Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

Жер жаңырткан Нооруз келди


Бишкектеги майрамдык иш-чаралар Ала-Тоо аянтында ачылды.

Эртең мененки 11де расмий ачылган салтанат бир катар маданий, спорттук иш-чаралар менен коштолду. Борбордук аянттагы майрам салтанатына өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков катышты.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин майрамдык куттуктоосун президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков аянттагы салтанатта окуп берди.

- Дүйнөлүк экономикалык жана финансылык каатчылыктын тескери таасирине карабастан, 2013-2016-жылдары Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүшү орточо 5,4 пайызды түзүп, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң алдыңкы орунга чыктык. Өлкөбүз энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. Алдыда президенттик шайлоо турат. Элибиздин, жерибиздин тагдыры, келечеги чечиле турган күн келет. Мына ушундай жооптуу мезгилде Кыргызстандын элине ынтымак жана биримдик гана керек, - деп айтылат куттуктоодо.

Нооруз майрамына карата Бишкек мэриясы Ала-Тоо аянтын кооздоп, жасалгалады. Анда кызыл китепке кирген өсүмдүктөр, жаныбарлар жана куштардын элестери жаратылыштын ойгонушу катары сүрөттөлгөн.

Ошондой эле эски аянтта да кечке чейин концерт коюлары кабарланган. Төрт райондо сейилдөөлөр уюштурулат.

Жети облуста тең жаз майрамы театрлаштырылган оюн-зооктор, концерттик программалар, улуттук спорт оюндары менен коштолот. Ар бир облустагы салтанаттарга өкмөт мүчөлөрү барып катышат. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Талас облусуна, вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Баткен облусуна, вице-премьер-министр Олег Панкратов Ысык-Көл облусундагы майрамдык иш-чарага катышат. Ал эми өкмөттүк аппараттын башчысы Акылбек Осмоналиев Нарын облусундагы Нооруз майрамына арналган салтанатка күбө болот.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, коомдук тартипти көзөмөлдөөгө алты миң милиция кызматкери тартылат, ал эми Бишкекте эки миң милиционер майрам коопсуздугуна көз салат.

Милиция кызматкерлеринин көзөмөлү эл көп топтолуучу жайларда, майрамдык салтанат жана концерттер өтүүчү жерлерде, маанилүү стратегиялык обьектилерде күчөтүлөт. Эл арбын чогулуучу жерлерге кошумча күчтөр тартылат. Андай жерлер милиция кызматкерлери менен тосмолонуп, ичкериге өткөрүү атайын белгиленген түйүндөрдө гана жүргүзүлөт.

Нооруз күнү Бишкекте автоунаа кыймылына да чектөө киргизилет. Улуттук ат оюндарына байланыштуу "Ак кула" атмайданы жайгашкан Термечиков көчөсү жабылып, ага чектеш көчөлөрда автоунаа кыймылына мезгили менен чектөө коюлат. Ала-Тоо аянтын курчаган Фрунзе, Чүй жана Киев көчөлөрү да Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин жабык болот.

Көкбөрү (түз эфир)

XS
SM
MD
LG