Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 23:47

Акын Шайлообек Дүйшеевдин көктөм тууралуу жаңы ырларын окурмандарга сунуштайбыз.

Кыргыз жазы

Жаз тууралуу ырларымды сунуш кылар алдында окуучулук жылдардагы бир учур эсиме түштү. 7-класстын “Русская литература” китебинде “А. Саврасов “Грачи прилетели” (“Чар каргалар учуп келишти”) деген сүрөт бар эле. Орус тил эжебиз ошол сүрөт тууралуу көп жакшы нерселерди айтып бере берчү. Ошондон уламбы, билбейм, менде “орустарга жазды каргалар апкелет турбайбы” деген түшүнүк пайда болгон.

- Эмне үчүн бизде ошондой каргалар жок? - деп сурагам.

Эжейимдин буга эмне деп жооп бергени бүгүн эсимде жок. Бирок биздин каргалар учса эле күн бүркөктө учарын, биздин каргалар учса эле жаан же кар жаарын ойлоп, орустарга жаз апкелген Саврасовдун чар каргаларына суктанып, бизде да ошондой каргалар болсо деп тилер элем.

Мектепти, классташтарды, айылды, балалык сүйүүнү эске салган бул сүрөт башкаларды билбейм, менин өмүр бою эсимде калды. Саврасов менен жакында “тааныштым”. Ырды болсо жаңы жаздым.

* * *

Санаамда “жарк” деп күлөсүң,

Санаймын сааттын мүнөтүн.

Кайталайт улам эжейим,

Карганын бакта сүрөтүн.

Жактырып ушул жайды алар,

Жаз алып келди каргалар.

Айнектен сыртты карасам,

Жаап аткан экен майда кар.

Булуту киргилт, ныкталган,

Бук болсо чиркөө жыттанган.

Орустун жазын орустан

Ошондо чындап кызгангам.

Балалык сүйүү биз эккен,

Байкалбай күчөп ич эзген.

Жаныңда жүрсөм дечү элем,

Жазды уурдап чыгып китептен.

Адырдын жолун теминтип,

Арыктын суусун элиртип.

Айылга жазды биринчи

Апкелген бала дедиртип.

Көккө уча жаздап аз калып,

Көрүнгөн кызга мактанып.

Энеме барбай эң алгач,

Саа барат элем жазды алып...

* * *

Аргын жел согуп араң, жай,

Алышты бойлоп бадалдар.

Албырды талдар тамылжып,

Ай-күнү жеткен аялдай.

Кумурска куунап жүк ташып,

Кум-чапты жашыл түк басып.

Жердеги чөптөр жүгүрдү,

Желени көздөй сүт ташып.

Ат жолдор өткөн чаң ысып,

Арыктан суулар жарышып.

Апрель биздин айылга

Апкелди жазды агызып.

Шыбарап чөптөр төрдөгү,

Шыбактар жонду өрдөдү.

Чак келбей калды кыздардын

Былтыркы кийген көйнөгү...

* * *

Күндөр бөлөк, бири да жок андайдын,

Күүсү бөлөк көк тиреген тамдардын.

Күркүрөгөн күчүн эбак унуткан,

Күн быякта күү-шаа түшүп жаагандын.

Алтүндөгү сууда калган кийиздей,

Асман бизде үнү жок жаайт жиникпей.

Анда-санда чагылган да көрүнбөйт,

Ата берип жок кылышкан кийиктей.

Отун уурдап отсуз, күнсүз калгандын,

Ордосунда жашап калдык жалгандын.

Оюнчугу батпай турат дүкөндө,

Оюну жок бирок биздин балдардын.

... Бала кез жүр бастырманын жанында,

Бакыт деген ата-энеңдин тамында.

Кереги жок, ат башындай алтындын,

Алпар мени Ат-Башыга - айылга.

“Тарс!” эткенде бүткөн боюң дүрүлдөп,

Талаа кыйрап, тоолор көчүп күрүлдөп.

Буркан-шаркан кыян жүрүп өткөн соң,

Булуттарды шамал айдап күжүлдөп

Каяккадыр алып кетип жатканын,

Кайыңдынын “шаңк” дей түшкөн асманын.

Арча менен шыбактардын жыты аңкып,

Айылдардын жаз кучактап жатканын.

Таңын, кечин тасмалындай төгүлгөн,

Таш жолдорун кыз чачындай өрүлгөн.

Тамчыларын мөлтүлдөтүп талдагы

Таранчынын көздөрүнөн көрүнгөн.

Чагылганы мизинде ойноп жалындын,

Күн күркүрөп, жер солк эткен айылдын.

Жаалы - мөндүр, жашы - жамгыр, жаны - сел,

Жасалмасыз накта жазын сагындым!..

27. 03—2. 04. 17-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG