Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Казыбек казалчынын Сталинге кайрылышы


Иосиф Сталин

Эчен ирет камалып, куугунтуктан башы чыкпаган Казыбек казалчынын адабий мурасынын окурман журтуна жетиши оголе оорго турган.

Ал арада заман алмашып, улуу акындын арман менен ызага толгон ырлары жыйналып, китеп болуп чыкты. Акындын өмүрү жалаң куугун-сүргүн, караңгы абактарда өтсө чыгармаларынын ачыкка чыгышы андан да чоң тоскоолдуктарга туш келди.

“Кармалганым ар эмес”

Казыбек казалчы дагы бир маалыматта азандагы аты Күчүк 1901-жылы Ат-Башы районундагы Келтебек деген жайлоодо төрөлгөн. Анын атасы колунда бар, билим баркын билген, таасирдүү адам болгон.

Кийин Орунбордогу сүргүндөн кайтпай калган атасын угузганда Казыбек казалчы ал тууралуу калк алдында калыс кебин айткан, мечит салдырган, “калың черик көп журтту кадыры менен бийлеген” адам экенин атайын белгилеген.

Атасынын аркасы менен Казыбек казалчы да жашынан кат таанып, ичтен оргуган учкул сезимин кагазга түшүрүп,чыгармачылыкка кызыккан. 1929-жылы Мамбетимин алыскы Орунборго үй-бүлөсү менен сүргүнгө айдалган. Казыбек атасынын жалгыз уулу, Калдык деген эжеси бар экен. Ал сүргүндөн атасынан мурда бошоп, айылына келип, тууган жерден дагы бир опуртал ишке туш келет.

1931-жылы Орунбордон келсе Ат-Башыда белгилүү манап Абдылда Жаанбай уулу эл арасынан Кытайга кете тургандарды чогултуп, качып кетүүгө даярдык жүргүзө баштаган экен.

Советтик түрмөнү көрүп калган Казыбек казалчы четке кетчүлөргө кошулуп, Кытайга өтүп кетет. Ал жерде үч жылдай жүрүп, кайра тууган жерине кайтат. Бирок бул ирет чек арачылардын колуна түшүп, бир жыл түрмөдө жатып, 1935-жылы 10 жылга түрмөгө кесилип, Ташкендин жанындагы “Чирчик курулуш” абагына түшөт. Ошол жерде катуу ооруп 42 жашында каза болгон. Сөөгү ошол жерге коюлган. Казыбек казалчынын эки уулу, бир кызы болгон.

Уулдары жаштайында жайрап, жалгыз кызы Кытайда каза болуп, иши кылып акындын жеке турмушу үстөкө-босток кайгы муң-зарга басылып, артынан калбаган куугунтук акыры өзүн алып тынган.

Казыбек казалчынын ырларында арман, кайгы-касирет көп айтылат. Кыргыз элинин башына түшкөн мүшкүлдөр, 1916-жылкы Үркүн, кийин совет бийлиги келгенден кийинки токтолбогон “тап күрөшү” ансыз да тагдыры оор акынды биротоло мүңкүрөтүп, элин, анын ичинде өзү тарткан оор азаптарды ырга кошуудан башка аргасы калган эмес. Социализм трагедиясынын эң күчтүү акыны ушундай шартта жашаган. Жөн-жай турмуш кечирип келаткан Мамбетиминдин үй-бүлөсүн жаңы бийлик куугунтукка калышы, баарынан да калыс кебинен башка эч нерсеси жок атасынын абакка түшүп, алыска сүргүнгө айдалышы Казыбек казалчынын Сталинге кайрылып узун ыр жазышына алып келген.

Ушунча журттун баарысы,

Уксаңыз арзым кара эмес.

Кай бири бардыр карасы,

Калкыңыздын баары эмес.

Мен караландым агымдан,

Кармалганым ар эмес.

Кармалсам да кара деп,

Мен Советке каршы эмесмин.

Кайырлуу болор арты деп,

Кайгырып камды жебесмин.

Социалисттик жарышта,

Кызматын кылдык Кеңештин.

Канчалык камак берсең да,

Ката бир мунуң дебесмин.

Эми камак үй тартып жаш жанга,

Калыстык жардам өзүңдөн.

Кармалып калктан азганга,

Тартпаска менде чара жок,

Акын “Туран” деген партия Кыргызстанда дегеле болбогонун, ага карабастан канча кишилер “Түбү жок ишке кабылып, түрмөдө” башы шордоп жатканын, “Элдин ээси Сталин, этегин өзүң оңдогун” деп өкүмдарга үмүт артып кайрылган. Ал ырга кандай жооп болгонун улуу акындын улам-улам түрмөгө түшүп, колунан кишен түшпөй, кыска өмүрү жалаң куугун-сүргүндө өткөнү көрсөтүп турат.

“Казыбек - Чирчикстрой”

Казыбек казалчынын өмүрү менен чыгармачылыгын иликтеп келаткан белгилүү акын Өмүрбек Дөлөев анын жеке турмушу тууралуу мына буларды айтты:

- Казыбек казалчынын кийинки аялы Зуура Нурманбетова Баетов айылында жашап, мен ал киши менен он жыл сүйлөшүп калдым. Арыз-арманын, көргөн азап-тозокторун, Казыбек тууралуу ой-пикирин угуп, жатка билген ырларын жаздым. Башында анча көңүлсүнбөй, айткысы келбей жүрдү. Көрсө КГБдан, милициядан ар кандай кишилер келип тажатыптыр. Сурап анан коркутуп киришчү экен, ошондон ал киши жалтак болуп калган экен. Анан акырындап көнүшүп, Казыбек менен жашоосун болгонун болгондой айтып берчү. Аны менен ал кишинин атынан кылып китеп жаздым, Казыбектин мендеги ырларын жарыяладым. Менде он чакты “жалпы дептер” ырлары бар эле, ар кайсы жерден топтолгон. Жарыяланган ырлары менен салыштырып чыгардым.

Казыбек Ак-Талаага жээн болуп калат. Атасы Мамбетимин түштүк тарапка каттаганда акталаалыктар менен жакшы карым-катыш болуп калып, Казыбекке Зуура апаны кыргыздын каада-салты менен кудалашып, той кылдырып келин кылып алган. Казыбек Ак-Талаада көп жүргөн экен. Анан тополоң, 1929-жылы сүрүлүп, Боогачы менен чогуу айдалган. Аялы аны менен кошо Орунборго чейин барат. Жолдо Богачы: “Мен ырдабайм, ырды Казыбекке бердим” деген экен. Ошол Ат-Башыдан Бишкекке чейинки “түрмө казалдары” ошондо төгүлүптүр.

Орунбордо сүргүндө кыргыздын мыктылары менен чогуу жүрүп калган. Таякеси Мусакожо да ал жерде болгон, анын сөөгүн коюп, кийин бошонуп келген. Бул жерден таякеси Акин деген башын куттуктап ат тартууласа көрө албастар айгак чыгып, кайра кестирип жиберишкен экен. Ошо Нарындын түрмөсүндөгү ырлары жаралган. Андан бошонуп келгенден кийин Ат-Башыдагы Кулчун, Абдылда деген байлар Казыбекке “сени да жөн койбойт” деп азгырышкан. Казыбек элге таанылган акын болуп калган. Турган жеринде эле төккөн. Чек араны бузуп сыртка чыгып кетишип, четте туруп калып үч жылдан кийин келатканда Үзөңгү-Кууштан кармалып, дагы соттолуп Чирчикке алып кетип, ошол түрмөдө жатканда жазган ырлары бар. “Казыбек -Чирчикстрой” деген жерлери бар. Ошондо чогуу болгон кишилерден сурап угуп калдым. Коюнунда дайыма ыр жазган дептери болчу экен. Ал жерде катуу сабап коюшкан экен. Ошонун таасиринен ошол жерде каза болгон деген маалымат бар. Казыбек кытай тарапта жүргөндө атасы бошоп, бирок Ош тарап менен келмек болуп Өзгөндө каза болгон деп айтышат. Атасынын өлгөнүн Кытайдан угуп, ошол жерде атасынын зыйнатын жасаптыр, атасы тууралуу узун казал ошол жерде жаралган”.

Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов репрессия эмне экенин жон териси менен сезген, кандуу капсалаң анын атасы белгилүү ишмер Нурдин Серкебаевди жок кылган. Эрнис Турсунов көзү тирүүсүндө репрессия оболу кимдердин башына бүлүк салганын минтип белгилеген:

Эрнис Турсунов.
Эрнис Турсунов.

“Кеңеш өкмөтү орногонго чейин уезддик башчыда писарь, тилмеч, регистратор болуп иштегендин бардыгы болуштар, жасоолдор, урядниктер, приставдар, жер ченегичтер буржуазиянын өкүлү катары сүргүнгө айдалды, каршылык кылгандар атылды. Максүт, Талканбай, Кашымбек, Маралбай, Тынаалы, Батыркан, Телтай, Баракан, Күрөңкөй-ажы, Чыңгыш-ажы, Чоко, Чормон, Дүр, Самсаалы, Жангарач менен Байтиктин тукумдары, Садыр-аке менен Кыдыр-акенин тукумдары, Мураталы менен Сарыбайдын тукумдары, Чыныбай менен Шабдандын тукумдары Самүдүн, Мөкүштөр тентип, тербип жок болду.

Казыбек Үркүндө да, сүргүндө да кыргыз жерин, кыргыз элин, кыргыз салтын, жайкалган жашыл төрүн, көгөргөн тунук көлдөрүн, шаркырап аккан сууларын, кыртыштуу кара-күрөң жерлерин, бетеге, тулаңдуу белдерин, ээн оттогон, эч кимден коркпогон эчки-теке, арка-кулжа, кайберендерин, илбээсин, кыраан куштарын булбулдай сайрап, торгойдой таңшып ырдаган”.

Совет бийлиги үчүн бирөөнүн мүлкү, адам баласынын убал-сообу, калыстык деген жок болчу. Бирөөлөрдүн ыйы, адам чыдагыс азап-тозокко малынышы коммунизм идеясынын алдында шоона эшчү эмес. Бийик идеяга жамынып, пас иштерди жасаган көнүмүш болчу.

“Ит дүйнөгө алданып, ишенип жүрдүк мал багып”

Большевиктердин бирөөлөрдүн байлыгына көз артып, тынч жашап келген калк арасына калайман салып, жарандык ажырымга кантип жол ачканын Казыбек казалчы туура баамдап, минтип жазган.

Санап туруп малды алып,

Салынуу сарай, тамды алып,

Ит дүйнөгө алданып,

Ишенип жүрдүк мал багып,

Оокат кылбай жан багып,

Ат токунуп минээрден,

Айбыкчы элек арданып.

Кайра несин көрөбүз

Кайта келсек айланып.

Туруп калсак жайланып,

Туз буюрса анда байланып,

Керектүү тууган сен болсоң,

Келерсиң бириң шайланып.

Кекенген душман калды го,

Кетти го деп айдалып.

Эр жеткенден тарта жалаң куугунтукка кабылып, басым-кысым алдында калган акындын ырларында тууган жерге болгон кусалык өзгөчө бир оор сезим менен жанар тоодой ичтен атылып чыгат.

Ат-Башынын кокту-колоту, ак кар баскан тоолору, туйлап аккан сууларын эми түшүндө гана көрүп калганын, айласыз туткундун арманы саналып өтөт. Тууган жерден айласыз айдалгандар аябай эле көп экенин акын ырында өкүнүч менен эскерет.

Жумгалдан келди Жумабай,

Эсенбай, Калый, Мырзалар,

Эртели-кеч Алладан

Эсендик тилеп турсаңар.

Өзүбүздөн өткөн бар,

Эмгектеп тобо кылсаңар.

Курсанттык тилеп кудайдан,

Куткаргын деп, бу жайдан.

Аман кайтсак сапардан,

Арман калбас кыйладан.

Агайын шерик достордон,

Ажырап кимдер козголгон.

Ырсалы менен Калысты

Ылгап келген Кочкордон.

Совет бийлигинин күнөс жагын “күн нурлуу Сталиндик заманда гүлдөп-жыргап жашап” жаткандарды күн сайын ырга кошуп турган расмий акындардын артында, макталган коомдун жаап-жашырылган ачуу чындыгын минтип ачык ырдаган Казыбек казалчы, Абдырайым Шама, Багыш молдо сындуу акындар бар болчу.

Социализм тарыхый тактысынан жылмышып түшпөсө алардын аты аталмак деле эмес. Доордун көркөм баяны бир жактуу, курулай пафоско басырылган шаңдуу мактоолордун төө бастысында калмак. Кандуу жазалоонун азабын башынан кечирген канча таланттардын чыгармалары билинбей калып кетти.

Ийилээр чырпык сынбас деп,

Өчөшүп биздей адамга.

Өмүргө зыян кылбас деп,

Адам уулу дүйнөдө,

Ар нерседен кымбат деп

Эске алса кылар кайырды,

Экинчи кайра туубас деп

Өйдөтөн тилеп турабыз,

Өлүмгө жанды кыйбас деп

Ак жеринен күйгөндү,

Ар ким айтып даттанды.

Текшербеди тирбунал,

Тергөөдө жалган айтканды.

Айыпкер киши жыйырма эле,

Араңдан бирөө акталды.

Эчен жылдар катылып жатса сааты келген экен Казыбек акындын ырлары 1990-жылдардан тарта аз-аздан жарыялана баштады. “Совет бийлигине каршы ок аткан, басмачыларга кошулуп кеткен” деп таланттуу акынды айыптагандардын кеби суу кечпей, улуу акын акыры калкына кайрылып келди. Эми анын чыгармалары экинчи өмүрүн жашап, нукура талант өзүнө жол чаап, улут адабиятынын тарыхынан тиешелүү ордун таап аларын ырастоодо.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG