Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Таласта Алиясбек Алымкуловго айкел тургузулду


Таластын Бакай-Ата районунда аттуу-баштуу 20 кишиге тургузулган айкелдин ачылыш аземи болду. 10-ноябрь. 2018-жыл.
Таластын Бакай-Ата районунда аттуу-баштуу 20 кишиге тургузулган айкелдин ачылыш аземи болду. 10-ноябрь. 2018-жыл.

Бүгүн, 10-ноябрда Таластын Бакай-Ата районунда аттуу-баштуу 20 кишиге тургузулган айкелдин ачылыш аземи болду.

Алардын арасында социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров, мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкулов жана авиация тармагында эмгек сиңирген Кубанычбек Козубеков сыяктуу көзү тирүүлөр да бар.

Жергиликтүү бийлик кабарлагандай, айкелдердин ачылышына жалпысынан 3 млн. сомго жакын каражат кеткен. Акчаны айкелди жасалган адамдар, алардын жакындары жана демөөрчүлөр берген.

Иш-чарага облустагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев, Таластын мурдагы губернатору Даир Кенекеев катышты. (AlS)

XS
SM
MD
LG