Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

"Аялың сулуу болсо ажыга көрсөтпө"


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Эгер падышалар эл-журтту бузуп, иритип-чиритип жаткан акмактарын тизеге чаап, мамлекетти талап-тоноп келаткан паракор, ач көз адамдарын кызматтан кызматка коюп, жөлөп-таягандын ордуна, акылдуу, ак ниет адамдарын сыйлап турса биз журналисттер минтип күнүгө какшап турбайт элек да.

Жер титирей турганын биринчилерден болуп жер астындагы чычкандар сезип, кыямат баштала электе эле дүрбөп, сыртка чыга качышат дегенди окуп жүрбөйбүзбү. Демек, биз - журналисттер, деги эле чыгармачыл адамдар эл ичин бөлүп-жарып, бузуп жаткан акмакчылыктарды биринчилерден болуп туюп, биринчилерден болуп жазып, ушуларды эл башындагылар жардамчыларынын оозу аркылуу эмес, өз кулагы менен угуп, өз көзү менен көрсө экен деп коңгуроо кагып келатпайбызбы. Бирок уккан жан барбы?

* * *

Акча Кудайга айланганда Жер үстүндөгү бардык Ыйман-Ырысты, бардык Жакшылыкты чакчелекей түшүрүп, бузат турбайбы. Биз кээде Бишкек шаарын таштандыдан арылта албай чуу түшүп жатып калабыз. Бишкек эле эмес, бүгүн бүтүндөй Жер үстүн ыпластык басып турат го.

Сырткы таштандыны мындай кой, азыркы күндө адамдын ичиндеги “таштандыны” тазалоо биринчи проблемага айланды. Асман көзүбүзгө көрүнүп турат, бирок ал алыс, аябай алыс. Кудай болсо көзгө көрүнбөйт, демек Кудай андан да алыс. Кээде ойлойм, балким Асманга окшоп Кудай көзүбүзгө көрүнүп турганда адамдардын ичиндеги ыпластык мынчалык болбос беле, балким таптакыр жок болот беле деп. Анткени Жер үстүндөгү Ыпластык менен Жамандыктын баарын Кудайга көрсөтпөй Асман жаап-жашырып жатпасын деген балалык ой да келе түшүп, жок болот.

"Дүйнөнү бөлүштүрүү". Асатилла Тешебаев тарткан сүрөт.
"Дүйнөнү бөлүштүрүү". Асатилла Тешебаев тарткан сүрөт.

​Акчага кулдук уруп, Акча менен Бийликке кул болгонду токтотуп, Акчаны Элдин, Акчаны Мамлекеттин кулуна айлантмайын бизди акыры акча жеп тынары бышык. Акчасы ашып-ташкан өлкөлөр кул кылып, чүлүктөп туруп жетелеп алары алыс эмес. Анткени оңолоюн деген өлкөнүн адамдары акчага мынчалык кул болбош керек эле. Карагылачы, азыр эмне болууда? Акча жасагандардын ар кими эле кутуруп, кичинекей Кудайларга айланып жатпайбы.

* * *

Мамлекет деген элинин байы, бийи, манабы, кожоюну эмес, муңдашы, сырдашы болуш керек эле. Мамлекет деген элинин ичиндеги ишенер тиреги, тышындагы таянар тоосу болуш керек эле. Мамлекети таябаган, жөлөбөгөн элдин ындыны өчүп, басынып, чачынып олтуруп кулга айланат. Кул болгон элдин калкы өздөрүнүн байына, бийине, манабына кул болсо, Кул болгон элдин байы, бийи, манабы башка элдердин байы, бийи, манабына барып кул болот.

* * *

Биздин алакандай жерибиз күн өткөн сайын миссионерлер менен миң түркүн секталардын желесине чырмалып, чырмалмак турсун толуп баратпайбы. Кыргызстанда ушу кезде 200дөн ашуун диний агым иш жүргүзүп жатканын айтышат. Дүйнөдөгү бүтүп да, бүтпөй да келаткан согуштардын көбү дин талаштан чыкканын эстесек, эртеңки күндөр бизге эмне деген азап-тозокторду тартуу кыла турганын элестетүү кыйын эмес. Жер үстүндө дин деген аттын өзү тарала электен мурда жаралган Кыргыз Атанын урпактары бүгүн түрдүү диндердин аягына жүгүнүп, этегине кире баштабадыбы. Муну токтото турган бийликте эрк барбы?

* * *

Өткөн бир доорлордун тарыхы бизде да кайталанууда. 1580-жылдары португалдыктар менен испандыктар жапон элин багындырыш үчүн “жумшак” жүрүш баштаптыр. Алар эч ким элес албагандай кылып, адегенде жапон өлкөсүнө соода менен динди алып кириптир. 1587-жылы “Сан-Фелипе” деген испан кораблинин лоцманы жапон портуна бут коеру менен дардаңдап: “Испан королунун ээлиги Батыш менен Чыгышка кулач жайып, барган сайын кеңип баратат!” деп мактанат. Андан:

- Испания ушунчалык аймакка кантип ээ болуп жатат? - деп сурашат. Лоцман:

- Алгач миссионерлер, андан кийин королдун аскерлери келишет, - деп жооп берет.

Муну Жапониянын атайын кызматындагылар дароо жапон бийлигинин башчысы Хидэёси Тоётомиге жеткирет. Хидэёси христиандардын жапон элинин салт-санаасын талкалап, аларды өз Кудайынан ажыратууну көздөп, чоочун динди жайылтууга келген иезуит-священниктерин жапон жеринен 20 күндүн ичинде чыгып кетпесе өлүм жазасына тартыла тургандыгын эскерткен жарлыгын чыгарат.

Баягы жылма саясат менен келген миссионерлер жарлык чыгары менен кандай келсе, так ошондой жок болушат. Жапон өлкө башчысы андан кийин өз каада-салтын, динин чанып, христианчылыкка кирип кеткен 40 миңге жакын жапондордун өз салтына кайтпагандарын дарга астыртат. Бул бир гана мисал.

Ал эми дүйнөлүк диндер эсептелген христианчылык, буддизм, ислам кылымдар бою кылычтын күчү менен таркатылып, жүз миңдеген адамдар каршылык көрсөткөнү үчүн курмандыкка чалынганын тарыхтан билебиз. Айрыкча ташбоордуктун арааны ачылган орто кылымдарда азыркы өнүккөн өлкөлөрдө канчалаган адам жок кылынганы көпчүлүккө маалым эмеспи.

Диний ишенимди таратуу, жайылтуунун ушундай узак кандуу, каардуу тарыхын окуп билген азыркы замандын адамы баарын акылы менен калчап, таразалап калыс кабыл алышы керек ко.

* * *

Мен Улуу адамдардын динге байланыштуу айрым бир насааттарын дептериме көчүрө жүрчү элем, ошолордон мисалга тарта кетейинчи.

- Адамды Кудай алгач таптаза кылып жаратат, анан акырындап барып аталары - Иуда, Христиан, Мусулман же Каапыр кылып бөлүп салышат,-деген экен Чыгыштын кеменгер акыны МУСЛИХИДДИН СААДИ.

* * *

- Аялың сулуу болсо ажыга көрсөтпө?—деп айтыптыр дүйнөгө ислам динин тараткан АРАБДАРДЫН өздөрү.

* * *

- Мечиттеги мышык Кудайдан коркпойт, - деген экен улуу ИНДИЯ.

* * *

- Карышкырга шарият айтсаң, койлордун жайытын сурайт, - деген экен КӨКЖАЛ ТҮРК эли.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG