Линктер

шейшемби, 18-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 21:23

1938–2018: Бабалар биримдикке чакырат


Ата-Бейиттеги репрессиядан каза болгондордун эстелиги.

2018-жылы 7-8-ноябрда Кыргызстанда “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү” өткөрүлдү. Коомчулукта бул иш-чара ар кыл бааларга ээ болду. Карт тарых ынтымакка үндөй алабы? Тарыхчынын блогу.

Албетте, тарыхта бабаларыбыз нечен ирет баррикаданын өйүз-бүйүзүнө бөлүнүп келгени деле маалым. Ансыз деги тарых болобу? Оң каарманды “биздикилер” тараптан тапсак, терс каарманды Марс планетасынан алып келе албайбыз да...

1898-жылы Анжыян көтөрүлүшү маалында жана андан кийинки айларда “көтөрүлүшкө катышты” деп падышалык оторчул бийлик тарабынан жазага тартылгандар арбын болгон (теги казак, сөөгү кыргыз окумуштуу Анварбек Хасановдун тастыкташынча, соттолуп, ар кыл жазага тартылгандардын көпчүлүгү – ферганалык жана бул өрөөнгө чектеш тоолук кыргыздар эле).

Шибердеги Тобол шаарында 1899-жылы акын Токтогул жаткан абак.
Шибердеги Тобол шаарында 1899-жылы акын Токтогул жаткан абак.

Мурда элес алынбаган жагдайлардын бири: ошондо кыргыздын айрым төбөлдөрү өздөрүнүн каршылаштарын “козголоңго катышты же козголоң чыгарууга ниеттенди” деген шылтоо менен оторчул бийликтерге кармата беришкен (Кетмен-Төбөдөн чыккан акын Токтогул Сатылган уулунун Шиберге кантип айдалганын эстейли).

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш маалында да кыргыз төбөлдөрүнүн бир даары эгеменчил күрөшкө каршы чыгып, мындайча айтканда, элге чыккынчылык кылып, өз керт башынын жана бүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн гана аракеттенип, анын аркасында падышалык оторчул бийликтен ар кыл сыйлыктарды алган. Аларды да айрым урпактары “өз айылындагы калайыкты Улуу Үркүндөн сактап калган” деп бир тараптуу мактап-жактап келет.

100 жылдан кийин гана тарыхчы Рыскул Жолдошов сыяктуу замандаштарыбыз “Ала кушту атынан чакыралык” деп, көтөрүлүш чыккынчыларын архивдик маалыматка таянып тактап, ар бирин өзүнчө атап беришти. Ал эми көтөрүлүш лидерлеринин тагдырын калыс изилдөө иши эми гана өз нугуна түштү.

1917-жылдагы Алаш автономиясы, Түркстан автономиясы үчүн күрөшкө катышкан кыргыздардын салымын изилдөө өтө оор болду, себеби Кеңеш бийлигинин тушунда алардын бардыгы, – ар кимиси жаркын идеяны сүрөсө дагы, – “эл душманы” жарлыгына кабылган. Аларды калыс иликтегенге далалат кылгандардын өздөрү “феодалдык, бай-манаптык, буржуазиячыл, пантүркчүл, диний-клерикалдык душмандарды актагысы келген” изилдөөчү катары жөнсүз кысмакка алынган.

Азыркы тапта (коммунисттик цензура ойрон болуп, Кыргызстан эгемендикке жетишкенден бери) тээ 1920-30-жылдардагы сталиндик жазалоолорду (репрессияны) изилдөө иштери өткөн кылымдарда жана 1898-, 1916-жылдары жана башка бурулуш учурларда Ата журтубузда коомго опол тоодой эмгек сиңирген бабалардын тагдырларын жана тарыхый салымдарын изилдөө менен эриш-аркак жүрүүдө.

(Албетте, чала-чарпыт санжыралык маалыматка жана бүбү-бакшылардын имиштерине таянып алып, кокту-колоттук деңгээлдеги гана ролу бар кишилерди көтөрмөлөп, аларга айкел тургузуу учурлары, ошондой эле, тарыхый инсандарга алардын турмушунда эч болбогон жагдайларды таңуулоо, мисалы, “атайын курултайда баланчага аке наамы берилген”, “Курманжан апа фарсы тилинде ырлар жазган, сүйүү катын орхон-энесай руна сымал жазмасында жазган”, “кичинекей Шабданга туткундагы Кенесары Касым уулу өлөөр алдында бата берген”, “кыргыздар ханзу иероглифин ойлоп тапкан” деген сыяктуу жоромолдорду таңуулоо, ж.у.с. тарыхты бурмалаган далаалаттар деле кээде орун алып келет).

Ошентип, мындан 80 жыл жана андан да көп мезгил мурдагы тарыхый окуялардан бери далай суу акты. Бирок азыр дагы ошол окуяларды таамай изилдөөлөрдөн жазгангандар бар.

Абдыкерим Сыдыков (1889-1938) – кыргыздын чыгаан коомдук жана мамлекеттик ишмери.
Абдыкерим Сыдыков (1889-1938) – кыргыздын чыгаан коомдук жана мамлекеттик ишмери.

2018-жылы жетинин айынын (ноябрдын) 6сында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында өткөрүлгөн илимий жыйында 1920-30-жылдардагы сталиндик режимден запкы чеккен бабаларды эскерүүгө байланыштуу КГБнын архивин толук ачуу зарылдыгы маселесин козгосом, бир жаш кесиптеш бул сунушка каршы чыкты.

Анын логикасына таянсак, эгерде архивди толук ачып салсак, анда бардык чындык ортого калкып чыгып, ошол коогалуу жылдары айрым инсандар бири-бирине айгак чыккандыгы, кээ бир кадыр-барктуу инсандар баканооз болгону ачыкталат экен да, ансыз деле араң турган кыргыз коому экиге ыдырап, ич ара күрөш дүрт этип жанданат экен!..

Ой тобо-о!

Менимче, көп кырлуу кыргыз коомунун тарыхын жана асыл-нарктарын эч билбеген киши гана ушундайча ой жүгүртө алат.

Башканы айтпаганда да, 2002-жылкы жалган курандагы (марттагы) Аксы окуясында, 2005-жылкы жалган куран (март) ыңкылабында, 2010-жылдагы чын куран (апрел) ыңкылабында эки башка тараптарга жиктелген кыргыздар азыркы тапта бири-бири менен кудалашып, ал түгүл бийликтен куулгандар кайра эле Жогорку Кеңешке бийликтеги партиянын курамында депутат болуп, же башка кызматка кайра келип, “өткөн иш өттү”, “атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” деп өздөрүн актап сүйлөп калышты.

Демек, коомубуздагы сегиз жыл мурдагы саясий жиктешүүгө кечиримдүү мамиле кылган жаныбыз тээ 80 жыл мурда (сталиндик жазалоолордун туу чокусуна жеткен учурда), 100 жыл мурда (Түркстан автономиясын жыгып, басмачылык кыймылына кириптер болгон кезеңде), же болбосо 120 жыл мурда (“ийикчи” Мадалы эшен, тарыхчы Зиябидин Максым жетектеген Анжыяндагы боштондук кыймыл ойрон болгон маалда) өйүз-бүйүзгө бөлүнгөн бабалардын урпактары эми жаңы күч менен жакалаша баштайт деп коркушубуз керек бекен?

Турмуш – биз ойлогондон татаал. 1920-30-жылдары бир туугандардын бир даары басмачы болуп, башкалары кызылдар тарабында өз бир туугандарына каршы айыгыша күрөшкөн.

Михаил Шолохов көркөм сүрөттөгөн “Тынч Дондун” сыңарындай, бизде деле сыртынан караганда “Тынч Алайкуу”, “Тынч Ат-Башы” болуп, ичинен караганда, калайыгы тоо суусундай күргүштөп толкуп турган.

Памирлик “кызыл” кыргыздардын бири, мургабдык Атабай Жанузак уулу болшевиктер тарабында иштеп жүрүп, сталиндик “кара тизмеге” илингендерге тымызын кабар берип, Батыш Кытайга же Ооган Памирине качырып, өлүмдөн арачалап тургандыгы да жакында ачыкталды.

Курсташым Равшан Термечиков чакырганда Ала-Бука жергесине барып калып, бул жакта басмачылардын жетекчиси “Аман Палвандын жары” деген жар бар экенин, алигиче бул кыпчак басмачыны кадырлагандар жана жек көргөндөр анын эрдиги жана залимдик жоруктары жөнүндө аңыз-кеп айтып келээрин билдим. Аны камакка алууга далалаттангандар да, качырып кеткендер да ферганалык кыргыздар экен.

Жусуп Абдыракманов үзөңгүлөштөрү менен. 12.11.1927.
Жусуп Абдыракманов үзөңгүлөштөрү менен. 12.11.1927.

Айрым замандаштарыбыз “Жусуп Абдыракманов, Төрөкул Айтматовдорду 1937-38-жылдардагы репрессияга жазыксыз кабылган деп жатасыңар, бирок ушул эле кишилер 1928-29-жылдардагы бай-манаптарды сүргүнгө айдоо, кулакка тартуу сыяктуу өнөктүктөргө тиешеси бар кишилер эмеспи”, деген кинелерин да айтып келет.

Дал ошол калабалуу окуяларды “Казыбек казалчы” атка конгон Казыбек Мамбетимин уулу мындайча сыпаттаган эмеспи:

Тарыхчы Жумагул Байдилдеев репрессия курмандыктарын иликтеп келет. 08.11.2017.
Тарыхчы Жумагул Байдилдеев репрессия курмандыктарын иликтеп келет. 08.11.2017.

“Миң тогуз жүз жыйырма

Тогузунчу жылында,

Бай манап деп айдалып,

Буйрук менен кез болдук,

Бул өңдөнгөн кыйынга.

Кармаган, тапкан буюмдан

Калбады бирөө ырымга”.

Бирок ошол эле 1920-жылдары Жусуп Абдыракманов Кыргызстандын Орусияга теңата союздук республикага айлануусу үчүн пайдубал түптөп, оболу Кыргыз АССРин уюштурууга салым кошкондугу, сталиндик режимдин туура эмес айрым саясатын сынга алып, ал түгүл азык-түлүк саясатын эл кызыкчылыгында жүргүзүүгө да умтулгандыгы эгемендик доордо гана жалпыга маалым болду.

Эгерде Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдыракманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов жана башка мамлекеттик ишмерлердин калыстыктан тайганы далилденген фактылар бар болсо, аларды да архивдик маалыматтын негизинде ачыктоо керек. Андан бул залкар кишилердин кадыр-баркы кемейип калбайт, анткени алар да сталиндик режим маалында бийликте турган төбөлдөр болгону, ушул эле режимден запкы чеккени чын.

1931-32-жылдары нагыз өлүмдөн качып, Кытайдын чек арасынан өткөн чакта, залкар тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков айтылуу басмачылардын тобунун башчысы Жаныбек казынын кошуунуна тутулган экен. Оболу аны өлтүрүп салмакчы болуп, андан соң анын илимдеги салымдары тууралуу үйрөнгөндөн кийин, Жаныбек казы тарыхчы Осмоналыга сый-урмат көрсөтүп, ал түгүл алтын белек кылып, аман-эсен Текес жакка өтүп алууга кеңеш берет.

Батыш Кытайга жазалоочулук милдетти аркалап тымызын барган НКВДнын бир желдети Текес жактан Осмоналыны өлтүрө турган, алиги корбашы берген алтынды ага парага берип, Осмонаалы жан соога сурап, аман калат. Залкар тарыхчы чет жерде 1942-жылы өз өлүмү менен эле бул дүйнө менен кош айтышкан.

Мында, деги, биз адатта желмогуздай көрүп жүрчү басмачы Жаныбек казы оң каарманбы, же “адилеттик үчүн гана күрөшкөн” деген алиги жемкор чекист оң каарманбы?

Демек, ар бир тарыхый инсанды ал өз турмушун кандайча кечирсе, дал ошондой кылып объективдүү сыпаттоо алгылыктуу.

Кыргызстан – сталиндик доордогу репрессиялардын курмандыктарына багыштап “Ата-Бейит” эскерүү жайын ачкан постсоветтик өзгөчө өлкө.

Асыресе, 1991-жылдын баш оона (август) айынын 30унда бул эстелик жайдын расмий ачылгандыгы, эртеси күнү Кыргызстандын Жогорку Кеңеши бул жумуриятты көз каранды эмес мамлекет катары жарыялагандыгы – бири-бирине байланыштуу символдук окуялардан болуп калды: жазыксыз мерт кылынган бабаларга таазим кылуу аркылуу эгемендикти расмий жарыяладык.

"Ата-Бейит". 07.11.2017.
"Ата-Бейит". 07.11.2017.

Албетте, азыр да Кыргызстандын төбөлдөрүн “Ата-Бейитке” барып, эскерип жаткандай түр көрсөттү деп сындагандардын Интернеттеги айрым постторун көрүп, кээде күлкүң да келет: бүгүнкү төбөлдөр сталиндик репрессиялардын курмандыктарын эскерип, гүлдесте койбой койсо, анда ошол эле авторлор “эмнеге чоңдорубуз “Ата-Бейитке” барбай коюшту?” деп мыйзам ченемдүү сындап чыгышмак.

Муну азыркы бийликти курулай жактоо үчүн эмес, тескерисинче, бабалар тагдырына калыс баа берген иш-аракетти андан ары тереңдетип, өлкөдөгү жашыруун архив фонддорун толук ачыктоого кол кабыш кылууга аларды чакыруу үчүн жазып жатам. Анткени бул – урпактык жалпы иш.

Ата-бабалардын арбактары бүгүнкү муундарды кечиримдүүлүккө гана үндөбөстөн, тарыхтагы чындыкты калыс чагылдырууга да чакырышат деп ойлойм. Чындыкты айкын билүү – ынтымактын өбөлгөсү. Бул жаатта биздин көч токтоп калган ордунан жаңы гана козголуп жатат дешке аргасызбыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG