Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:26

Элге сиңе элек Эскерүү күнү


"Ата-Бейит" мемориалдык комплекси.
"Ата-Бейит" мемориалдык комплекси.

Кыргызстанда быйыл алгачкы жолу Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө.

7-8-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп жарыялоо тууралуу чечим былтыр мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен кабыл алынган.

Постсоветтик аймакта акыркылардан болуп Кыргызстанда майрам болуп эсептелген Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө боюнча экс-президент мыйзам долбоорун сунуш кылып, парламент аны колдогон. Анын негизинде 7-ноябрь Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган.

“Ата-бабаларды эскерүү” дегенде Үркүн деген аталыш менен белгилүү 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү каралган. Себеби мындан 80 жыл мурун 5-8-ноябрь аралыгында Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов сыяктуу "эл душманы" деп жалаа жабылган 138 адам атылып, кийин сөөгү Чоң-Ташта табылган эле.

Былтыр парламент тиешелүү мыйзамды 22-ноябрда кабыл алгандыктан быйыл бул күндөр расмий түрдө алгач ирет белгиленүүдө. Бул жолу "Ата Бейит" комплексинде эскерүү иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик өкүлдөрү катышты. Анын жүрүшүндө репрессия менен Үркүндүн курмандыктарына гүлчамбар коюлду.

Президент бул күнгө карата тараткан билдирүүсүндө сталиндик репрессиянын курмандыктарына басым жасап, өлкө жарандарын тарыхты унутпоого чакырды:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Тарыхты терең түшүнүү жана анын сабактарын эске алуу менен гана Кыргызстан келечекте өнүгүүнүн багыттарын туура аныктайт, болочок муун үчүн бекем негиз түзөт, азыркы дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун ээлей алат. Биз ар бир улуттун өз тарыхын жана маданиятын окуп-үйрөнүүгө, жайылтууга умтулуусун урматтайбыз жана колдойбуз. Ошол эле учурда ар бир кыргызстандык өзүнүн диний ишенимин жана улутун унутпай, эӊ оболу Кыргызстандын жараны экенин аӊдап түшүнүп, аны менен сыймыктангыдай шарт түзүү зарыл.

Мындан сырткары өлкөнүн аймактарында бул күнгө карата эскерүү иш-чаралары өткөнү кабарланды.

Анткен менен коомчулукта “Жаңы майрам кандай белгилениши керек?” деген талкуулар токтой элек. Себеби өлкөдө төрт күн катары менен эс алуу күндөрү болуп жарыяланса да “Бул күндөрдүн мааниси эмнеде, майрам алкагында эмнелерге көңүл бурулушу керек?” деген суроолорго ачык жооп жок.

Тарыхчы, коомдук ишмер Алмаз Кулматов бул күндүн мааниси Эгемендик майрамы менен тете болушу керек деген пикирде.

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

- 1937-жылы Кыргызстандын аймагында атылгандар союздук масштабда куугунтукка кабылган, репрессиялангандардын арасынан өзгөчөлөнүп турган жагы бар, - дейт ал. - Буларды жаңы доордогу кыргыз мамлекетин жаңы формада калыбына келтириш үчүн күрөшүп жатып курман болгон муун деп билишибиз керек. Ошондуктан аны эскерүү, эстутум күнү катары белгилөө абдан маанилүү. Анткени ушул аркылуу биз өз эгемендигибиздин баркын билип, жаңы муунга да үйрөтө алабыз.

Ал эми саясатчы Эмилбек Каптагаев бул күндүн алкагында сталиндик репрессиянын курмандыктары боюнча изилдөөнү улантып, тарыхый тактыкка умтулуу зарыл деп эсептейт.

- Колго тийген тизме боюнча бир эле Ысык-Көл облусунда алты миңден ашык адам репрессияланганы маалым, - деди саясатчы. - Андыктан ошол кезде куугунтукка туш болуп, атылып, жок болуп кеткендердин, абакка кесилгендердин аты-жөнүн, дайын-дарегин такташ керек. Айрымдар азыркы мезгилге чейин көз жаздымда калышы мүмкүн. Мамлекет ушул күндөрү дал ушул жагынан тактык киргизип, конкреттүү изилдөөлөр менен алек болушу керек.

Чынында эле өткөн кылымдын 30-жылдарындагы сталиндик репрессиянын масштабы боюнча талкуулар жүрүп келет. Буга чейин Кыргызстанда 40 миң адам репрессияланганы айтылып жүрсө, бул жолу президент Сооронбай Жээнбеков коопсуздук органдарынын архивине таянып, Кыргызстандын аймагында 20 миңден ашуун адам репрессиянын курмандыгы болгонун жарыялады.

Ошондуктан айрым адистер бул майрам коомчулукта кеңири белгилениши үчүн бир катар аракеттер зарыл экенин айтып келишет. "Полис Азия" талдоо борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаеванын айтымында, бул күндү “майрам” деп календардык мүнөздө гана жарыялап койбой, анын маани-маңызы, формасы боюнча ойлонуу зарыл. Антпесе жалпы элдик эскерүү күнүнө айланышы кыйын.

Элмира Ногойбаева.
Элмира Ногойбаева.

- Азырынча 7-8-ноябрь кандай ритуал менен белгиленет, эмнелер болушу керек - булар жөнүндө түшүнүк кире элек, - дейт талдоочу. - Эң коркунучтуусу - өз тарыхын билиши керек болгон жаш муун көптөгөн суроолорго жооп таба албай жатат. Жөн гана дем алыш күнү катары кабыл алып жатат. Ошондуктан бул боштукту толтуруу зарыл.

Ошол эле кезде бул майрамды ойлонулбай туруп чалкеш кабыл алынган чечим катары сыпаттагандар да бар. Маселен, тарых илимдеринин доктору Акылбек Жуманалиев Октябрь революциясынын жеңишинин ордуна Тарых күнү деп жарыялоону колдобойт.

- Октябрь революциясын кыргыз эли үчүн жокко чыгаруу туура эмес болуп калды, - дейт ал. - Себеби ошол кезде артта калган элди дал ушул совет бийлиги билим берип, өнүктүрүп, цивилизациялуу дүйнөнүн катарына кошту. Ошондуктан муну четке кагып, жок кылып, алмаштыруу боюнча чечим кандай кабыл алынып калганы мен үчүн түшүнүксүз болуп калды.

7-ноябрды Тарых күнүнө айлантуу боюнча Кыргызстандын жетекчилигинин чечимине былтыр орусиялык айрым депутаттар нааразылыгын билдирип чыгышкан эле.

Кыргызстанда расмий белгиленген 13 майрам бар, буга байланыштуу жарандар бир жыл ичинде 20 күндөй эс алышат. Ал эми май айындагы майрамдар удаа келгендиктен эс алуу беш күнгө чейин созулуп кетет.

Ушундан улам өлкөдө эс алуу күндөрүн, мааракелерди азайтуу боюнча демилгелер кез-кез көтөрүлө калып жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG