, ысык азыр да.

Гүл да, чөп да күкүк болуп саргайып,

Күн төгүлүп кете жаздайт чатырга.

Чексиз күүдөн чегирткелер чертишкен,

Көңүл калып, тажап денем талыкшып.

Жүрөм, жүрөм бир кайгыны сезиштен,

Бир шаттыкты катып сага жан уккус.

Бөтөн жердин таңы үргүлөп пейлимде,

Көздөрүмдөн тунук, таза жаш агып.

Бөтөндүктү унутсам деп кээ бирде,

Бөтөн кыздын ырын угам атайын.

Жүрөгүмдү жамгыр кылып төгүлчү,

Алыстыкты жанып учкан куштардай.

Алыстыкты көздөрүңө чейинки,

Чуркап өткүм келет кээде бутту албай.

Жылат дүйнө таш бакадай маңып, суз,

“Жарк” дейсиң сен айлангөчөк закымда.

“Жарк” дейсиң сен кыябыңда айыпсыз,

Сагынычтын перисиндей асыл заа.

* * *

Талаа өзүн таппай кайда катарын,

Тандыр кылып кактап барат чөл деми.

Күндү бирөө алып келип атайын

Токтогулга таштап кеткен өңдөнүп.

Кулайт аптап кучагына чөптөрдүн,

Кумурскалар чарчап жылат, жай жылат.

Тамчыга окшоп таранчынын көздөрү,

Закым урган жолду тиктейт жалдырап.

Талыйт куштун канаттары ысыктан,

Араң чыгат короздордун үнү да.

Талыкшышат тал-теректер, ысып чаң,

Көлөкөлөр качат тамдын түбүнө.

Ысыйт баары, ысыбоого жок дарман,

Боюн таштайт кудуктарга чакалар.

Кудуктарга боюн таштайт бош калган,

Кумда жатып жинди болгон бакалар.

Булак кирет, булут кирет түшүңө,

“Мөлт” дейт карек мөңгү баскан чокуга.

Бүткүл денең Күнгө айланып кичине,

Бүт денеңе сиңет жердин оту улам.

Карагат

Байкабай аптап түшкөнүн,

Балбылдап жанган түштө күн.

Баланын буту тиелек,

Бадалдын артып түнт жерин.

Катарлаш кетип барабыз,

Капталда күйгөн сары аңыз.

-Карагат, ай-ий!-дедиң сен,

Караңыз байке, караңыз?

Кадамым токтоп басыштан,

Карадым сага ашыккан.

Карагат терген манжабыз,

Кармашып калды капыстан.

Козголуп жүрөк бой бербей,

Кой дээрге такыр ой келбей.

Коймолжуйт көзүң кой кумар,

Колумду колуң кой бербей.

Кайдагы кыял ичти эзип,

Кайрылгыс кезди издетип.

Карагат өскөн шак калып,

Каректер жатты тиктешип.

Карик жан кантсин көнөлбай,

Катылган сырын төгөлбай.

Карагат соргон эрдиңден,

Калтырап турдум өбө албай.

Узун-Акмат

Токтогул сызык болуп, сызып аппак,

Кыраңда кызгалдактар кызыл аптап.

Убакыт таппай сууга чөмүлгөнгө,

Унчукпай узап барат Узун-Акмат.

Аскалар качанкы көч дарегиндей,

Алыстан жаңгактардын данегиндей.

Кара кой калк-калк этет анда-санда,

Ак койдун көзүндөгү карегиндей.

Ак мөңгү ак тайлактай үшүп жаткан,

Ак булут кебез болуп үзүп чачкан.

Термелип араң турат учтарында,

Теректер “дүрт” этчүдөй күкүрт чаксаң.

Алоолоп агат ысык жүрөгүңөн,

Аптапка таканчык жок сүйөп ийер.

Айылдан айылдарга жол тызылдап,

Аралап барат тоону жүгөрүлөр.

Кыштактар, кыя, жондор жылдагыдай,

Кыр да гүл, кыял да гүл ырдагыдай.

Күндөрдүн күүсүн чертип күңгүрөнүп,

Гүлдөбөй турат жалгыз зым мамылар.

Жай аккан жашыл дайра четиндеги ,

Жазууну аскалардын бетиндеги.

“Токомдун ноталары” деп айтышты,

Кудайдын сактап жүргөн эсиндеги.

.

* * *

Аттайбыз деп арыктан,

Сууга түшүп калышкан.

Асман менен Жер экөөн,

Аптап кылып агызган.

Адырдагы булакта,

Чалгыларын чыңайт чал.

Чапкан беде, Ат турат,

Чалкуйругун сырайткан.

Чыңкылдаган чыңоордон,

“Чырт” деп жанып ыр ойго.

Чымчык болуп чырлыйттап,

Чыгып барат кыр-ойго.

Ох, Күн санын чапкылап,

Он бир келин аптыгат.

Ортого алып жаш кызды,

Оңду-солду каткырат.

Чаңкаган жол суналган,

Чалкасынан куланган.

Жан дүйнөсү алоолоп,

Чарчап турган уландын.

Чалкыйт жаштык көзүнөн,

Чар тарабы көшүгөн.

Чабалактап туралбай,

Чак Түш жатат дөшүдө...

* * *

(болгон окуя)

Токтогул жалаң чөп эле,

Чөптөн да кыздар көп эле.

Чөкө таан болуп чурулдап,

Чөмөлө салчу, чөмөлө.

Жетөөбүз жети дөбөдө,

Жеп жаткан кезде чөбөгө.

Бригадир келип кыйкырды:

-Чөмөлөм жок!- деп,- чөмөлө.

-Жеңиз,-деп,-байке, чөбөгө?-

Жетелеп келсек дөбөгө.

Чөк түшүп алып кыйкырат;

-Чөмөлөм жок!-деп,-чөмөлө.

...Чөмөлө мындай болуптур,

Чөлдөгөн сүйүү толуптур.

Беш кызды катып беш жигит,

Беш үймөк кылып коюптур.

Беш жигит куштай сызыптыр,

Беш кыз тең жолдо ысыптыр.

-Чөмөлөм, жок,-деп,-чөмөлөм!-,

Бригадир жерди тытыптыр.

Кыр-кырды кезип дуу түшүп,

Кыздарды издеп чуу түшүп.

Биз жүрсөк, келип, Толукта,

Бир кызык, кызгылт нур түшүп.

Беш үйдө күлкү жаңырып,

Беш кыз тең жоолук салынып.

Келин той, бригад төрдө олтур,

Муруту майга малынып...

* * *

Караган-Жайык

Караган-Жайык...Караган...

Кайран кеч чөптөн тараган.

Каракөз түнүн кучактап,

Кайтчу эле тоого таң араң.

Эх күндөр, күндөр эзилген,

Эриндер күйүп кесилген.

Кесилген менен ошол жер

Бейиштин төрү сезилген.

Чаңкоосун жандын кандырып,

Чалгыны сууга малдырып.

Кымыздык жыттуу биз өпкөн,

Кыздардын эрди албырып.

Из жатчу изге учкашып,

Из түшкөн жолдор бутташып.

Кош сызык бойдон канчообуз,

Кошулбай кеттик жупташып.

Жанкурбу достор, жаш достор,

Жаштыктан бөлөк чак жоктой.

Адашып кеттик канчообуз,

Алтындай кызга баш кошпой.

Мөндүрдөй бир жаап көрүнгөн,

Мөлтүр кез өттү өмүрдөн.

Мөлтүрөп түштүк ар кайда,

Мөмөдөй шактан төгүлгөн.

Беде аңыз басып ой-түздү,

Чөп бүттү, чөңөр сол түштү.

Агарган аппак максатка,

Агарган таза жол түштү.

Келинге салган жоолуктай,

Кеч кирди. Кеттик жолукпай,

Сагыныч зары жүрөктө,

Саргайды сары конуштай.

Кайран кез, кайран кечең күз,

Кадыр түн тосуп эчен биз.

“Бактылуу болсок дечү элек!”,

Бактылуу болдук бекенбиз?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG