Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:20

Биз бейишти аял үчүн кура албадык


Иллюстрация
Иллюстрация

Бейиш силерде экен, аялдар! Бейиш Энеде экен! Бейиш Балада экен!

Биз–эркектер, АЯЛЗАТЫ, силер үчүн бейиштен кубаланганбыз. Теңир бизди жаратып жатып: “Экөө өмүр бою бейиштин багында жетелешип жүрсө экен” деп тилеген. Аттиң, бирок биздин пенделик кыларыбызды билген эмес экен. Билери менен бейиштен кубалап чыкты. Бейиштен узарыбыз менен жылаңайлак таманыбыз тикенге тилинди, жылаңач денебиз шамалга кайыкты.

- Кубаласа, кубалай берсин! Мен сага аныкынан да өткөн бейиш куруп берем!, - деп кыйкырдым. Бирок сага убада кылган бейишти али күнгө чейин куруп бере элекмин. Сага мен кээде бейишке караганда тозокту көбүрөөк жакындаткандай сезем. Биз - эркектер, силерге бейиш курабыз деп Жер талаштык, Эл талаштык! Кимдир бирөөлөрдүн бейишин талкалап, ошол урандылардын үстүнө бейиш курмай болдук. Ким бирөөлөрдүн көз жашына чатыр тиктик, ким бирөөлөрдүн көз жашына гүл өстүрдүк. Теңирге тең ата болуп, сага убада кылган бейишти куруп жаткансып курдук. Көр дүйнө кууп Көккө чыгып, көр дүйнө кууп Жерге түштүк. Көз бүтөлүп, көкүрөк сокур болду...

Аял, сен ушунун баарына чыдадың. Биз сага Жерден да оор болдук. Бирок сен жомоктогу Жерди көтөрүп турган көк өгүздөй баарына чыдадың. Биздин антыбызга да, биздин калпыбызга да тоюп бүттүң. Жер шарын бүгүн сен көтөрүп турасың, ыйык, кымбат аялзаты! Жер үстүндөгү кыямат кайымдын, Жер үстүндөгү жакшы-жамандын, Жер үстүндөгү Ырыс-Таалайдын, жер үстүндөгү кайгы менен муңдун, оору менен сыркоонун баары сенин ийниңде. Алтургай сенин ийниңде азган-тозгон, ал-күчтөн, ар-намыстан тайып, эки бутун салаңдатып олтурган эркектер, биз да барбыз.

Көрсө, биз силерге убада кылган бейиш өзүңөрдө экен. Бейиш силерде экен, аялдар! Бейиш Энеде экен! Бейиш Балада экен! Бейиш Тынчтыкта экен! Үчөөң бар болгула! Үчөөң оорубагыла ылайым! Асманыңар күлүп турсун! Балдарыңар күлүп турсун! Силер күлүп тургула! Кымбат, ыйык, жароокер, аялзаты!

Чөлдө араба, көлдө калсаң кеме экен,

Үшүсөң от, ысыганда жел экен.

Үстүңдө Асман, астыңдагы Жер экен,

Абдан алсыз, абдан назик неме экен.

Аял бирок айланганда Энеге,

Кудуреттүү Кудайдан да кийинки

Кудуреттүү жалгыз гана Эне экен!

Бардыгыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктап,

“Азаттыктын” атынан Шайлообек Дүйшеев

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG