Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:56

Балконго батпаган бүркүт


Иллюстрациялык сүрөт.

Эркин Борбиевдин “Жылаажын” аңгемеси шаар менен элеттин, цивилизация менен көчмөн турмуш ортосундагы айырманы, алардын ортосундагы карама-каршылыкты көрсөтүүгө арналган.

Шаарга батпаган Мамбет карыя бүркүтүн тоого алып чыгып таштап келүүгө мажбур болот.

Өтүкчү - мүнүшкөр, шаар-кыштак

Эркин Борбиев эки тилде бирдей жазган, насили киносценарист, анан да аңгеменин мыкты чебери болчу. Учурунда анын “Кайрадан саат тогузда” аңгемеси окурман журтун ыраазы кылып, адабий сындын мактоосуна арзып, авторун белгилүү жазуучулардын катарына кошкон.

Анда сүрөттөлгөн окуя жол боюндагы өтүкчүнүн үжүрөсүндө өтөт. Каармандардын аракет-кыймылы, ички сезимдери диалогдор аркылуу баяндалып, ыктуу психологиялык деталдар сөз арасында берилет. Жазуучунун психологиялык деталдарды тартууга чебердигин учурунда Чыңгыз Айтматовдун да белгилеген жайы бар.

Ал эми “Жылаажында” өмүр жашы өтүп бараткан, жагдайдан улам шаарга келип жашоого аргасыз болгон карыянын арманы, өмүрү өткөнчө эсинен чыкпай калган өкүтү баяндалган.

Мамбет карыя кемпири бу жарыкчылыкты таштап, ээн үйдө коколой башы калбаса, шаарды ойлоп деле коймок эмес. Беш баласынын бирин окутпай, жанында алып калбаганына ал жетимишке чыгып, жесилдик турмуш башына түшкөндө ойлонуп, бармагын тиштеп отурат. Айылда курбу-курдаштары, тууган-уругу, өзүнө жакын дүйнөсү бар. Оюна койсо андан эч жакка кетпей, көндүм жашоосун уланта бергиси келет. Бирок карылык, аксакал кишинин үй тиричилигине аралашуусу кыйын экен. Айылдагылар Мамбет карыяны мергенчи, адыр-тоону аңтарган аңчы катары билишет. Эки тайганы, бүркүтү менен мурдагысындай тоо аралап жүрө берейин десе минтип айтпай-дебей карылык келип алып, айласын таппай турган кези.

“Бу сапар да Мамбет карыянын жолу болбоду: капкандары бош, бир мертебе алдынан түлкү булак этип чыкты эле, шашып-бушуп бүркүтүнүн томогосун алгычакты, а шайтан кыр ашып кетти.

Үйдө жалгыз отуралбай, мурда да нечен ирет ой-тоону кыдырган – кээде минтип бирөөнүн атын сурап минет, кээде өзүнүн боз эшегин кыдыңдатып жөнөйт. Бирок аңдын тукуму куруганбы же Мамбеттин мергенчилик насиби түгөнгөнбү, айтор, акыркы убакта ал куру кол келе баштады. Мамбет – Мамбет-аңчы атка конгону уудан мындай удаа-удаа бейолжо кайткан эмес. Бул тегеректи коёндун жатагынан өйдө жатка билчү Мамбет көп учурда жаңылышып калат – болжогон колотто же бадалдын түбүндө эчтеме жок, ал эми күтпөгөн жерден жанагинтип бирдеме урунат… Эски мергенчи буга дароо эле баш ийип, кол куушурбады; антмек түгүл өжөрлөнүп, ар кыл амал жасады: таптаган тайгандарын агытты, бүркүтүн салды, көзү тунарганча кароолду шыкаалап, мылтык атты, капкандарын улам-улам тажабай которду – канткен менен баары бир ою оңунан чыкпады. Адегенде ага булар бүт бойдон туташ кокустук, иши оңолбогондук катары гана сезилди, бирок утуру аң уулаган сайын алар кайталана берген соң, мунун негизги себеби эмнеде экенин туюп, билип турса да моюнга алгысы келбеди.

Канча ирет: - Эми жетет, тооңо да, мергениңе да тойдум» деп коёт деле – үйрөнгөн кесиби да – «акыркы жолу» деп өзүн өзү алдап, кыр-кырга дүрбү салып, боз эшекти кара терге түшүрөт».

Ышкы деген укмуш. Мамбет карыны тоодон-тоого күйүктүргөн мына ушул ышкысы дегдеткени менен, андан майнап чыкпай калганына ал алгач ишенбей жүрөт. Көзү курч, бүркүтү да сермегенин алып турган кез артта калганын, өмүр күзү келип калганын байкабай калат. Айылдагы курбалдаш аксакалдарга Мамбет карынын жашоо-турмушу жыргал, тоодо таза абада чуркап жүргөн мергенчини жетимиштен ашкан деп эч ким айта албас эле. Бекеринен аны курбулары «желмогуз атар» деп коюшуптурбу. Амалдуу аюуну эч кимдин оюна келбес арга менен атып алганын угушкан айылдаштары аны ушинтип атап алышкан. Тоо менен жаны бир болуп калган анан кантип шаарга кетип калсын?!

Жем табыштын азабы

Балдары канча суранышса да ар кандай шылтоолорду айтып убакытты дагы бир жылга созду. Андан эмне чыкты? Баягыдай шагыраган жан-жаныбарлар жок, ың-жыңсыз тоо ичинде чарчаганча жүрүп, бүркүтүнүн жумуруна жук болчу бирдеме таппай келет деген эмне шумдук?! Ушундай кыйын абалда анын эсине шаар, анда жашаган балдары түшөт. Шаарга кетсе үйү кантет? Көзү өтүп кетсе сөөгүн айылдан чыгарышпайбы? Шаарга кетсе эки тайганы менен бүркүтү не болот? Шаардагы бийик үйлөргө уялашкан адамдар арасындагы жашоосу кантет? Иши кылып, Мамбет карыяны жашоо-тириликтин күндөлүк суроолору кыйнайт.

“Чал өзгөчө быйылкы кышта аябай жүдөдү. Балдары бүтүндөй эле камдап беришкен – тамак-ашы, отун-суусу дебей белен. Тыштагы жумуш: малга жем-чөп салмай, астын тазалап, сугарып коймой, кар күрөп отун жармай – бул жыргал экен, кыйналганда эле мобу үй ичиндеги куураган тиричиликтен запкы тартты: канча аракеттенип машмалдак атпасын – чачылганы чачылган, төшөгү жыйылбайт казан-аягы булганч, кийим-кечеги кир, тамы зыңылдап муздак. Мамбет карыя тоо-талаада жүргөн, ар-ар нерсеге колу эпчил адам эмеспи, ошондуктан үйү үй кебетесинен чыкпай, оокаты илээ-шалаа өтүп жатат. Бары бир карыган чалдын суу ташып, от жагып, казан кармаганы курусун…”

Күндөлүк турмуш драмасы айылдык карыны ошентип шаарга мажбурлайт. Айылдагы бир үйдүн тирилигин кимге таштайт? Карыянын макул болгонун угуп кичүүсү балдарын алып машинеси менен заматта келип, малынын сатканын сатып, азыноолок калганын туугандарына табыштап, үйүн бирөөгө таштап, тайганын бир малчыга берип, бир гана бүркүтүн таштай турган киши таба алышпай алгырын шаарга ала кетишет.

Бирок да шаар бүркүттү батыра албайт экен. Балконду булгап салды деп келини капа. Бүркүт жаңы келгенде сонуркап карачу шаардык балдардын кызыгы таркап, тар капаста жүдөгөн куштун курсагын тойгузуш опсуз чоң проблемага айланат. Үйдөгү эттен аз-аздан уурдап берип атты эле келини эми базардан сатып келген этти бүт казанга салып иет. Же эт сатып алганга чалдын акчасы жок, айласыз тузак тартып шаардагы көгүчкөн, бактектерди кармап берүүгө аргасыз болот.

Андан да жаман жосун ошол чоң үйдөгү Салия Исхаковна деген арызчыл кемпир чалдын айласын кетирет. “Үйдү булгады, канаттуулар менен үй жаныбарларын жок кылды, жугуштуу ылаңдарды жуктурчу чоң кушту шаарда багып атат” деп арызчыл кемпир колу жеткендин баарына кат жаза берип, тиешелүү-тиешесиз мекемелерден текшерүүчүлөр келип, Мамбет аксакалды жүдөтүшөт.

Ошентип тоонун эркин адамы менен эркин кушу шаарга батпай калышат. Мамбет аксакалга баарынан да бир үйдө жашаган эки кемпирдин бири жардам берип, колунан келген көмөгүн көрсөтүшкө даяр болсо, беркиниси арыз үстүнө арыз жаадырып, башка иши жоктон бетер артынан түшүп алганы таң калтырат. Ушундай да болобу, билимдүү, нукура шаардык деген кемпирдин кылар иши жоктон бетер арызданып отурушу окуянын бир жаңсыл чечилишине шарт түзөт.

Мамбет карыя бүркүтүнө жем таба албай калгандан кийин жанына жакын болуп калган кушун тоого алып барып коё берүүнү чечет. Зоопаркка алып барып берейин десе ал жерде бүркүт жетиштүү экен. Бүркүттүн кебин коюп алып шаардыктарды сүрөткө тартчу шылуун фотографка тирүү кушун бергиси келбейт. Эми бир гана жол калат. Карылыгы жетип, уча албай калган бүркүт акыркы күчүн топтоп көккө көтөрүлүп, анан куушурулуп боюн аска ташка урат экен. Мамбет карыя бүркүтүнө эркиндик берүүнү чечет.

“ Бүркүттү кайтадан томоголоп, бычагын кынынан сууруп, боо кайышты, ага байланган күмүш жылаажынды кесип алды. Нечен жылдардан бери бүркүттүн бутунан түшпөгөн боо кайыш өзү да көөнөлүп, текөөрлөрдүн үстүн аябай тасырайта жылмалап так кылыптыр.

Чал бүркүтүн сылагылап, колкабын кийип аны кондуруп, улуу тоону карай басты. Бүркүтүн тумшугунан өптү да:

- Кош бол, шумкарым. Экөөбүз тең карыдык-арыдык. Эми ажырашалык. Кечир мени, балапан кезиңден байлап алганымды… Ээн-эркин учпадың. Эми уч. Кош, шумкарым, - деп кобурады да, кызытыш үчүн, - айт-куу! Айт-куу! – деп кыйкырды томогосун шарт жулуп.

Эчтекени көрбөгөн, түшүнбөгөн куш салпак-салпак учуп барып, көп узабай эле конуп калды.

Мамбет чал дагы эчен “айт-куулап” бүркүттү ыргыта салымыш этти, а анысы ээсине айланчыктап алыс кетпейт.

- Бу шоруңду урайын, учканды да унутканбы?! – Утуру колуна кондуруп, кайта учура берип абышканын шайы ооду, жини да келди.

Ушинтип алпурушуп жатып ал иңир киргенин да байкабады. Бүркүтүнүн учпаганына абдан кыжырланып, ызаланган абышка кандай айла жасарын билбей, “эмне болсоң ошо бол, өз убалың өзүңө” деп күбүрөп, ичинен аябай сөгүнүп, таягын алды да шаарды карай ыкчам адымдады.

Бүркүтчү.
Бүркүтчү.

Бүркүтү чалдын караанынан көз айырбай, бир топко тиктеп отурду да, анан шаңшый артынан учуп жөнөдү. Мамбет карыя токтосо – канатын жайып а да кошо токтойт, басса – канатын кагып чокчолоңдоп секирип-учуп ээрчип алат. Чал бакырып-өкүрүп тилдеп, колуна тийген таш, топурак менен ургулап да көрдү, бирок бүркүттүн андан ажырачу түрү жок.

Каш карайып кетти. Ачуусу келген абышка тетирден тескери, тиги чокусунан мала нур өчүп бараткан улуу тоону багыттай чаалыга арыштады. Бүркүтү да анын соңунан түштү.

Караңгы коюуланган сайын бүркүт аста-аста алыстап кала берди. Чал бирөөдөн буйтап, жаа бою качкансып, тоонун үстүнө тигилген жаш дарактарды темселей аралап, адаштырууга жанталашты. Түнкү сүкүтчүлүктө ээсинен ажыраган бүркүттүн жалооруган чыйпылдак шаңшуусу о далайга угулуп жатты.”

Чалды бу турмуш менен, табият менен мамыр-жумур болуп калган байланышынын акыркы жиби ошентип чорт үзүлдү. Шаарга бийик тоону мекен кылган бүркүт менен табият койнунда ээн-эркин жүрчү мергенчи батпайт экен. Тар үйдө пейили биротоло тарып калган келини менен арызчыл кемпирдин тоскоолдугунан да жашоо-турмушу акыркы күзүн өткөрүп аткан алгыр куштун тар балкондо калышы, ага жем таап бериш колунда акчасы жок аксакалдын колунан келбей калышы ажырашууга алып келди.

Мамбет аксакал канча жылдан бери сырдана болуп калган бүркүтүн ээн жерге – өлүмгө таштоого аргасыз болду. Анын башка айласы жок эле. Бүркүтүн алып айылына кайтып барса деле ага жем таап бере алмак эмес. Шаарда бүркүт эмес, анын өзү араң батып эптеп күн өткөрүп аткан. Бүркүтүнөн ажыраган чалдын ички дүйнөсүндөгү бурганакты жазуучу мындайча сүрөттөйт:

“Ошо күндүн эртеси шаардын тоо тарап чекесинде уй жайып жүргөн бадачынын айтуусуна караганда – бир килейген куш, бүркүтпү, жорубу, айтор, ким билсин, нечен ирет асманга көтөрүлүүгө аябай далбасаланып, бирок анчалык деле бийиктикке жетпегенден кийин, канаттарын куушуруп, коктуда үйүлүп жаткан зулпу-зулпу бетон-таштарга боюн таштаган имиш. Байкуш куштун жаны дароо чыкпай, улам канатын силкилдете-дирилдете керип, бутун серпип тыбырчылаптыр…

Чал эми күнүгө түшүндө бүркүтүнүн ачуулуу, ары аянычтуу шаңшыган үнүн угат экен. Кээ-кезде шыңгыр эткен жылаажындын назик табышы чыккансып турат дешет…”

Эркин Борбиев өмүр күзүн өткөрүп аткан карылардын драмасын баяндоонун устасы. Ушул ыңгайда анын Мамбет чал менен Сейде кемпирдин, өмүрүн цирк өнөрүнө жумшаган Таңсыкбаевдин жашоо-турмушун чагылдырган аңгемелерин бөлүп көрсөтсө жарашат.

“Күлүк күчүндө, тулпар тушунда” дейт, бирок анын карылыгы, өмүр суусунун азайгандан азайып кайтпас сапарга бараткан кези, ошондогу адамдардын бири-бирине карата мамилесин, күндөлүк кубанычы менен билинбес өкүтүн кемелине келтирип сүрөттөп берүү нукура сүрөткердин гана колунан келчү жумуш.

Мына ушул аңгемелерин Эркин Борбиев жаш кезинде, Москвадан сценардык курсту бүтүп келгенден кийин жазган, “Кайрадан саат тогузда, “Мала күндүн батышы” сындуу кайталангыс кара сөз туундулары ошондо жарыяланган. Анын сценарийлери боюнча “Атадан калган туяк”, “Ташка баткан элестер”, “Он үчүнчү небере” сындуу көркөм тасмалар тартылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG