Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Таш коргондогу ак байбиче, кара кемпир


Сүрөтчү Асатилла Тешебаевдин картинасы.
Сүрөтчү Асатилла Тешебаевдин картинасы.

Мелис Абакировдун “Таш коргон, ак байбиче, кара кемпир” аңгемесинде адеп-ыймандык маселе козголгон.

Таш коргон бары-жогун тосмолоп алган өзүмчүлдөрдүн символикалык белгиси. Кыргыз аңгемесинин классикасынан мына ушул чыгарма тууралуу кеп кылабыз.

Жаңы замандын ташкоргону

Жаңы замандын өзүнө гана тиешелүү каада-салты, жорук-жосуну болот экен. Капитал доору, акчаны самандай сапыргандарга арналган дүкөн, оюн-зоок мекемелери, эс алуу жайлары, көңүл ачуу индустриясы деген өзүнчө бир дүйнө бар.

Байлардын мартабалуу турмушуна куп жарашкан ошондой тейлөө мекемелеринин бири шаардын чок ортосунда жайгашкан. Аны автордун сыпаттоосунда эле уксак.

“Бул мартабалуу делген чакан бейтапкана калаанын чок ортосунда. Болгондо да сыртынан саябандуу сейил бакты элестеткен чар тарабы темир кашаа менен тосулган, төрт тарабын тең чоң жол кесип өткөн, ошо туш-тарабынын ортолорунда унаалар үчүн чоң дарбазалары, алардын капталдарында жөө-жалаңдар кирип-чыккан өткөөлдөрү бар капкалуу өзүнчө бир кичинекей маала”.

Ошол капкалуу шаардын ичинде калктын саламаттыгын коргоп турчулар арасында бийик таш коргон менен курчалган, “архитектуралык кооз имараттардын сокур ичегиси” сыяктанган кунарсыз бир үй бар, ага кирген-чыккан деле киши жок. Жибекке жамалган курумшудай болгон ошол кунарсыз үйдү чет жерде иштеп эсепсиз байыган, медицинанын лөгүнө айланган бир эргул салдырып “менчик бейтапкана” кылып койгон.

Өзү иштеген тармактан андай “май талкан” таап алгандар бу заманда азбы? Жат көздөн далдаа, эч ким шек албагыдай кылып бийик таш коргондун ичиндеги кунарсыз үйдүн чиймесин өзү чийип, курулушун өзү башкарып, башкалар ээлеп, тартып албашы үчүн так мыйзамдаштырып, “абсолюттуу автономия” кылып таштаган. Эч ким көз артпайт, ичинде эмне болуп атканын текшере албайт.

“Менчик ээсинин кабарчыларга көп жолу берген интервьюларына караганда, бул бейтапкана эң эле заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылгандыктан, медперсоналдар менен оорулуулардын байланышы, шумдугуң кургур, "контактсыз" болот. Ооба, контактсыз экен, догдурлар кабинеттеринде отурган жеринен, оорулуулар палатадагы жатак ордунан аудио-видео камералар, компьютердик техника аркылуу кандай акывалда экенин көрүп билип, ошого жараша кенже медперсоналдар гана керектүү дары-дармектерин берип, үч маал тамак-ашын англиялык ак сөөктөрдү тейлегендей подноско салып, төшөктүн үстүнө алып барып берет имиш. Так ушунусу да башка бейтапканалардан артыкчылыгынын бири делинет. Айта берсе артыкчылыктары арбын.”

Медициналык технологиянын акыркы үлгүсүндөгү жабдуулары менен мактанган кунарсыз үйгө кирип-чыгуу бекем тартипке салынган. Коопсуздук эреже-тартиптеринен кынтык табыш кыйын, бул жерге бейуруксат чымын да учуп кире албайт.

Баарынан да дарыгерлердин бейтаптар менен катнашын айтпайсызбы. Аудио-видео байланыш аркылуу гана көзөмөлдөнүп, баары заманбап деңгээлде уюштурулган. Бул жерде бейтаптар сыртка чыгып, таза абада басышпайт. Палатага кирди болду, тирүүлүктөн аларды чийип салса деле болот.

Киргени - бар, чыкканы - жок

Босогодон ары баш багалы:

“Бейтаптар болсо бул жерге бир кирген боюнча чыкпай, өлүп тынат ушерде. Сөөгүн да алып кете алышпайт. Чакан крематорийде маркумдун тени өрттөлүп, күлүнүн жарты ууч бүртүгү айнек азем колбага салынып, уулунун колуна карматылат. Ал үйүндөгү атасынын же энесинин сүрөтүнүн артына эстеликке, түбөлүккө эстеп жүрүүгө катып койгонго алат имиш. Аны күл ээсинен башка бир да жан билбейт дешет”.

​Бейтаптары кимдер? Билгендердин айтуусунда, бул «бир буту төрдө, бир буту көрдөгү» карылардын бейтапканасы, абройлуулардын карыяларынын үйү, болгондо да даңазалуу бардарлардын – көпөстөр менен олигархтардын ата-энелеринин жашыруун жайы”. Эмнеге жашыруун? Элге аты белгилүү байлардын артында айың кеп болбосун, ата-энесин карабай таштап кетиптир дебесин деп, ушундай заманбап мекеме салынган.

Байларга да жакшы, акчасын төлөп, үйүндөгү баш оорудан арылат. Бейтапканада кимдер жатканы угулуп калбасын деп андагы карылардын аты-жөнүн да жазышпайт. “Ак байбиче”, “Кара кемпир” ушундан чыккан. Эки кемпир кичине бир палатада, “Ак байбиче” терезе жакта, “Кара кемпир” улагада. Кечке жатмай, анан уктамай. Эки кемпирде кайдагы уйку. Ак байбиче чечилип сүйлөгүсү келет, Кара кемпир сөзгө жок. Байбичелердин бири шаарда иштеп, пенсияга чыккан, экинчиси өмүр бою айылда колхоздо иштеген. Ак байбиче китеп редактору, Кара кемпир окубаган, бригадир кайда айдаса ошол ишти кылып келген мээнеткеч аял.

“Адам баласы зериккенде, бук болгондо кобурашканды жакшы көрөт эмеспи. Бейтапкананын эреже шарты боюнча карыялар өз таржымалдарын, кимдин ата-энеси экенин жар салып шардана кылбашы керек. «Жердин кулагы-жети» – дейт эмеспи. Непада айтылган сөз жел менен да жетиши ыктымал. Антсе да сөз арасында айтылып кетет, уул-келиндердин кылык-жоруктары, кимдер экендиги”.

Эки кемпир шыпты тиктеп жате бербей, кээде кобурашкысы келет, бирок биринин кеби экинчисине жакпайт. Ак байбиче анысын билгизбейт, Кара кемпир кээде ачык айтып иет. Ак байбиченин баласы банкир, абадан акча жасачу азамат, бирок апасын караганга убактысы жок, айтымда инсульт алгандан кийин өзү ушул жерди каалап келиптир.

Кара кемпирдин баласы криминалдык чөйрөдөгү “мыйзамдагы уурулардын” бири. Бечара кемпирди жалаң орусча сүйлөгөн шаардык келини батырбай, чоң муштум уулу чүкөдөй карыны ушул жерге апкелип таштаган.

Ак байбиче күндө, күн алыс сырттагы көрүнүштү, жаркырап тийген күндү, күмүш түскө боёлгон дарактарды, канаттуулардын сайраганын айтып, күүнү сагынганын божурайт. Жашоо кумарын айтат, бир күндүк жашоонун миң күнгө бергис кызыгын тамшана кеп кылат. Анын сөзүн радиотүйүн бузат:

“– Ардактуу Ак байбиче, Сиз көп эле философтоно бербеңиз, жаныңыздагы бейтаптын мазесин алып. А кишинин аз мээсин ого бетер айлантып бөксөртпөңүз.

Ошондо Кара Кемпирдин жаны чыгып кете жаздайт:

– Менин мээм азбы, өлүгүңдү гана көрөйүн… Өзүңдүн мээң канча?

Токтоткула дискуссияны!– дейт буюра радиотүйүндөн.

Эртеси эртелеп сөздү Кара кемпир баштады.

– Өлүгүңдү гана көрөйүн, догдур болбой жерге кир. Менин мээм бөксө болсо, эмнеге карайт? Уулумдун акчасын уучтап алганын унутуп коёбу. Шашпа келсин, даттанам, айтам. Ирекетине сабатсын. Ал деген мындан да чоңдордун моюнун толготкон. Ушу да кеппи…”

Кемпирдин уулу келбесин, бул жерде жаткандар эчак эле тирүүлөр катарынан чыгарылып, өмүр кылынын качан үзүлөрүн күтүп жатышканын баары билишет, айылдык баёо кемпир гана андан кабарсыз, уулу келеринен үмүт үзбөйт.

Кызылдай азап ушул

Тар бөлмөдө тирүүнүн өлүгү болуп жатыштан адам тажайт экен. Кара кемпирдин “өлүктөй болуп жатсак, кобурашканга да акыбыз жокпу?” деп нааразы болушунун деле жөнү бар. Кобурашканда “толгон-токой ирекеттери бар” уулунун апасына кара мүртөздүгүн айтабы? Чоң шаардын кримдүйнөсүндөгү белгилүү уурунун акчасынын убайын орусча сүйлөгөн аялы менен колунан китеп түшпөгөн кайненеси гана көрүп, айылдан келген кара кемпирди барса келбес жакка жөнөтүп салышкан. Бул жерде да жакшы жерди Ак байбиче ээлеп, сырттагы кызыктуу дуйнөнү көрүп, көзү ачылып суктанып жатат. Анан ага Кара кемпир улагада жатып сүйүнсүнбү?!

“Анан ичинде Ак байбиченин көптү көргөнүнө кызганыч кылды. Эмне үчүн менин эмес, бу Ак байбиченин көзү ачылат деп. Кызганыч дегениң башкарылбаган албуут сезим окшобойбу. Бекеринен айтылыппы: «Кызганыч - пендени жардан алыс учурат» – деп. Кара кемпир терезе тушундагы Ак Байбиченин терезеден көргөндөрүн тизмектетип божураганын, ага өзү да жаны жыргап, анын да делебесин козгогонун айт. Эмне үчүн бул Ак байбиче терезе түбүнөн орун алат да, өзү улагада калып, тигил көргөндөрдү көрө албайт? Бара-бара кызганычы күчөп баратканын Кара кемпир өзү деле сезген жок окшойт. Ак байбиче канчалык ширин кеп салганына, өзү ошондой боло албаганына ичи күйүп арданып, кызганып да жатты.
Күндөр өтүп атты. Ак байбиче адетиндей терезени карап алып божурап кирет”.

​Кара кемпирдин ичи күйгөнчөлүк бар, Ак байбиче жаш кезинде гүл кучактап, ашыктык жалынына батып жүргөндө бул колхоздо бел чечпей эмгектенген. Жашы өтүп баратканда жашамал кишиге, өзү айткандай, чалга тийген. Байкап көрсө айылынан сыртка чыкпаптыр, китеп бетин ачпаптыр. Бир күнү Ак байбиче мууну бошоп баратканын айтып, жактырбаган Кара кемпирге өтүнүч кылат.

“Мусулман баласы эмеспизби, непада нары карап кетсем, байбиче, ыйманымы айтып коюңуз, сообу тиет” дейт.

“Түн кирип уйкуга кетишкен. Эртең менен божурап кеп баштаган Ак байбичеден үн-дың жок. Ак жүзү ого бетер ажарына чыккандай мелтиреп кыймылсыз. Чочуп кетти Кара кемпир.

– Ак байбиче, Ак байбиче дейм! Деги соосузбу?! – деп үнүн катуулата чыгарды. Жооп болгон жок. Ошондо Кара кемпир үнүн бек чыгарып чаңырып ийди: – Өлүгүңдү көрөйүндөр, Ак байбиче өлүп калды. Өлүп калды!

Дароо кайдан-жайдан пайда болгондой баш догдурун ээрчип топурап палатага толуп кетишти. Ак байбиченин моюн тамырын кармаган баш догдур башын чайкап, Кара кемпир мурда укпаган сөздү айтты жанындагыларга:

– Крематорийге алпаргыла…”

Ак байбиче жантаслим болгондон кийин Кара кемпир көксөгөн ордуна - терезе жанына которулат. Ошондогу кубанганын, толкунданганын айт.

“Көрүп чочубайын дегендей, көзүн көпкө чейин ачкан жок. Качан медайым чыгып кеткенден бир топтон кийин көзүн ачып терезени караса… ой, шумдугуң кургур, терезенин нары жагынан бир карыштай эле аралыкта кара шлак блок кирпич менен тосулган бийик дубал тиреп туруптур. Эч нерсе көрүнбөйт, асман да, бак-дарактар да. Кара кемпир өз көзүнө өзү ишенген жок. Ушалап-ушалап алып, кайра-кайра карады. Бийик кара дубал терезени да карартып турган. Башка эч нерсе көрүнбөйт. Бая эле кыялы оңоло түшкөн Кара Кемпирдин жини кайнап чыкты. Ак байбиче алдап жүргөн тура аны. Кара Кемпирдин тээ мурдагы кызганычы жек көрүүгө айланды белем, чаңырып ийди:

– Тозокко гана түш, Ак байбиче! Тозокко гана түш! Күнүгө торгойдой сайрап мени алдап жүргөн турбайсыңбы. Тозокто сайрап кал. Тозокто сайрап кал!..

Кара кемпирдин деми кыстыгып, кара тер басты. Тамагы муунуп, дем ала албай шалак дей түштү. Муну көрүүчү камерадан карап отурган баш дарыгер жанындагыларга буюра айтты:

– Кара кемпирди крематорийге алпаргыла!”

Катаал турмуштун драмасы менен трагедиясын ала жүргөн символикалуу баян. Таш коргонго бекинип алган коомго артыкбаш болуп калган чүкөдөй эки кемпирдин азап-тозогу да аягына чыкты. Адеп-ыйманын жеп алган балдарына батпаган энелер.

Жазуучу ташбоор уулу менен кара өзгөй келиндерине батпай, таштанды болуп калган карылардын турмушу аркылуу кыргыз коомунда өзгөчө актуалдуу болуп бараткан социалдык курч проблеманы көркөм иликтөөгө алган. Ушул эле теманын экинчи бир өңүтү жазуучунун “Канталамай” трагикалык фарсында кемелине келтире сүрөттөлгөн.

Мелис Абакировдун “Алмалуу бак”, “Алчалуу төр”, “Байтерек” повесттери, тарыхый темага арналган “Көкөй кести”, “Барымта” романдары учурунда кыргыз прозасынын жетишкендиги катары бааланган.

Абакиров: Эски идеологиядан кутулуу кыйын
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:31 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG